Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Басма сөз: Садыркуловдун сабактары


Гезиттер шайлоого арналган макалаларга басым жасоо менен өлкөнүн ичиндеги окуялар тууралуу жазды.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын жалпы шайлоочуларына кайрылуусун бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити аркылуу тааныштырды

Бакиевдин кылмыштуу үй-бүлөлүк кландык режими кулагандан кийинки оор күндөрдү, кандуу окуяларды, эски менен жаңынын кармашын эске салган Текебаев Медет Садыркуловдун өлүмүн иликтөө мурдагы бийликтин анык жүзүн ачканын, Бакиевдин жакындары, бир туугандары аны уурдап, кыйнап, өлтүрүүнү алдын ала пландаштырып, ага түздөн түз катышкандыгын, ошондой эле жогорку кызматтагы мамлекеттик чиновниктер жана генералдар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен кол кармашып иштегенин тергөө аныктаганын, Бакиевдердин мындай режими мамлекетти кылмыш уюмуна, мафияга айлантканына басым жасады.

Текебаев ошону менен бирге эле бүгүн так ошол эски режимди кайрадан калыбына келтирүү коркунучу мурда болуп көрбөгөндөй реалдуулуктун босогосунда турганын, анткени мурдагы президенттин жанында жүрүп, кылмыштуу үй-бүлөлүк режимге берилип кызмат кылган саясатчылар да президенттикке талапкерлигин коюп жатышканын, алар алтургай бийликке келсе авторитардык үй-бүлөлүк кландык системаны кайрадан орноторун да жашырбай эле айтып киришкенин, анын үстүнө мындай саясатчыларды колдогондор да аз эместигин, дал ушул кооптуу учурда бардык прогрессивдүү күчтөр биригип, шайлоодо бирдиктүү фронт менен чыгалбай койгон өткөн жылдын катачылыктарын кайталоого акылары жоктугун, ошол катачылыкты кайрадан кайталабоо үчүн өз талапкерлигин президенттик жарыштан алып салганын, ошондуктан бардык тилектештерин заманды, системаны кайрадан артка кайтарууга жол бербөөгө чакырып, шайлоочуларга кайрылуу жасап жатканын жар салды.

Журналист Баратбай Аракеев Бакиев куулгандан кийин бийликке келгендердин кетирген кемчиликтерин санап, макаласын “Бакиевчилер бийликке келсе, Садыркуловго тагдырлаш болорбуз!” деп атады.

“Республика” партиясы Таласта Ала-Тоодой эт тартып, Ала Көлдөй чык кылганын, Өмүрбек Бабанов өзү түптөгөн партиясынын атынан “Өлкө үчүн!”, “Республика үчүн!” деген ураан алдында күркүрөтө той бергенин, 30дан ашык жылкы союлуп, 60 боз үй тигилип, тойго атайылап барган 30 миңдей адамга тамак тартылганын маалымдады.

Тойго катышып келген кабарчы Мирлан Алымбаев андан ары ат оюндарында кимдер жеңишке жетип, акчалай кандай байгелерди утуп алганын да санап чыкты.

Жазуучу Түлөн Акматалиев кара сөз чебери Касым Каимовдун 85 жылдыгына карата жазылган эскерүү баянын “Анарбайдын көпүрөсү-Европага байланыштырган көпүрө” деп атап, таланттуу жазуучунун чыгармачылыгын, чыгармаларын кеңири талдоого алды.

Алмаз Темирбек уулунун ушул эле шайлоо жарышына түшкөндөргө арналган макаласы “Эл элегинен өтчү мезгил эми келди” деген ат менен жарык көрдү.

Кара жаак ырчы Калык Акиевдин эстелиги тургузулгандыгын да ушул гезит жазып чыкты.

“Алиби” гезити президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев тууралуу “Баш кошпойкалышты” деген чакан баянды, саясат таануучу Табылды Акеров менен акыйкатчы Турсунбек Акундун маегин, Бек Мамашевдин “Шайлоолор – элдин ар-намысы менен абийринин күзгүсү” деген макалаларды окурмандарга тартуулады.

“Кыргыз эл акыны Токтосун Самүдүнов 70 жашта”. Мына ушул рубриканын алдындагы акын жана журналист Бергеналы Базарбаевдин макаласы “Байчечекейдин” багына жаралган редактор же Кыргыз эл акыны Токтосун Самүдүновдун бейнесине сүртүмдөр” деп аталды.

Автор арноо макаласын аяктап баратып, турмушта да, чыгармачылыкта да Токтосун Самүдүновдон үлгү алчу асыл сапаттар арбын экендигин, анын чыгармачылыгы акыркы жылдары балдардын сүйүктүү журналы болгон “Байчечекей” менен тыгыз байланышта келатканын, журнал ушу кезде бөбөктөр үчүн мыкты тарбиячынын ролун аткарып жатканын, акындын баскан жолун, адамгерчилик бийик сапатын суктануу менен кеп кылды.

Ушул айдын жыйырма экисинде Чүй-Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде залкар төкмөлөрдүн бири болгон Калык Акиевге эстелик тургузулуп, анын ачылышы болгонун баяндаган макаланы Нурайым Рысмамбетова жазган. Калыктын небереси Розанын, музыка жыйноочу Балбай Алагушевдин жана Улуттук консерваториянын ректору, композитор Муратбек Бегалиевдин Калык Акиев тууралуу айткан сөздөрү “Алиби” гезитинин ушул санында.

“Кыргыз туусу” гезити президенттикке 20 талапкер катталганын кабарлап, алардын аты-жөнүн жарыя кылуу менен бул санын президент Роза Отунбаеванын Бириккен Улуттар уюмунун Ассамблеясынын 66-сессиясындагы жалпы дебаттардын жүрүшүндөгү сүйлөгөн сөзүн “Кыйынчылык менен жетишкен эркиндикке татыктуу болушубуз керек” деген ат менен басып чыкты.

“Быйылкы жылдын 30-октябрында Кыргызстандын эли өткөөл мезгилдин акыркы этабына-республиканын жаңы президентин шайлоого катышат. Кыргызстанда биз бийликти тынчтык жана цивилизациялуу жол менен өткөрүп берүү салтын калыптандырууну көздөп жатабыз. Жалпы улуттук биримдик, мыйзамдын үстөмдүгү, ак ниет башкаруу, жарандардын башкарууга катышуусу, эркин пресса - так ушул жетишкендиктер өркүндөп өскөн жана күч-кубаттуу мамлекет куруунун өбөлгөсү” деп айтты президент Роза Отунбаева.

“Кыргыз туусу” гезитинен андан ары Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун Түркия сапары, расмий багыттагы башка материалдарды окууга болот.

Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын деректиринин орунбасары Каданбай Бактыгуловдун окурмандардын суроолоруна жообу да ушул санда.

Араван районунун акиминин милдетин аткаруучу Пайзилла Мизабарамовдун өзү башкарган аймактын жагдайы тууралуу айткан-дегендери “Эл достугун, ынтымагын чыңдоого басым жасайбыз” деген ат менен тартууланды.

“Кыргыз туусу” гезитине ошондой эле таланттуу акын кыздарыбыздын бири Бактыгүл Чотурованын Сочи кайрыктарынан турган ырларынын топтому жарыялады.
XS
SM
MD
LG