Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Басма сөз: Жоолуктан башкасы да толтура


Гезиттер окурмандарды өлкөдөгү ар кайсы жагдайдагы окуялар менен кабарлады.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Баткенде жолго болгон көз карандылык жоюлат”, “Кыргызстан электр энергиясын Түштүк Азияга экспорттойт”, “Кыз кезинде жоолук салынган кыргыз салтында болгон эмес” деген баштемалар менен ачты.

“Азыркы учурда көңүл чордонун жоолукка бургандан көрө, ыйман, адеп-ахлакты туу тутчу уюмдар мектептеги рэкетчилик, тамеки тартуу, ичкилик ичүү, жаш кыздардын денесин сатуу жана башка толгон – токой кедергилер менен күрөшүү маселесин алып чыгышса болбойт беле. Эмне үчүн мындай уюмдар жаштарды адепке чакырган ушундай иштерди жүргүзбөйт” деген “Кыргыз туусу” гезитинин суроосуна:

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова: - Мен Кудайга ишенем, бирок мектепке барган кыздын жоолук салынганына каршымын,-деп,

Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева: - Жоолук салынбай туруп деле Кудайды, ыйманды жүрөккө сактаса болот. Жоолук салынуу билим алууга, коомдогу берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга тоскоол болот,-деп,

Арабаев атындагы университеттин студенти Бактыбек кызы Айгерим: - Мен жоолук салынганды жактайм,-деп,

Бишкектик Айжамал Орозбаева: - Мен жаш кезимден бери намаз окуйм. Кыз кезинде жоолук салынган салтыбызда болгон эмес,-деп жооп берди.

“Кыргыз руху” гезити бул санын журналист Азизбек Келдибековдун “Кыргыз саясатынын “бомонддору” же “боосу сенде мен катынган жүгөндүн” жана саясатчылардын өзгөчө аракеттерин жиликтөөгө алган “Бешбармак” аттуу макалалары менен ачып, Эмил Каптагаев, Жаныш Бакиев, Садыр Жапаров, Токтогул Туманов, Арслан Малиев тууралуу жазып чыкты.

Бириккен Уулуттар уюмунун сессиясына катышкан Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын маеги кыргыз тилине которулуп жарыяланды.

Ушул эле “Кыргыз руху” айрым атуулдарга кайрылып, “Бакиевдин келишин кимдер каалайт?” деген суроону койду.

Жумакадыр Акенеев: - Бакиев эмес, Акаев да келе албайт. Эл аларды киргизбейт. Бийликке элге таанымал, кадыр-баркы бар, түндүк-түштүк деп бөлбөгөн адам келиши керек,-деп,

Кубанычбек Идинов: - Бакиевдин кайра келиши мүмкүн эмес,-деп,

Мукар Чолпонбаев:- Бийликке Бакиевдин өзү же үй-бүлөсүнүн бири эмес, анын койгон кишилери келиши мүмкүн,-деп,

Табылды Акеров:- Бакиевдер бийликке өзү же жакын адамдарынын бири келбей калса, түндүк-түштүк болобу, улут аралык болобу, бир жаңжал чыгарып жиберүүнү көздөйт,-деп жооп берди.

“Кыргыз туусу” борбор шаарды Манас шаары деп атоо боюнча ой-пикирлерди улантып, бул ирет белгилүү публицист Кубан Мамбеталиевдин “Бишкекти Манас десек тарыхты бурмалайбыз” деген маегин жана экс-депутат Бактыбек Максүтовдун “Борборубуз Манас шаары деп аталса” деген макаласын сунуш кылды.

Жазуучу Самсак Станалиевдин тарыхка айланган тагдырларды иликтөөгө алган баяны “Ишеналы Арабаев өзүн - өзү өлтүргөнбү?” деген ат менен жарык көрдү.

Ошондой эле “Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санында атактуу ырчы, Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынованын 70 жылдыгына арналган Билим Карагуловдун “Күмүштөй шыңгыр, сендеги үндүн жыргалы ай!” деген аталыштагы макаласы бар.

“Алиби” гезити үч бетин саясатчылар менен талапкерлердин шайлоо алдындагы жүрүштөрүн байкоого алган макала, кабарларга арнап, Бакиев режиминин кысымынан улам чет өлкөгө чыгып кеткен журналист Асран Айдаралиевдин Медет Садыркулов жөнүндөгү маегин тартуулады.

Ушуга улай эле Кубатбек Байболовдун “Садыркулов эскертпегенде, бийлик бизге бирди көрсөтмөк” деген маеги да жарык көрдү.

“Фабула” гезити окурмандарга “Республика” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулаймановдун “Мен башымды алсам да чындыкты айтам” деген маегин сунуштады.

Алтынбек мырза маегинде кумар оюндары боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканын, ушул жылдан тартып казинолор жабыларын, Оштун мэри Мелис Мырзакматов менен эч кандай пикир келишпестиктери жоктугун, Ички иштер министрлиги кылмыштуулукка каршы жакшы иштеп жатканын, ошол эле учурда күйүүчү май үчүн депутат Арапбаевдин күнөөсү жок экендигин айтты.

Ошону менен бирге эле “Фабула” гезитинин кабарчысы Айбек Шамшыкеев ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев менен маек куруп, Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан суроолорго жооп алды.

Кабарчынын:- Мадумаров “Турганбаев ишти жаап койгон, алдын алган эмес, жоопкерчиликке тартылышы керек” деп сизге өз дооматын айтып чыкты, буга кандай дейсиз?-дегенине генерал Турганбаев:

- Мен ушул кезге чейин айтылбаган бир сырды ачыкка чыгара кетейин. Бул кылмышты прокуратурага өткөрүп жатканда, тергөө башкармалыгын жетектеп турган, иштин майын чыгара билген Алтынбек деген кыйын жигитке: “Ишти толугу менен флешкага көчүрүп ал, кийин кереги тийет, кийин бизди көздөй чабуул жасалышы мүмкүн” деп айткан элем, ал жигит менин тапшырмамды так аткарып койгон болчу. Кийин иш мен айткандай эле чыкты. 7-апрелден кийин ишти кайра козгош үчүн Бишкек прокуратурасына кайрылсак: “Ал иштер жок, прокуратуранын имараты менен кошо күйүп кетти” деген жооп болду. Анан баягы көчүрүп койгонубуз боюнча кылмышты толук ачтык. Мадумаров менен эч кандай келишпестигим да, ысык-суугум да жок. Бул шайлоого карата жасалган саясат эмес. Тергөө аягына чыкканча шайлоо да өтөт. Бул иш шайлоодон кийин да уланат,-деп жооп берди.

Жаңы санын окуялардын күндөлүгүн барактоодон баштаган “Жаңы агым” гезити парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу планы түзүлгөндүгү тууралуу каңшаар тарап, мындай пландын “автору” генерал депутат Феликс Кулов деген сөздөр чыга баштаганын кабарлады.

Гезитте “Ылдый тартсаң БШК, өйдө тартсаң талапкер сынат”, “Садыркуловдун, Шаботоевдин, ж.б. башын жуткан “коркунучтуу документ” кайда?”, “Милиция да саясый буйрутмаларды аткара баштадыбы?”, “Депутат Б. Калмаматов Ж. Бакиевдин келгенин эмнеге жашырган?”, “Шайлоо учурунда КТРкны гана көргүлө, чет өлкөлүк каналдар жабык” деген макалалар бар.
XS
SM
MD
LG