Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:56

“Дело №...” гезити “Жайшүл Махди” уюмуна мүчө болуп, Бишкекте бир катар террорчулук жүрүштөрдү жасагандар тууралуу жазып чыкты.

“Дело №...” гезити “Террорчулук кылганы үчүн күнөөлөнүп, өлкөдөн качып чыгып, жок болуп кетип жаткан кыргызстандыктар жөнүндө” деген макала менен бүгүнкү санын ачып, 2010-жылдын башында Бишкекте жасалган террордук иштерге катышы бар деп эл аралык издөөдө жүргөн Руслан Дөөткулов самолет аркылуу Стамбулдан келип түшөрү менен камакка алынып, азыр Улуттук Коопсуздук комитетинин тергөө абагында жатканын жазып чыкты.

Ата-энеси алыскы Ат-Башыдан Арча-Бешикке көчүп келип жашап калган Руслан Дөөткулов орто мектепти Бишкектен окуп бүткөнүн, 2005-жылдары намаз окуганды үйрөнүп, кийин далай жаштарды түз жолунан адаштырып, көз көрүнөө террорчулук жүрүшкө үндөгөн Саид Бурятский деген чеченстандык баш кесердин диний видеоролигин көрүп, ошого берилип, анын таасиринен чыгалабай калганын, анан “Жайшүл Махди” деген уюмдун мүчөсү болгон Эдил Абдырахманов деген адам менен Бишкектеги мечиттин биринен таанышканын, ал Бакыт Кенжегуловго тааныштырганын, максаттары Бишкекте жихад уюштуруп, Кыргызстанды шарияттын мыйзамы менен жашоого алып келүү болгонун, анан кандай аракеттерди кылганын, кандайча Египетке учуп барып, ал жактан талибандардын коштоосунда Пакистандын Ооганстан менен чектешкен жериндеги террорчуларды даярдоочу окуусуна барып түшкөнүн, үй-бүлөсүн сагынганын, анан бул жакка кантип кайтып келгенин айтып берген маеги басылып чыкты.

Журналист Тимур Асановдун макаласы “Соттордун жардамы менен бийликти алууга болобу? Болгондо да кандай болот!” деп аталып, мындан эки ай мурда президент Роза Отунбаева тарабынан талапкерлиги артка кайтарылган Жогорку Соттун судьяларынын айланасындагы окуяны баяндады.

Парламенттин юристтеринин айтымында, соттор боюнча туңгуюкка кептеген токтомду кабыл алуу Жогорку Кеңештин милдетине кирбестигине карабастан ушул иштин демилгечиси болгон Садыр Жапаровдун кызыкчылыгын Ахматбек Келдибеков көз көрүнөө эле колдоп, аны добушка койдуруп, акыры токтомду алдыртып тынганын, каршы болгондор үчүн бир аз эле добуш жетпей калганын маалымдоо менен Садыр Жапаровдун кызыкчылыгы каякта жатканын жиликтөөгө алды. Макалада Башкы прокуратура тарабынан “Ысык-Көл Инвестбанкын” рейдерлик жол менен тартып алган деп күнөөлөнүп жаткан Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова, Максим Бакиев жана чуулгандуу Раушан Рыкунова “Мегакомдон” ири суммадагы пара алды деген соттордун бири катары аталган, апрель революциясынан кийин Жогорку Соттун судьясынын милдетин аткарып келген Кубанычбек Момбековду спикер Ахматбек Келдибеков кантип кайра ордуна алып келгиси келгендиги жөнүндө кенен кеп болот.

“Дело №...” гезити ошондой эле Жогорку Кеңеш “Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алганын эске салуу менен, Кыргызстандын казиночуларынын айтуусунда, казиного кумар оюндарын ойногон депутаттар да келип турарын, бирок алардын видеотасмасын элге жарыя кылууга болбостугун, эгер ал ачыкка чыгып кетсе, адам укугун бузууга жатарын, демократиялуу өлкөдө кумар ойногусу келген адамдын каалоосуна тыюу салууга эч кимдин акысы жоктугун аталган басылма мына ушул оюн-зоок комплекстер Ассоциациясынын юристи Элдияр Мамыровдун айтканына шилтеме кылып кабарлады.

Ушул эле гезит “ХХI кылымдын басмачылары” деген ат менен мал уурдаган бандалардын башында турган Максатбек Исаев, Болот Кулмурзаев, Алмазбек Акматов тууралуу Егор Орловдун макаласын күнөөкөрлөрдүн сүрөттөрү менен жарыя кылды.

Бүгүн жарыкка чыккан “Кереге” гезити жаңы санын “Орусияга барсаң эле, оозуңа алма салабы, ишиң оңолуп калабы?” деген баштема менен Жамалбек Рысалиевдин “Орус эл жомогу” деген рубрика алдындагы “Бүркүт болгусу келген бака” деген жанытмасын жарыялоо менен ачты.

Марат Султановдун Нариман Түлеев жөнүндө, Аида Тастанованын Алмазбек Атамбаев жөнүндөгү макалалары окурмандарга тартууланды.

“Шайлоо коопсуздугу сакталат деп ишенесизби?” Гезит мына ушундай суроо менен айрым жарандарга кайрылды.

Журналист Келдибек Назиров: - Айрым күчтөр эле саясый кызыкчылыгына умтулуп, элди сатып алып, ошондой аракет жасабаса, шайлоо тынч өтөрүнө ишенем. Ошентсе да “сактыкка кордук жок” дегендей күч түзүмдөрү ар кандай провокацияларга даяр туруулары керек, - деп,

Саясат талдоочу Чолпонбек Сыдыкбаев: - Эгер шайлоо акыйкат өтсө, анда коркунуч жок. Кудай анын бетин ары кылсын, кокус чоң чатак башталып кетсе, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн. Талапкерлер шайлоо эрежесин бузбай, аны таза, тынч өткөрүүнү тилейли, - деп,

Куудул Жамбыл Камчыев: -Эч нерсе болбойт деп кесе бүтүм чыгара албайбыз. Тынч туруп эле, эртеси кырдаал татаалдашып кеткен учурлар аз болгон жок. Эгер талапкерлер таза күрөшүп, таза шайлоо өтсө анда эч кандай коркунуч жок, - деп,

Окуу жайдын кызматкери Махабат Таштанова: - Ички иштер министрлиги, Улуттук Коопсуздук комитети эч кандай дестабилизацияга жол бербейт деп ишенем. Аларды алсыз, көзөмөл кыла албайт деген кептерге ишенбейм. Эң негизгиси эл адилет шайлоо деген эмне экенин билип калды. Мурдагыдай акчага сатылмай, акча төлөсө чыр чыгарып чуркамайлар тыйылат деп үмүттөнөм, - деп,

Коомдук ишмер Жумакадыр Акенеев: - Менин оюмча, шайлоо тынч өтөт. Коопсуздук толугу менен сакталат. Анткени мурдагы окуялардагыдай коркунуч жок. Ал эми “шайлоодо чыр чыгат, провокациялык аракеттер болот, күч органдары алсыз” деген кептерге кошулбайм. Эл ичинде мындай кептер айтыла берет. Албетте атаандаштык болбой койбойт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Шайлоону тынч, таза өткөрүп, легитимдүү президент шайлап алганыбыз – Кыргызстанга мындан ары стабилдүүлүк менен өнүгүүнүн кепилдигин берерин ар бирибиз эстен чыгарбообуз керек, - деп жооп берди.

Өмүрүнүн 40 жылдан ашуунун бүтүндөй кино өнөрүнө арнаган киночу Шайымбек Апыловдун маеги “Мени Отунбаева сактап калды” деп аталып, башынан кандай тагдыр өткөнүн, далай ирет КГБга сурак бергенин, акыйкатты мекенинен табалбай, 5 жолу адилеттикти издеп Маскөөгө барып датын айтканын, кыскасы кыргыз маданиятын муунткан саясаттын курмандыгы болгонун, акыры “психикасы” бузук деп жиндиканага саларда президентке дилгирем урганга үлгүрүп, Отунбаева сактап калганын, ал өзү тарабынан тарткан маданий мурас 51 миң метражга жеткенин, эң акыркысы кылып темир комузчу Зыйнатты тартып калганын баяндап берди.

Элизат Турсунованын баяны ири мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнүн бир үзүндүсүн сөз кылды.

Гезит кабарчысы Алмаз Калназаров кик-бокс аркылуу өлкөнүн желегин далай жолу чет өлкөлөрдө желбиреткен Маралбек Давлеткулов менен баарлашты.

Спорт чебери маегинде Кыргызстанда кик-бокс мектеби күчтүү экенин дүйнөнүн баары билерин, илгеркидей атак-даңкка жетүү үчүн шарт түзүү керектигин жана эл аралык мелдештерге такай катыштырып тууру зарылдыгын кеп кылды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG