Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Орус тилдүү “Дело №...” гезити Жаныш Бакиев башында турган банданын башкесер жырткычтыгы кандайча болгонун баяндаган макалалардын топтомун жарыя кылды.

“Кыргыз президентинин мурдагы аппарат башчысын, болгондо да өлкө башчысынын карачечекей бир тууганы Жаныш Бакиевдин жетекчилиги менен генералдар, полковниктер жана бандиттер өлтүргөндүгү анык болду. Биз Кыргызстандагы мындай мыкаачылыкты милиция эч качан ачалбайт деп ойлогонбуз” деген сөздөрдү баш тема кылган “Дело №...” гезити бүгүнкү санына Медет Садыркуловдун окуясына байланышкан макалалардын топтомун жарыялады.

Кандуу окуянын кандайча болгонун элестетип, ага күч органдарынан кимдер, уюшкан кылмышкерлерден кимдер катышканын баштан аяк тизмелеп, алардын аты-жөндөрүнөн бери жазып чыкты.

- Мунун эмнесине таң каласыңар? Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматына келери менен бул кызматка нормалдуу кишилерди жыйнаган деп ойлойсуңарбы? Күзөт бөлүмүндөгүлөрдүн көбү уюшкан кылмыштуу топтордун мурдагы мүчөлөрү болгон. Президент Курманбек Бакиев иниси Жаныш Бакиевди Мамлекеттик күзөт бөлүмүнүн башчылыгына дайындагандан бир айдан кийин анын капкаяктагы каракчыларды топтой баштаганы тууралуу маалыматтар мага келе баштаган. Демек ошондон тартып эле мындан ары Жаныш Бакиев башкарган Мамлекеттик күзөт кызматы бизнес кылгандардын жүрөк үшүн алып, бийликке жакпаган саясый ишмерлердин көзүн тазалай турган “кызмат” катары түзүлгөнү түшүнүктүү болгон,-деп айтты мына ушул кандуу кылмыштын бетин ачкан генерал Мелис Турганбаев.

“Дело № ...”
гезити “Кийинкиси кимдер?” деген теманын алдында Медет Садыркуловдун Жаныш Бакиев колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн жашыргандыктары үчүн балким Адахан Мадумаровго, Элмурза Сатыбалдиевге жана Молдомуса Конгантиевге кылмыш иштери козголушу мүмкүндүгүн жазып чыкты.

Гезит ошону менен бирге ушул жана башка киши өлтүрүүлөргө түздөн түз байланышы бар үчүн качып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсүн – Медет Садыркуловдун “Лексусун” сүзүп, ошондон өрттөнүп өлдү дегендин күнөөкөрү делген Өмүрбек Осмоновдун көзүн тазалаган Сыдык Борбуев, Ош облусунун “смотрящийи” болгон Кадырбек Досонов жана Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон Чыңгыз Жумагулов тажикстандык кесиптештери менен бирдикте Кыргызстандын Уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Милициянын генералы Мелис Турганбаевдин айтуусунда үчөө тең Бириккен Араб Эмираттыгы тарабынан депортация болуп, же бизче айтканда айдалып чыгып, анан Ооганстан аркылуу Тажикстанга келип, Дүйшөмбү шаарынын подвалдарында жашынып жүргөн жеринен кармалды.

Эми бул үчөөнү Кыргызстанга жөнөтүү боюнча документтер Тажикстанга жиберилгенин, ушул айдын аягында алар Кыргызстанга алынып келинерин, булар аркылуу дагы далай кылмыштардын бети ачыларын, депутаттар Руслан Шаботоев менен Санжар Кадыралиевдин өлүмү да жогорудагылардын колу менен жасалышы мүмкүндүгүн айтты.

“Генерал Турганбаев ошону менен бирге эле Бириккен Араб Эмираттарынын түрмөсүнөн эч кайда чыгып кетпөө талабы менен бошотулган Камчы Көлбаев жана Алманбет Анапияевди Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси 20-сентябрда караларын билдирди” деп кабарлады “Дело №...” жумалыгы.

Аталган гезит өз архивине кайрылып, президент Бакиевдин иш башкаруучусу болуп иштеген Курманбек Темирбаевдин мурдагы балдар бакчасын сүздүртүп салып, ордуна салган дачасынын, анын бийиктиги эки метрден ашкан дубалынын, Садыркулов, Слепченко жана Кубат Сулайманов өлтүрүлгөн бастырманын, Жаныш Бакиевдин жакын санаалаштары менен бийлеп-куунап, ичип аткандарын баяндаган сүрөттөрдү тартуулады.

“Дело №...” булардан тышкары “Кыргыз Кызыл Айы” үчүн кармаш уланууда. Буга өкмөттөн бирөө кийлигишпесе болбой калды окшойт” деген темада журналист Артем Петровдун макаласын жана “Менин эч кандай тиешем жок” деген ат менен Кыргызстандын вице-премьер-министри Шамил Атахановдун маегин жарыялады.

“Кереге” гезити кечээ Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер болушкан Н. Түлеевди, А. Абышевди, У. Сооданбековду жана К. Арабаевди каттоодон баш тарткан. Боршайкомдун мүчөсү Канат Абдукадыровдун айтымында, аталган талапкерлер кол топтоо нормаларын туура эмес толтурушкан. Маселен Нариман Түлеевдин бир эле папкасындагы 4500 колдун 125и гана туура болуп, калганы туура эмес болуп чыккан.

“Кереге” гезити Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбековдун “Тил билбегендер үчүн административдик жаза болуш керек” деген ат менен маегине орун берди.

Тил комиссиясынын төрагасы келе жаткан 23-сентябрь - мамлекеттик тил күнү экендигин, ошондуктан бул күнү Бишкектеги опера жана балет театрында салтанатуу иш-чара өткөрүлөрүн, көп маселе боюнча ошондо сөз болорун кабарлады.

Айыл чарбасынын азыркы абалы тууралуу кабарчы Элизат Турсунованын макаласында баяндалды.

Казино жана оюн автоматтары туурасында Кадырбек Темир аттуу автордун макаласын жарыялаган “Кереге” гезити, Кыргызстан аркылуу кете турган наркотрафиктин жолуна ыңгайлаша жайгашкан кумар оюндарынын көзүрү эсептелген М-Set Group финансы холдингинин шылуундарынын жана өкмөттөгү наркобизнес менен шугулдангандардын тизмеси АКШнын Федералдык чалгындоо кызматы тарабынан АКШнын Кыргызстандагы элчилигине жиберилгенин, бул маалымат азыркы өкмөттөгүлөрдүн анык жүзүн ачууга карата жасалган биринчи кадам экендигин белгиледи.

Ушул эле санда гезиттин башкы редактору Азамат Кыязовдун Мелис Эшимкановду эскерүү макаласы, “Улуттук китепкана Бакашеванын менчигиби?” деген аталышта улуттук китепкана кызматкерлеринин атынан авторлугун көрсөткөн Рысбек Жандыбаевдин жана “Кыялга” ким кыялын көргөзүүдө?” деген аталышта жамааттын атынан Замира Саткееванын аты коюлуп жазылган каттар жарык көрдү.

Гезит Татар республикасындагы кыргыз улутунун маданият жана ынтымак коомунун төрагасы Бейшенбек Муканбетовдун маегин окурмандарга тартуулады.

Бейшенбек мырза мындан 20 жыл мурда Татар өлкөсүнүн борбору Казань шаарына окууга барып, ошол жерден туз буйруп, татар кызына үйлөнүп, очор-бачар болуп, туулган жерине ана келем, мына келем жатып, орун очок алып, биротоло жашап калганын, алгачкы жылдары Татарстандын борборунда 1500гө жакын кыргыз болсо, кечээки Ош окясынан кийин кыргыздардын саны алты миңден ашып кеткенин, көбү жарандык алып, үйлүү-жайлуу, оокат-кечелүү болуп, татарлар менен тең укукта, кадимкидей жашап жатканын, Татарстандын мамлекеттик жетекчилери, бийликте иштегендери элдин кызыкчылыгы үчүн иштээрин, биздегидей көралбастык, кыйынына ор казмай дегендер жоктугун, татар эли калк катары да жогорку маданиятуу, меймандос, сыпайы, билимдүү эл экендигин кубануу менен баяндап берди.
XS
SM
MD
LG