Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

Гезиттер шайлоо, шайлоо жарышына түшкөн талапкерлер жөнүндө жаза баштады.

Бүгүн жарыкка чыкчу гезиттердин катарын “Күндарек” аттуу гезит толуктады. Үч миң нуска менен биринчи санын басып чыгарган басылма “Шайлоо башталды: Туйгуналы туура санайбы?” деген баш макала менен ачып, Борбордук шайлоо комиссиясынын Акаев менен Бакиев доорундагы жосундарын элдин эсине алып, ошол учурдагы системанын балкасын соккондордун бири болгон Туйгунаалы мырзанын тууралыгы сынала турган мезгил эми келди деди.

“Де-факто” гезити президенттикке талапкерлер Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров жөнүндө макалаларды басып, дагы бир талапкер Кубатбек Байболовдун “Жол” деп аталган эскермесин жарыялады.

Кыргызстандагы кен адистеринин бири, геология илимдеринин доктору Кубат Осмонбетов өз макаласы аркылуу, ушул күндө чалгындалып жаткан Чаткалдагы Чаарат кени туурасында кеп кылып, чалгындап жатабыз деп коюп, балким алтын казып жатпасын деген күмөн оюн ортого салды.

“Де-факто” гезити “Кыянат” деген рубриканын алдында “№ 64 мектептин ичинде курал сатуу токтогон жок, анын ордуна деректири иштен айдалды” деген макалага окурман көңүлүн бурду. Үстү окуй турган класс, асты курал-жарак жайгашкан мектеп тууралуу 2007-жылы эле ушул басылма аркылуу коомчулукка коңгуроо кагылганын, мектептин алдында атылган мылтыктын үнүнөн класстар солк этип, куралы бар дүкөнчүлөр мектеп деректиринин үшүн алып бүткөнүн, окуу класстарынын астындагы бөлмөлөр алгач спорт кийимдерин саткан дүкөн болуп, анан бара-бара курал-жарак саткан дүкөнгө жана мылтык аткан жайга айланганын, курал-жарак саткан жайдын мектепке жайгашышы туура эместигин далилдөө аракети акыры “Ак шоола” балдар хоруна орун таап бербейсиң” деген шылтоо менен №64 мектептин деректири, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими Токтобүбү Жакупбекованын иштен айдалышы менен аяктагынын баяндады. Бул боюнча айрым мугалимдердин нааразы пикирлери кошо жарык көрдү.

“Апта” гезити жаңы санын “Ахматбек Келдибековдун Түркиядагы сапары” деген баштема менен ачып, Динар Турдугулованын баянын тартуулады. Жогорку Кеңештин төрагасы тураалуу сапар баянда түрк туугандардын Кыргызстандын 51 млн. доллар өлчөмүндөгү тышкы карызын кечип, 10 млн. долларлык грант бермекчи болгону, ошондой эле пайдалуу жолугушуулар жөнүндө сөз болду.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев маек куруп, Текебаев, Алмазбек Атамбаев тууралуу кабарчынын суроолоруна жооп берди. Бардык талапкерлер шайлоо алдында элдин добушун сатып алууга аракет кылбаса сөзсүз жакшы жыйынтык берерин, шайлоодон утула тургандар админстративдик ресурс колдонулуп жатат, регионалдык бөлүнүүгө жол берилип жатат деп атайылап чуу салып, Акаев менен Бакиев учурундагы кошоматка кой сойгондорун эстеринен чыгарып, күнөөнү башкалардан издешерин, шайлоонун тарыхында бул кайталанып келаткан көрүнүштөрдүн бир болуп келаткандыгын айтты.

“Учур” гезити да башка басылмалардай эле шайлоого талапкерлер тууралуу макалалардын топтомдорун жарыялады. Аталган басылма “Демилгелүү жаштар. Шайлоо. Өлкөнүн тагдыры” деген ат менен “Мен өлкөмдү бөлбөйм” аттуу жаштар форумунун негизинде түзүлгөн демилгелүү топтун өкүлдөрүн кепке тартты. Саясый партиялардын жаштар канаттарынан турган жаш саясатчылар өлкөнүн бүтүндүгү, идеология, эски муундун жаңыга жол бошотуусу, улуттук нарк-насилдер тууралуу сөз кылды.

“Асман преss” гезити бул санын саясат талдоочу Марат Казакбаевдин “БШКга профессионалдар келген эмес” деген, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахмановдун “ЖОЖдор коомдогу чоң күчкө айланган” деген, депутат Ыргал Кадыралиеванын “Айта турган сөзүм бар" деген маектери менен, Аида Тастанованын Алмазбек Атамбаев, Мээрим Айталиеванын Адахан Мадумаров тууралуу макалалары басылды. Гезиттен булардан тышкары аты-жыты атпай журтка белгилүү аткаминерлер жөнүндөгү ар кыл маалыматтарды да окууга болот.

Жапониядагы Васэда университетинин докторанты, 6 жылдан бери Токиодо жашап келаткан кыргыз жигити Сейтек Качкынбаев ушу кезде Жапон өлкөсүндө кыргыздардын саны 180ге жеткенин, анын 80 процентин студенттер түзөрүн, жапон элинин өсүп-өнүгүшүнүн сыры самурайчылыкта жатканын, жапондор ”баарын маданият чечет” деп айтышарын, кыргызда мындай дух “Манаста” барын, Кыргызстанга парламенттик система эң ыңгайлуу экендигин айтып берди.

“Пресс.Kg” гезити президенттикке талапкерлер Камчыбек Ташиев менен маекти, Алмазбек Атамбаев тууралуу макаланы сунуш кылды.

“Казинолорду жабуу боюнча көз карашыңыз кандай?” деген суроого,

Депутат Эркин Алымбеков:- Оюн автоматтары эч кандай талашсыз 1-январдан баштап жабылышы керек,-деп,

Депутат Дамира Ниязалиева: - Казинолорду экономикасы өспөй калган алыскы райондорго жайгаштыруу керек. Ошондо жергиликтүү бюджетке акча түшүп, көптөгөн маселелер чечилет,-деп,

Экономист Жумакадыр Акенеев: - Казинолорду жабабыз деген бул популисттик чечим. Бизде Ысык-Көл деген татынакай көлүбүз бар. Казинолорду ошол жакка которсо болот, - деп,

Коммунист Исках Масалиев: - Кумар оюндарын алыскы Баткен, Нарын аймактарына жылдыруу жагын ойлонуп көрүшсө болмок,-деп жооп берди.

“Айгай” гезити журналист Жолдошбек Токоевдин “Баңгизат” деген рубриканын алдында “Аллахтын “көз жашы” же Ооганстанда жылына 70 миң тонна апийим өндүрүлөт. Канчасы Кыргызстан аркылуу өтөт? Ким көзөмөлдөйт аны?” - деген макаласын окурмандардын ой элегине салды.

Апийимдин алгачкы тарыхына, анын таралыш таржымалына токтолгон журналист, өткөн кылымдын 50-70-жылдарында Кыргызстандын Ысык-Көл жана Нарын аймактарында апийим медицина тармагына дары-дармектерди жасоочу сырье катарында өндүрүлүп турганын, ал учурда апийим уурдап сатуу бир аз болгон менен баңгиликке жол берилбегенин, Борбор Азия элдеринин ичиндеги таза деген элдин алдында жүргөн кыргызга аракечтик Совет доорунда күчөп жайылып, баңгилик эми каптаганын, жүз миңдеген сап ырдан турган бүтүндөй эпосту жат билип, мээсине сактап келген кыргыз гени эми бузула баштаганын, таза кандуу кыргыздын урпактары ушу тапта баңгиликке, ичимдикке берилип, булганып бара жатканын кейиш менен кеп кылды.

Автор ошону менен бирге эле өткөн парламенттик шайлоодо айрым партиялар баңгизаттан түшкөн акчаларды арбын жумшашты деген сөздөр азыр да айтылып жүргөндүгүн, баңгизат жүгүртүүчүлөр эл көзүнө кадыресе бизнесмен катары көрүнөрүн, алардын бир тобу мамлекеттик чоң кызматтарда олтурганын, бир тобу кол тийбестик укугуна ээ болгон күндө дагы жанына күндүр-түндүр жансакчы алып жашап келатканын баяндады.

“Айгай” гезити мамлекеттик чыгаан ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу баянды бул санында да улантты.

Аталган басылмада Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан жагдайлар туурасындагы акыркы окуялар да чагылдырылды.
XS
SM
MD
LG