Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Басма сөз: Өлкө бүтүндүгүнө зак кетирбе


Гезиттер президенттикке талапкерлердин үгүт иштерин чагылдырган макалаларга, Курманжан датканын 200 жылдыгына багышталып өтүп жаткан иш-чараларга, күндөлүк окуяларга басым жасоо менен чыкты.

“Фабула” гезити кечээ Жогорку Кеңештин алдында сот реформасына байланыштуу митингге чыккандардын сүрөтү басылган “Садыр Жапаров кетсин!” деген жазуусу бар баштема менен ачып, журналист Эртабылды Аттокуровдун “Төңкөрүштүн төбөлү болууну эңсеген соттор” деген макаласын тартуулады. Макаласында автор президент Роза Отунбаеванын августтагы Жогорку Сотко сунушталган 29 талапкердин он бешине алардын өз ишине жөндөмсүздүгүнө, прнципсиздигине, калыссыздыгына карата ишеним көргөзбөгөндүгүнө токтолуп, бирок президенттин бул жасаганын жокко чыгаруу үчүн токулган токтомду парламенттин соттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин төрагасы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибековдун колдоосу менен ишке ашырып келатканын кеңири жазып чыкты.

“Фабула” гезити бүгүнкү санына ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Мелис Турганбаев менен түз байланыштагы суроо-жоопторун окурмандарга тартуулады.

“Алиби” гезити Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкуловдун “7 айдан бери маянасыз иштеп жатам” деген аталыш менен анын окурмандардын суроолоруна берген жообун басты.

Бул санда өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабановдун “Өлкөдө тынччылык болсо эле программа ишке ашат” деген маегин окууга болот.

Гезит ошону менен бирге эле “Президент Роза Отунбаева миссиясын кандай аткарды?” деген суроого жооп алды.

“Манас-Ордо” коомдук фондунун төрагасы Анарбек Усупбаев:- Мамлекеттин бүтүндүгү кылдын учунда турганда өтө чоң жоопкерчиликти мойнуна алганына ырахмат айтышыбыз керек,-деп,

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов:- Балким азыр ажолукту самап жаткандардын бири президент болуп калганда чатак эбак чыкмак. Эң коркунучтуу, опурталдуу учурда бул кишинин президент болгону жакшы болду,-деп,

Билим берүү академиясынын кызматкери Сейит Жаанбаев:- Анын ордуна эркектер келгенде ит-мышыктай тытышып, өлкөдө тынчтык болмок эмес. Отунбаева эне, зайып, дипломат катары Кыргызстанды чайпалтпай, төгүп жибербей кармап турду, экинчи эрдиги убадасында бек туруп, мөөнөтү аяктары менен кызматын өткөрүп бергени турат,-деп,

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев: - Ал келерине бир ай бололекте коогалаң болуп кетти. Ошонун бардыгын аял башы менен татыктуу көтөрдү. Албетте мындай учурда кеңеш берип туруучу адам керек болот. Бул милдетти Эмил Каптагаев жакшы аткарды. Роза Исаковна чоң саясатчы, жетекчи, дипломат экенин көрсөттү,- деп,

Көз карандысыз эксперт Темир Жумакадыров: - Роза Отунбаева кызматын өткөрүп бергенден кийин да бийликти мыйзамдуу, тынч жол менен өткөрүп берүүнүн жана өлкөдөгү саясый консолидациянын символу катары Кыргызстанда калып, экс-президент катары коомдук-саясый турмушка аралашып турушу керек,- деп жооп берди.

“Жаңы агым” гезити, бул санын “Атамбаев президент болуп калса, Кыргызстандын жазуучулары үчүн алтын доор келет” деген баштема менен ачты.

Кыргыздын кайталангыс таланты Түгөлбай Казаковдун 60 жылдыгына арналган акын досу Акбар Рыскуловдун макаласы “Түрк ааламына түгөл таанылган Түгөлбай Казаков” деген ат менен жарык көрдү. Макаланын уландысы бар.

Гезит майда кабарларында жакында баш прокурор Аида Салянова кызматынан кетип, ордуна президенттикке талапкерлердин бири болорун, ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кызмат которуп, ордуна Мелис Тургунбаев келерин, Кубанычбек Кадыров Атамбаевге таарынып жүрүп эми элдешкенин, Камчыбек Ташиевди орусиялык эки жансакчы кайтарып жүргөнүн, алардын ар бирине кеминде 20 миң доллардан төлөнөрүн, кылмыш дүйнөсүнүн түштүктөгү төбөлү саналган Алманбет Анапияев маалымат каражаттары аркылуу эски кожоюну Жаныш Бакиевди катыра туздагандан кийин Жаныш үкасына звандап, олуттуу сүйлөшкөндөн кийин Алманбет акесинен кечирим сурап, Жаныш таптаган күлүктү сүрөөнгө алууга убада бергенин,

“Жаңы агым” гезити ошону менен бирге эле Кубанычбек Исабеков баштаган он чакты талапкер Нариман Түлеевге кошуларын укканын маалымдады.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Алай ханышасы” аталган даңазалуу даткайым Курманжандын 200 жылдык мааракесине арнаган материалдарга басым жасоо менен басып чыкты.

Ушуга байланыштуу “Аялдар асмандын жарымын тиреп турат” деген жана айтылуу тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун “Кылым карыткан Курманжан датка” аттуу иликтөө баяны, ардагер журналист Ажымукан Түркмөновдун макаласы, орус жазуучусу Капитолина Новоселованын даткага тиешелүү эпиздоддору бар романынан үзүндү басылды.

“Кыргыз туусу” гезити бул санына белгилүү жазуучу, таланттуу журналист Мамат Сабыровдун 50 жашка чыгышына арналган журналист Марип Тайчабаровдун макаласын жана Мамат жөнүндө анын кесиптештеринин ой-пикирлерин ортого салды.

Күркүрөгөн күз жалаң кутман курак менен куттуу тойлордун айына айланганын эскерткен гезит буга улай эле окумуштуу педагог, коомдук ишмер Асан Ормушевдин 60 жылдыгына арналган замандаштарынын ал жөнүндө айткандарын жарыя кылды.

Анда арыласак Кыргыз эл акыны, балдардын сүйүктүү “Байчечекей” журналынын башкы редактору Токтосун Самүдүновдун 70 жылдыгына арналган кетментөбөлүк акын Исабек Токтогуловдун макаласын окууга болот.

Филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаеванын макаласы өмүрдөн өтүп кеткен таланттуу прозаик, философ Дайырбек Казакбаевдин чыгармачылыгын иликтөөгө арналды.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору Дөөлөтбек Сапаралиевдин уландысы келерки санга калтырылган тарыхый баяны “Кыргыз”, “Таш кыргыз”, “Чоң кыргыз”, “Бурут” жөнүндө кыргыздардын этникалык аталыштары Орусиянын тарыхый булактарында” деген ат менен жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG