Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:02

Бүгүн жарыкка чыккан гезиттердин баары маркум Медет Садыркуловду мыкаачылык менен өлтүргөндөрдүн бети ачылганы тууралуу Ички иштер министрлигинин жетекчилери журналисттерге берген маалыматты жазып чыкты.

“Де-факто” гезити жаңы санын “Медет Садыркуловду өлтүрүүгө Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик күзөт кызматкерлери катышкан. Жаныш Бакиев заказ кылган!” деген аталыштагы Мелис Совет уулунун баяндамасы менен ачты.

“Кылмыштын бетин ачууда көптөгөн күбөлөр суралгандан кийин 17 адам камакка алынды. Катыштыгы бар деп 26 адам тизмеге кирди. Садыркулов менен Слепченкону жана алардын шоопуру Сулаймановду өлтүргөндөрдүн башында Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы начальниги, полковник Айбек Абдразаков турган. Милиция башчыларынын айтымында, бул башталышы гана, эми калгандары чубалат...”

Гезит андан ары Садыркуловду жок кылуу үчүн Жаныш Бакиев оболу кримавторитет Алманбет Анапияев менен Ички иштер министрлигинин полковниги Айбек Абдразаковго тапшырма бергенин, Садыркулов казак чек арасынан өтөр замат токтотулуп, өлкөнүн башкы чек арачысы Замир Молдошев анын келгендиги тууралуу дароо Жаныш Бакиевге кабарлаганын, андан кийин аларды президенттин иш башкармалыгынын башчысы Курманбек Темирбаевдин дачасына алып келишип, ал жерде Жаныш Бакиев менен Медет Садыркуловдун ортосунда бир сааттай сүйлөшүү болгонун, анан мамлекеттик күзөттүн эки кызматкери Садыркуловдун эки колун артка кайрып, милициянын полковниги Айбек Абдразаков тросс менен муунтуп өлтүргөнүн, ушунун баарын көрүп турган Слепченко менен шоопур Сулайманов “бизди өлтүрө көрбөгүлө” деп суранганына карабай аларды да так ушундай жол менен тындым кылышканын, андан кийин өлүктөрдү машинанын артына отургузуп, жолго алып чыгып өрттөп жиберишкенин жазып чыкты.

Ушунун эле жанына генерал Мелис Турганбаевдин “баары Жаныш кестиртип жөнөткөн кулак менен сөөмөйдөн башталган” деген ат менен маеги басылып, кулак менен сөөмөйдүн бетин ачкандан кийин аны кызматтан алып салышканын, бирок бул иштин көчүрмөсүн өзүнө сактап калгандыктан, ишти кайра көтөрүп чыгып, адамдын төбө чачын тик тургузган ушул кандуу окуянын бетин ачып чыгууга мүмкүн болгонун айтып берди.

Маектин аягында кандуу окуяны аткаргандардын аты-жөнү, алардын ким болгондугун тастыктаган тизме жарыяланды.

“Де-фактого” айтылуу композитор, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун “Эсимде” аттуу жаңы жазып бүткөн китебинен үзүндү жарыялана баштады.

“Параграф” гезитине Жогорку Кеңешти, ошону менен бирге эле бийлик башындагыларды сынга алган макалалар, президенттикке талапкерлигин коюп, бирок эне тилинен кулап калган Мамбетжунус Абыловдун “Кыргыздын духу жашаган Токтогулда туулуп-өссөм, кыргыз тилин кантип билбейм” деген,

депутат Турсунбай Бакир уулунун “Беш, алты күчтүү талапкер гана калат” деген,

“Кыял” бирикмесинин башкы деректири Султанбек Макашевдин “Кыялды” тартып алалы, кийин сатып жиберебиз” деген эле максатта болуп жатат” деген, “Кыргызстанды кумар оюндары курутат” деген макалалар менен маектер жарык көрдү.

“Учур” гезити майда маалыматтарынан кийин журналист Бермет Букашеванын “Дүйшөбаевдин кой дээр кожосу жокпу?” деген макаласын тартуулады. Журналист Улуттук коопсуздук комитет башчысынын ишмердигин, өлкөдөгү кадр маселесин сынга алды.

Саясый серепчи Турат Акимов президент болом дегендердин тилин эмес, дилин текшериш керектигин айтса, академик Жамин Акималиев баалар өскөнүн, эл мүшөктөп алчу кумшекерди килограммдап, килдеп алчу этти граммдап алып калганын, баа кымбаттары менен аны жасалма жолдор менен андан ашыра кымбаттаткан ортомчу, алып сатар дегендерге бийлик тарабынан эч кандай чара колдонулбай келатканын кан какшап, “өкмөт эшек такалап отурабы?” деп ачууланды.

“Асман преss” гезити бул санын “Ар-намыс” фракциясынын айланасындагы пайда болгон талаш-тартыш тууралуу фракциянын лидери Феликс Куловдун, депутат Акылбек Жапаровдун, депутат Токон Мамытовдун жана саясий серепчи Токтогул Качекеевдин ойлоруна орун берди.

Аталган гезит “Саясат, ыйман жана жаштар” деген теманын алдындагы окурмандардын суроолоруна берген депутат Турсунбай Бакир уулунун жоопторун тартуулады.

“Айгай” гезити журналист Жолдошбек Токоевдин “Кыйналган эл. Куу сакалдар. Мите доор. “Улуу курултай” жөнүндө” деген макаласын жарыя кылды. Автор аталган макаласында курултай тууралуу сөз кылып, курултай койгон маселелердин бири да суу кечпестигин, курултай бийлиги орной турган болсо ири алды менен ага кыргыздын эң чоң уруулары толуп аларын, өткөн кылымдын ортосунда француз сынчысы Этьен Ален: “Таза адамдар коомун ачарың менен ага жалаң шылуун менен ууру-кескилер толуп алат” деп айтканын эске салды.

“Айгай” гезити көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу макала тартуулады.

Гезит андан ары президенттикке талапкерлер жөнүндөгү эл арасындагы сөздөргө орун берди.

Күлчоро Кабыловдун “Чаушески менен Бакиевдин айырмасы неде?” деген макаласын окууга болот.

Эми кайрадан “Де-факто” гезитине келели. Гезит "Ар-намыс" фракциясынын башчысы Феликс Куловдун “Жапаровго боорум ооруса, боорго тепти” деген жана депутат Акылбек Жапаровдун “Жарыктык киши, мынчалык катуу кетпей эле койсо болот эле” деген маектерин, депутат, акын жана жазуучу Каныбек Иманалиевдин “Манас касиети” деген макаласын окурмандардын ой элегине салды.

“Президенттин үй-бүлөсүн мамлекет коргошу керекпи?” деген суроого Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев:- Эгер биз стабилдүү мамлекет болсок, президентти эле кайтарып турсак жетиштүү болмок, бирок Жогорку Кеңеш анын үй-бүлө мүчөлөрүн кайтарууну алып салуу мыйзамын кабыл алды. Мыйзам күчүнө кирсе президенттин уулу кайтарылбайт,-деп,

депутат Өмүрбек Абдрахманов: - Абдан туура болду. Ким үй-бүлөсүнөн корксо президенттик кызматка барбай эле койсун. Мурда Акаев, Бакиевдер чубалжыган кортеждер менен жүрчү, азыр карасаң президент да, өкмөт башчы да, Жогорку Кеңештин төрагасы да ошондой кортеждер менен жүрүп калды,-деп,

депутат Исмаил Исаков: - Парламенттик республикаларда президенттин үй-бүлөсү коргоого алынган эмес, ал эми бизде коргоо президент менен кошо уулуна да берилген, эгер мыйзамга кол коюлса уулунан ал коргоо алынып салат. Анын үстүнө президенттин мурдагыдай ыйгарым укуктары жок. Чоң ыйгарым укук өкмөт башчысына берилген. Биз мамлекет тарабынан коргоону президенттен алып салсак, ошондо ар бир мамлекеттик жетекчи таза иштегенге аракет кылат,-деп жооп берди.

Тажикстанга ташылып кеткен мунай майынын айланасындагы бүйүр кызыткан окуя тууралуу депутат Данияр Тербишалиевдин маегинде кеп болду.
XS
SM
MD
LG