Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Кыргыздын дагы бир “ыйманын” жерге бердик


Мелис Эшимкановду акыркы сапарга узатуу, 18-сентябрь.
Мелис Эшимкановду акыркы сапарга узатуу, 18-сентябрь.

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин бардыгы эки күн мурда акыркы сапарына узатылган маркум Мелис Эшимканов тууралуу жазып чыгышты.

“Муздак көрдү кала бердиң кучактап,
муң-зарыңды ошол жактан тапкандай...”
деген ыр саптарын баштема кылган “Фабула” гезити Мелис менен коштошуу зыйнатынан жазылган Мирлан Алымбаевдин репортажын сунуш кылды.

“Фабула” гезити андан ары Жаныш Бакиевдин “заказы” менен Пастухов деген үй-жайы жок, кудайдын жазыксыз пендесинин кулак, колун кескилеп, бирөөгө белек кылып мазактагандар кармалганын, бул шумдукту жасаган делген Свердлов райондук милициянын кызматкери Т. Маматов Москвадан колго түшүрүлгөнүн, бул ишке шектүү делген Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы, полковник Медетбек Маметов сурак берип жатканын, айта кетчү жагдай бул адамдар Мелис Турганбаев тарабынан ошол окуядан көп узабай эле камакка алынганын, бирок бийлик Турганбаевди кызматынан айдап, кулак кескендерди Свердлов райондук сотунун судьсы, качып жүргөн генерал Мурат Суталиновдун карындашы Гүлнара Суталинова, Бишкек шаардык сотунун судьялары М. Жакыпов, Ж. Жакыпбердиева, И. Воронцовалар сүттөн аппак кылып актап салганын жазып чыкты.

Журналист Баратбай Аракеевдин бул жолку макаласы “Кол тийбес депутат... Рысалиев, Турганбаев жана бандит полковник” деген аталыш менен жарык көрдү.

Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Эл өкүлдөр палатасыбы же эл өкүртөр палатасыбы?” деп аталды.

“Алиби” гезити Бек Мамашевдин шайлоо туралуу макаласында Кыргызстан тагдыр чечер маселенин алдында жашап жатканын, президенттик шайлоонун тагдыры кандай чечилери, мамлекет башына кимиси келери азырынча белгисиздигин белгилеп, 20 жылдан берки жасалгандарга учкай талдоо жүргүздү.

Журналисттер Арсланбек Сартбаев менен Болотбек Таштаналиевдин эскерүүлөрү Мелис Эшимкановго арналды.

Нарындын губернатору Канат Муратбеков Торугарт бажыканасы бери көздөй жылат экен, Сандык, Жетим-Тоо кендери кытайларга сатылыптыр дегендердин баары болбогон кеп экенин сөз кылып, тоолуу Нарын жергесинде жасалып жаткан бүгүнкү жакшы иштерди баяндады.

Таланттуу сүрөтчү Сүйүтбек Төрөбековдун гезит бетиндеги көргөзмөсү менен да ушул “Алиби” гезити аркылуу тааныша аласыздар.

“Де-факто” гезити жаңы санын гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекованын Мелис Эшимкановго коштошуу сөзү менен ачып, анын бир катар калемдештеринин, коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин маркум туралуу айткандарын басты.

“Бакиевдерге таандык болгон “Витязь” эс алуу жайы боюнча кайрылуу” деген рубриканын алдындагы Ысык-Көлдүк жаштардын каты “Садыр Жапаров ошончолук элге күйсө, Бакиевдердин убагында эмнеге унчукпайт?” деп аталды.

Экс-башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин маеги “Тагдырыма, бейкүнөө адамдардын өлүмүнө өкүнөм” деген ат менен жарык көрдү. Сатыбалдиев кабарчынын Медет Садыркулов жана башкалар тууралуу суроолоруна жооп берди.

Кайрадан жарыкка чыга баштаган “Добулбас” гезити бул санын журналист Семетей Талас уулунун казинолор жөнүндөгү макаласы менен ачты. Макала “Кыргызстан – кумарканалардын бейиштөрү”, “Миллиондоп акча табышып, болбогон салык төлөшөт”, “Сулайманов менен Келдибековдун кумарканаларды жаптырууга кудурети жетеби?” деген темалардан турат.

Өлкөдө расмий уруксаты бар 21 казино иштээрин, ага арам акчалары ашып-ташыгандар, пилди чымын ордуна санабаган көпкөн байлар, кумарга азгырылып калган чиновниктер менен карапайым адамдар кирерин мисалга алган журналист депутаттарга кайрылып: “Болгон акчасын кумарга сайып, өзүн бейтаалай кылганы аз келгенсип, үй-бүлөсүн азапка салган, жүз миңдеген кумарпоздордун канына, көз жашына толгон арам пулга байыган казинолордон “чотур” алып турганыңар чын болсо анда жаппай эле койгула. А эгер эркекмин, эл үчүн чыккан эренмин десеңер – жапкыла! Сөздүн акыры ушул” деп жазды.

“Кыргыз туусу” гезити “Мекен чегинде” деген рубриканын алдында журналист Жолдош Турдубаевдин Тажик республикасындагы жергеталдык кыргыздардын ушул кездеги оор абалы жөнүндөгү баянына окурмандардын көңүлүн бурду.

90-жылдардагы жарандык согуштун кесепетинен жергеталдык кыргыздардын 15 проценти Кыргызстанга көчүүгө аргасыз болгонун, бирок көчүп келгендердин жарандык алуу маселеси толук чечиле электигин, 20 жылдан бери Жерге-Талга расмий Бишкектен эчким барып кабар албаганын, кыргыз мектептеринде окуй турган кыргыз тилиндеги окуу китептер жоктугун, акыркы күндөрү чогулуштарда “кыргызча сүйлөбө!” деп кекетип-мокоткон “чоңдор” пайда болгонун, тигил жакта “кыргыздарга кеткиле” деген ишаарат жасалып жатса, бул жакта болсо аларды чек арадан сааган “саанчы чек арачылар” планын ашыгы менен аткарып атканын, айтор акыркы убакта Кыргызстанга көчкөн кыргыздардын саны арбыганын, демек жергеталдыктардын маселесин чечүү үчүн эмне кылуу керектигин кенен кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити ырасмий материалдарды басуу менен бирге президент Роза Отунбаеванын Бишкек жылуулук электроборборун пайдаланууга берилгендигинин 50 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулушунда сүйлөгөн сөзүн жарыялады.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик маанилүү маселелер боюнча Казакстан менен Өзбекстандын бир катар жетекчилери менен жолугушканын маалымдаган гезит “Эксперт эмне дейт?” деген рубриканын алдында саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин ойлорун басты.

Орозбек Молодалиев, кийинки жылдары Өзбекстан менен мамилебиз кыйла солгундап кеткенин, өткөн аптада Алмазбек Атамбаевдин өз коллегасы Шавкат Мирзяев менен жолугуп, бир топ маселелерди талкуулаганынын өзү эле эки өлкөнүн ортосундагы буга чейинки проблемалардын жолго коюлушун түшүндүрөрүн, дагы бир жагдай, Токтогул ГЭСи курулганда, далай айдоо аянттары суу алдында калганын, ал үчүн Советтер Союзу учурунда компенсация беребиз деген убадалар болгонун, тагыраак айтканда кошуна республикаларга берилген суу үчүн Өзбекстан газ, Казакстан көмүр берип турмай болгонун, бирок тилекке каршы бул убадалар аткарылбай келгенин, бүгүн ушуларды жөнгө салуу керектигин, Казакстандын өкмөт башчысы “электр энергияны сатып алалы, анын ордуна силер суу берип тургула” деп маселени чечип кеткенин, эми Өзбекстан менен деле ушул өңдүү чечим болорун кеп кылып берди.

Журналист Жыпар Исабаеванын республиканын Интеллектуалдык менчик кызматынын деректири Ажибай Калмаматов менен маеги, профессор Курманбек Токтоналиевдин “Манас” - ыйык китеп” деген иликтөө макаласы да “Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санында.
XS
SM
MD
LG