Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Гезиттер Кргызстандын ички-тышкы турмушуна байланышкан ар кыл өңүттөгү маалыматтарды жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити биринчи бетине “Түркия 10 млн. доллар грант бөлдү”, “Бишкек жылуулук борбору 18 жыл ичинде 597 млн. долларга чыгым болгон”, “Россиядагы кыргыздар кантип добуш беришет?”, “Кош бол казино!” “Кыйлоңжыяндык кыргыздар” деген баштемаларды алып чыкты.

Кытайдагы “Тил жана котормо” журналынын башкы редактору, профессор Макелек Өмүрбай уулунун сандан санга улана турган макаласы “Кыйлоңжыяндык кыргыздар жөнүндө жаңы ачылыштар” деген топтема менен ачылып, бул кыргыздар 300 жылдан бери Кытай, Моңгул, Дагур, Манжу сыяктуу улуттар менен аралаш жашарын, убагында Энесай тараптан ооп келгенин, кыйлоңжыяндык кыргыздар кылымдар бою унутпай айтып келаткан “Жаныбарым буурул ат” деген”

Тоо этектеп чапканда,
Дабындар карап макташат.
Эми кайдан табамын,
Жаныбарым буурул ат?
Кыр бойлото чапканда
Кыркыздар карап макташат,
Эми кайдан табамын,
Жаныбарым буурул ат?- деген ырын мисалга тартып, булардын уруулары: дабын, гапкан, үчик, сайын, белдир, кыркыс деген уруулардан турарын, Хакас кыргыздарын изилдеп жүргөн чоң тарыхчы Бутанаев кыргыздардын уруулары Энесайдагы хакастардын же байыркы кыргыздардын дабын, бөлтүр, ичек, сайын уруулары менен бир экенин аныктагандыгын, ушул күндөгү кыйлоңжыяндык кыргыздардын мурдагы уруулары кытайчага салынып, дабын же беш уруусундагылар “ву”, белдир же бөлдүр деп аталган бөрү уруусу “лаң”, үчек же ичеги уруусундагылар “чаң”, кыркыс же кыргыз уруусундагылар “сы”, сайын же саян уруусундагылар “ча” болуп кытайча өзгөртүлүп аталып келатканын баяндады.

Окумуштуу Макелек андан ары кыйлоңжыяндык кыргыздар эң алгач ак боз үйлөрдө жашаганын, кийин булар Кытайдагы шинжандык кыргыздар менен алака түзө баштагандан тартып ак калпак кийе баштаганын, башкы тамагы эт экенин, башында башка улуттарга үйлөнбөгөн салтты бек кармап келсе, азыр бул адат азайганын, өлүк узатуу зыйнатында шаман динин колдонуп, сөөктү табытка салып көмүп же өрттөө жосундарын колдонорун, бул кыргыздар Энесайдан келгени боюнча эле шаман дининде кала бергенин, ислам динине кирбегенин, кыргызбыз деп катталган 1473 кишинин 22си гана өз тилин билерин, азыркы колдонгон тили кытай тили болорун, басмадан чыккан “Кыйлоңжыяндык кыргыздардын көчүп келүү уламышы” сыяктуу 7 уламышы, “Жерди сагынуу”, “Жаныбарым, буурул ат” сыяктуу ырлары, бийлери барын сөз кылды.

Бүгүн жарыкка чыккан “Кыргыз руху” гезити “Ар бир улуттун өкүлү өзүн эркин сезиши керек”, “Республика” партиясы кимди колдой тургандыгы ачык болду”, “Ким ким кимге кызмат кылат?” , “Бешбармак” деген макалаларды, журналист Азизбек Келдибековдун “Какшык казанын”, саясат талдоочу Табылды Акеровдун шайлоо тууралуу маегин, президенттикке талапкер Адахан Мадумаров тууралуу макаланы окурмандарга тартуулады.

“Кумар оюндарынан кутулар кез келди” деген баштеманын алдында ой-пикирлердин топтому жарыяланды.

Кечээ оюн автоматтарынын жабылышына каршы митингге чыккан казиночуларга карата жазылган интернет сайттан: “Кечиресиңер, силерден түшкөн 500 миллион бюджеттин 0,5 процентин гана түзөт. 500 миллионду 5 млн. элге бөлсө жылына 100 сом, айына 8 сом болот. Эгер кумарканалар жабыла турган болсо айына 8 сом эмес 80 сом бергенге даярмын. Калп эле шефтериңердин заказын аткарып митинг кылып жатасыңар да. Арам акча менен үй-бүлө бакпай эле башкаларга окшоп маңдай тер менен иштеп акча тапкыла. Силер айлык деп балдарыңарга жедирип аткан акча канча адамдын көз жашы экенин билесиңерби?” деген сөздөрдү окууга болот.

“Алиби” гезити жаңы санын “Казинолордун калган өмүрү президенттин колунда” деген сөздөр менен ачып, шайлоого жана айрым талапкерлерге багышталган макалаларды тартуулады.

Журналист Таалайбүбү Абдрасулова сапар баянын “Төрага менен Түркияда” деп атап, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун Түркиядагы жолугушуулары ийгиликтүү аяктаганына, делегациянын иши жемиштүү болгонуна токтолду.

Гезит тоолуу Нарындагы алтындан байыган Эмгекчил айылы жөнүндөгү “Азаттык” радиосунун кабарчысы Эркингүл Бокоеванын макаласын көчүрүп жарыялады.

Кыргыз эл акыны Токтосун Самүдүновдун пародиялары менен акын Тургунбек Бекболотовдун ыр топтому да “Алибинин” бүгүнкү санында.

“Жаңы агым” гезити маалыматын майда кабарлар менен баштап, Айдай Турдалиеванын Атамбаев тууралуу баянын басты.

Журналист Зайырбек Ажыматов даярдаган макалалар “Казино түптөгөн экономиканын как атасын урайын...”, “Азыр Кыргызстандын чоң көйгөйү – чек ара”, “Кыргыз парламентинин кызылдай кошоматы” деп аталат.

Саламаттык сактоо министри Сабыр Жумабековдун маеги “Накен Касиевичти абдан сыйлайм, бирок мыйзам деген бар” деп аталды.

Белгилүү түрколог Кадыралы Коңкобаевдин чакан маеги “Барсбек кагандын эстелигинин так көчүрмөсүн алып келдик” деген ат менен жарык көрдү.

Дипломатиялык академиянын ректору, саясат таануу илиминин доктору Жумагул Сааданбековдун “Түкөм өзү аны эл жакшы көрөрүн билет болду бекен?” деген ат менен гезиттин өткөн санында баштаган кыргыздын залкар уулу, таланттуу композитор Түгөлбай Казаковдун 60 жылдыгына арналган макаласынын уландысы жарыяланды.

“Фабула” гезити “Тойчубековду эми кимдер тойгузат?” деген баштема менен бүгүнкү санын ачып, казинолордун жабылышына караманча каршылыгын билдирип жаткандардын алдыңкы сабында финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Юруслан Тойчубеков барын, гезиттин жакынкы санында анын ишмердиги тууралуу журналисттик иликтөө башталарын кабарлады.

Ушул эле гезит депутат Дамира Ниязалиеванын “Түндүк-Түштүк маселесин козгогон адамдарды жоопко тартуу зарыл” деген аталыштагы маегине орун берди.

Журналист Баратбай Аракеев кыргыз эстрадасынын баштоочуларынын бири, айтылуу ырчы Алтынбек Сапаралиев менен маек курду. Алтынбек маегинде Акаев менен Бакиев учурунда “Эл артисти” деген ардак наамга документи тынбай жөнөтүлгөнү менен ушу күнгө чейин куржалак калып келатканын кеп кылды.

Кыргыз эл артисти Актан Арым маегинин атын “Мага Маданият министрлигин сунушташты, мен баш тарттым. Себеби...” деп аталды.
XS
SM
MD
LG