Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:13

“Кыргыз туусу” гезитиндеги интеллигенция өкүлдөрүнүн диний секталарга байланыштуу тынчсызданган каты өлкөнүн биринчи жетекчилерине багышталып жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезити Курманжан датканын 200 жылдык мааракеси өткөн Алай жергесиндеги даңазадан баяндаманы басты.

Жазуучу Самсак Станалиевдин макаласы “Идеология эмнеден башталат” деп аталып, бүгүнкү күндө улуттук идеология жок, тияктан же бияктан алуу керек дегенден көрө аны жаратуу керектигин, ал үчүн улуттук ар-намыс болушу кажет экендигин белгилөө менен айрым аттуу-баштуу адамдардын тарыхый жактан тамыры жок, илимий жактан таянычы болбогон далилдери аң-сезимди адаштырып жатканын сынга алды.

Жазуучу Самсак Станалиев мисалга алган Дастан Сарыгулов түз эле “Кыргыз элинин беш миң жыл илимий деңгээлде далилденген тарыхы бар” десе, эл жазуучусу Асан Жакшылыков андан канча эсеге ашып түшүп 5 миң эмес, 50 миң жылдык тарыхы бар экенин жазып, оозду ачырганын, тырмакчанын ичиндеги мындай так эмес “табылгалар” кыргыз идеологиясы үчүн эч качан кызмат кылбастыгына басым жасады.

“Ойлонбой туруп оңкодон сайылабызбы?” деген рубрика алдындагы кат “Диний догмаларга каршыбыз” деген ат менен жарыяланып, бийлик башындагы бирини жетекчилерге багышталды.

Каттын авторлору бизде Ливан, Иран, Пакистан, Египет, Аравия, Түркия жана АКШдагы ислам окуу жайларынан окуп келген түрдүү агымдагы диний кадрлары жана Куранга, пайгамбарларга каршы багытталган көп сандаган ислам секталары аркылуу экстремисттик багытты көздөп, башка элдердин каада-салтын, тарыхын, ишенимин талкалап, кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө коркунуч туудурган, кыргыз элнин салтына, маданиятына, өнүгүүсүнө, тарыхына каршы келген, аны жоготууга ачык умтулган үгүт иштери жүрүп келатканын, тилеке каршы мамлекеттик чиновниктердин көбү алардын акчаларына азгырылуу менен дал ушундай кыйратуучу секталардын жактоочуусу болуп жаткандыгын жазып чыкты.

Каттын авторлору мындан ары болбой эле антиэлдик, антиулуттук, антикониституциялык укук бузуулар парламентте улантыла берсе эл парламентти таратууга каршы кол топтоого, депутаттарга каршы кылмыш ишин козгоого чараларды көрүүгө аракет башталарын айтуу менен: “Биз мектептерге хиджап кийип барууга, мамлекеттик мекемелерге намазкана ачууга, мектеп жашындагы балдарды орозо кармоого мажбурлоого, мечиттерде азан чакырууга, кыргыздын каада-салттарына каршы чыккан ислам догмаларына каршыбыз жана аларга бийлик тарабынан тыюу салынышын талап кылабыз” деп аяктаган. Катка 160тан ашын интеллигенция өкүлдөрү кол койгон.

“Де-факто” гезити бүгүнкү санын Камчыбек Ташиевдин “Адахан Мадумаровдон айырмачылыгым - Бакиевдерден акча албайм!”, “Нариман Түлеев Атамбаевди колдойбу?”, “Текебаев саякаттап жүрөт. Бирок шайлоодо кимди тандайт?”, “Атамбаев менен Путин жолукту” деген маалымааттар менен ачты.

Гезит айрым саясат иликтөөчүлөрдүн ойлоруна орун берди. Табылды Акеров Ташиев менен Мадумаров бирикпестигин, анткени экөөнүн кызыкчылыгы дал келбей жатканын айтса,

Токтогул Какчекеев, бул шайлоонун акырында Атамбаев менен Мадумаров гана каларын, элибизде түндүк-түштүк деген ит оору дагы эле айыкпай келатканын,

Марс Сариев, Нариман Түлеев Москвага барып келери менен талапкерлигин алып салганы Атамбаевдин позициясын андан бетер чыңдаганын, шайлоону бир тур менен бүтүргөнгө аракеттер барын, экинчи тур болсо жагдай бир кыйла кооптуу болорун,

Орозбек Молдалиев, шайлоонун бир тур менен өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү арбын экендигин, шайлоону экинчи турга калтырып, нааразылык акцияларын өткөртүүгө сырткы күчтөр кызыктар экендигин айтты.

“Добулбас” гезитине айыл-чарба маселесин айтып маек курган академик Жамин Акималиев өкмөт берген кредиттин убайын баягы эле байлар көрүп жатканын айтып, өкмөт чындап эле элге жардам бергиси келсе 1 млрд. сомду 9 процент үстөк менен кепилдиксиз бергенде жакшы болмогун кеп кылды.

Журналист Семетей Талас уулунун Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен маеги жарыяланды. Маегинде Мелис мырза ушу тапта иш “Кыргызстан – биздики”, “Ош - биздики” деген идеянын үстүндө жүрүп, өткөн коогалаң миллиарддаган акчага кыйратып кетсе дагы шаарды кайра куруу жүрүп жатканын, эки элдин ынтымакта жашоосу үчүн бардык жакшы иштер жасалып келатканын баяндады.

Шаар башчысы жакында ал тууралуу “дезертир” деген жалган маалымат таратылганын, аны булгап, желмогуз кылып көрсөткүсү келген каралоолорго көнүп деле калганын, атайылап жаманаттылап, айрым адамдар менен анын ортосуна чагым салгысы келгендерге теңелип төмөн түшө бербестигин, качан болсо жигит бойдон, адам бойдон кала берерин кеп кылды.

“Фабула” гезити “Мегаком” чатагы боюнча абакка алынып, үй камагына чыгарылган Роза Качиева-Рыкунова кайрадан темир торго камалганын кабарлады.

Журналист Баратбай Аракеевдин президенттикке талапкерлер жөнүндөгү макаласы “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” деген ат менен жарык көрдү.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев маек куруп, мыйзамдар бири-бирине дал келбегендиктен иш үзгүлтүккө учураганын, кылмыш күн сайын катталып жаткан менен Жогорку Сотто баягы эле эски соттор өз билгенин кылып келатканын, анткени алар кызматта убактылуу экенин билген соң максаты жеп-ичип, бүлүндүрүп кетүү болуп атканын, ошондуктан соттор эртерээк тандалбаса бул жагынан иш солгундай берерин айтса,

“Мекен шейиттери” коомдук кыймылынын төрагасы Осунбек Жамансариев Жогорку Кеңештин сот жана укук маселелери боюнча комитеттин төрагасы Садыр Жапаровдун мыйзам алдында жооп беришин талап кылып акцияга чыгып аткандыктарын, Башкы прокурор Жапаровго кылмыш ишин козгошу керектигин, антпесе Жапаровдой депутаттар парламентти анархияга айлантып жиберерин, анткен менен сот иштеринин чатагында Жапаров жалгыз эместигин, анын артында саясый чоң топ бардыгын айтып чыкты.

“Алиби” гезити башка гезиттерге да жарык көргөн Нариман Түлеевдин билдирүүсүн басты. Түлеев анысында талапкерлигин президенттик жарыштан эмне себептен алып салгандыгын баяндаган.

Кыргыз темир жол ишканасынын тегерегиндеги чырга байланыштуу маселе боюнча бул компаниянын башкы деректири Аргынбек Малабаевдин жана Жогорку Кеңештин депутаты, мына ушул темир жол компаниясын текшерүү боюнча комиссиянын жетекчиси Равшан Жээнбековдун маектери тартууланды.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев маегин “Кудайдын атынан сүйлөгөндөрдөн коркуу керек” деп атап, Куранда эч качан өзүң окуган намазыңды Кудайга же башка бирөөгө колко кылба деп жазылганын, маселен өзү намаз окуурун, бирок ал анын жеке, купуя иши экенин, намазды окуй турган жайлар жетиштүү экенин, намазкана ачуунун зарылдыгы жок экенине карабай Жогорку Кеңешке намазкана ачылганын, ал жерге башында 3-4 адам барып жүрүп, азыр эч ким барбай калганын жана диндин айланасындагы айрым маселелер туурасында сөз кылды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG