Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Басма сөз: Кан куткарбайт


“Дело №...” жумалыгынын башкы темасы – М. Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан жагдайлар болду.

Бүгүн жарыкка чыкан “Дело №...” гезити журналист Вадим Ночевкиндин “Медет Садыркуловдун саясий өлүмүнүн изи менен...” деген аталыштагы макаласын окурмандарга тартуулады.

Аталган жумалык Медет Садыркуловдун өлүмүнүн “сырын” ачып чыккан генерал Мелис Турганбаевге берген суроолорунун жообун басты.

Генерал ошол жаңы жыл алдындагы күндөрдүн биринде Садыркуловго белек катары берилген сөөмөй менен кулак кимдики болду экен деп Бишкектин ооруканалары менен моргдорун, бүтүндөй Чүй облусун тинтип чыгышканын, 2008-жылдын январынын үчүндө Аламүдүн районунун аймагынан өлгөн кишинин кулагы менен сол колунун манжалары кесилген денеси табылганын, райондук милиция бөлүмү өлүктүн кулагы менен манжаларын түлкү жеп кетиптир деген шылтоо менен кылмыш ишин козгоодон баш тартканын, анан Турганбаев текшерүүгө өз кызматкерлерин жибергенин, иликтөөнүн натыйжасында бул дене “Толик ырчы” деген кошумча аты бар Анатолий Пастухов деген селсаяк адамдыкы болуп чыкканын, ал декабрдын аягында “Аламүдүн 1деги” үйдүн кире беришинде өлүп калганын, сөөктү милициялар алып кеткенин үйдүн тургундары айтып бергенин, анан иликтей келген кезде кулак менен манжаларды кестирген кылмыштын изи Жаныш Бакиевди көздөй алып жөнөгөнүн, ошондон көп өтпөй министрликке дайындалган Молдомуса Конгантиев “кулак-манжа” менен иштеген милийсалардын кээ бирин иштен бошотуп, кээ бирин республиканын чет жактарын көздөй айдаганын, анткени бул чуулгандуу иш Конгантиев Бишкек шаардык милиция башкармалыгын башкарып турганда болгонун, ага кулак менен сөөмөйдү анын кол алдындагы милийсалар кесип келгени ачылып калганы жакпай калганын баяндады.

Андан ары окуя тездик менен өнүгүп, эл арасындагы "кулак менен сөөмөйдү Садыркуловго Жаныш Бакиев жөнөтүптүр, Курманбек Бакиев инисин аябай тилдептир, Жанышты кайсы бир чет өлкөгө элчиликке жөнөткөнү жатыптыр" деген сөздөрдүн баары суу кечмек тургай, Жаныш кайра президент Бакиевдин буйругу менен, болгондо да Мамлекеттик күзөт бөлүмүнүн башчылыгына дайындалганын айтты.

- Жаныш менен Максимдин мамилеси ит менен мышыктай экен деген сөздөр бар эмес беле?- деген суроого генерал Турганбаев, кыргызда тууганчылык деген биринчи орунда турарын, Садркуловдор өлтүрүлгөндөн кийин Жаныш Максимдин үйүнө барып, ал жерде жарым сааттай отуруп чыкканын, Жаныш Бакиев жакында Адахан Мадумаров жана Элмурза Сатыбалдиев менен жолугуптур деген сөз ушактын деңгээлиндеги сөз экенин, эл менен ээн эркин чайлашып отургандай Жаныш акмак эместигин, ал жашырынып жүргөнүн, бирок баары бир кармаларын, анын саясий куугунтук жеген адам эмес, анык кылмышкер экендигин аныктаган документ эми Интерполго жөнөткөнгө даяр болуп калганын айтты.

“Дело № ...” андан ары “Садыркуловдун өлүмү сизди таң калтырдыбы?” деген суроого күч орган тармагынын адистеринен жооп алды.

Саясат иликтөөчү, полковник Токтогул Какчекеев: - Биз 20 жыл бою “сицилиандык демократия” мамлекетин курабыз деп жатып, аз эле жерден Кокон хандыгын куруп ала жаздадык. Кокон хандыгында да бийликке каршы болгон адамдардын көзүн ушинтип кол алдындагы кишилерге тазалаттырып жок кылып турган. Ханга жагыш үчүн жасакерленгендер бардык бети жок иштерди жан дилдери менен жасаган,-деп,

Генерал-лейтенант Токон Мамытов: - Жаныш Бакиевдин киши өлтүргүчкө айланганы элементардык логикага жатпайт. Кудай алдында ушунчалык мыкаачылыкка баруунун кереги бар беле? Генерал болгон адам ушундай кылмышты жасап аткан соң бул адамдын дени-карды мурда эле соо эмес болгон. Садизм анын канында болгон,-деп,

Генерал-майор Марат Иманкулов: - Бакиевдер бийликте узак турарына, каалаганын жасай берерине, кандай иштерди жасаса да бары боло берерине элди, эң биринчи иретте жанындагы жасакерлерин аябай ишендирген. Бакиевдер атайын кызматтарды өз режиминин кулуна айландырган,-деп,

Садыркуловдун үй-бүлөсү жалдаган адвокат Леонид Лужанский: - Мен ушул иш боюнча Башкы прокуратурага келген биринчи күнү эле, эгер бул ишти тереңдеп каза турган болсоң жебе өзүңдү көздөй бурулуп калып жүрбөсүн деп ошо кездеги башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин эскертүүсүн мага анын кишилери жеткиргени эсимде,-деп жооп берди.

“Кереге” гезити да бүгүнкү санында Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан Кадырбек Темир аттуу автордун “Тергөө сенсациялары али алдыда” деген макаласын жарыялады.

Аталган гезит бул кылмыш иши боюнча генерал Р.Раимбердиев бкеринен кармалып, суракка алынбаганын, Раимбердиев кармалары менен алдын ала даярдалып коюлган митингчилери, аны колдоп, плакаттарын алып көчөгө чыкканынын өзүндө эле күмөн сыр жатканын, көрсө Раимбердиев Ички иштер министрлигинин ошол кездеги жашыруун чалгындоо башкармалыгынын, тагыраак айтканда 7-башкармалыктын башчысы болуп турганын, Садыркуловдун өмүрүнүн саналуу күндөрү так ушул башкармалыктын көзөмөлүндө болгонун, Раимбердиевдин кишилери Садыркуловдун баскан-турганын күндүр-түндүр аңдууга алып, аңдыган балдарга Раимбердиев күн сайын доллар менен төлөп турганын, анын адам аңдыгыч “балдары” Өмүрбек Текебаевди, Темир Сариевди, кийин 24 жеринен бычакталган журналист Сыргак Абдылдаевди аңдууга алгандыгын, булар азырынча иштин чекеси гана экендигин шардана кылды.

Макаланын автору андан ары ошол Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан жол кырсыгын иликтөө боюнча “Ак жол” партиясынын алты, коммунисттердин бир депутатынан комиссия түзүлгөнүн, бирок Жогорку Кеңештин комиссиясын Садыркуловдор отурган "Жип" машинасын сүзүп алган Ө. Осмонов менен жолуктурбаганын, комиссиянын мүчөлөрү менен төрагасы жол кырсыгына күнөөлөнүп жаткан адам менен жолукпай туруп, аны сурабай туруп эле “жол кырсыгы” деген бүтүм чыгара салганын, ага бир гана депутат аял колун койбогонун, ошол айым ушу тапта тергөөгө көрсөтмө берүүгө даяр экенин билдиргенин, ошону менен бирге эле Медет Садыркулов тирүүлөй өрттөлбөгөнүн, аны адегенде өлтүрүшүп, андан кийин гана машинадагы шериктери менен өрттөп жиберишкенин, баса кызматтан кеткенден кийин Садыркуловдун эч кандай жан сакчылары болбогонун, болгону эки гана шоопуру болгонун, ушу кезде Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу тергөө иштери күнү-түнү жүргүзүлүп жатканын, андыктан сенсациялуу билдирүүлөр али алдыда экенин жазып чыкты.

“Кереге” гезити “Текебаевдин президенттикке талапкерлигин алдырып салганын кандай баалайсыз?” деген суроо менен кайрылганына

Мукар Чолпонбаев: - Бул кадамга баруу менен кандай болсо да Текебаев эрдик кылды,-деп,

Жыпар Жекшеев: - Жөн эле алып койгон жок. Саясий серепчилердин божомолунда президенттик шайлоодон кийин парламент тарайт деген кабарлар бар. Текебаев ошону билип, кайра шайлоо болсо элдин колдоосуна ээ болуп, Жогорку Кеңешке төрага болуп каламбы деген ой менен талапкерлигин алып жатат болуш керек,-деп,

Жолдошбек Бузурманкулов: - Текебаев алысты көрө билген кыраакы саясатчы. Ал бир нерсени билип туруп алып салды, бирок эң туура кылды,-деп,

Осунбек Жамансариев:- Кандай себеп менин минткенин билбейм, бирок ал талапкер болгон күндө деле элдин колдоосуна ээ боло алмак эмес,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG