Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18

Басма сөз: Жаза


Бүгүнкү гезит баяндамабыз орус тилдүү “Дело №...” жумалыгына жарык көргөн макалалардын негизинде түзүлдү.

Бүгүн жарыкка чыккан “Дело №...” гезити Алматы шаардык соту кыргыз журналисти Геннадий Павлюкту өлтүргөндөрдүн бири, Кыргызстандын жараны, атайын кызматтын мурдагы офицери Алдаяр Исманкуловду адам өлтүрүүлөрдү уюштурганы, адамдарды уурдап, жасалма документтерди жасаганы, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз жолдор менен өтүп жүргөнү үчүн 755 миң теңге айып салып, күчөтүлгөн режим менен 17 жылга түрмөгө кескенин кабарлады.

“Кыргызстандын кылмыш сырлары” аттуу рубрика алдындагы макалада полковник Уран Алиевди буйрук менен өлтүргөн наркомафиянын кылмышынын бети ачылганын баяндады.

Гезит буга байланыштуу өткөн мезгилге кылчайып, 2005-жылкы революция 2010-жылкы революцияга салыштырганда кансыз болгонун, Кыргызстанда бийлик тынч алмашканын, бирок көп узабай эле мылтыктын үнү жаңырып, өткөн режимдин биринчи курмандыгы полковник Уран Алиев болгонун, ал Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыш иштерине каршы күрөшүү боюнча регионалдар аралык башкармалыктын башчысы болуп туруп, Бакиев бийликке келгенден 13 күн өткөндөн кийин Ош шаарында атылып өлтүрүлгөнүн, Уран Алиев дайыма "Женго" деген каймана аты бар Кадыр Досановдун шайкасы менен кармашып келгенин, полковник жок кылынгандан кийин мына ошол Женго же Кадыр Досанов Ош облусунун смотрящийи болуп, кийин эл аралык издөөгө алынып, жакында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан кармалганын, Уран Алиев ошондо кылмышкерлерди калкалоого алган жергиликтүү прокурорлор жана чекисттер менен да кармашып келгенин эске салды.

Ошентип өткөн бийлик Уран Алиевди Ош Ички иштер башкармалыгынын начальниги кылып дайындоону чечкенин, анткени тартипсиздик менен башаламандыкты токтотуу ушул полковниктин колунан келерине көпчүлүк ишенгенин, бирок тилекке каршы көп өткөрбөй эле анын көзүн тазалашканын, тергөөчүлөр аны жок кылгандар Алиевдин атаандаштары, түштүктөгү криминалдык топтор болгонун, анын изи алтургай азыркы парламентте отургандарга дейре келиши мүмкүн деген тыянакка келгендигин жазып чыкты.

Гезит андан ары аларды өлтүргөн кылмышкерлердин ким экендиктерин, алар полковникти кандайча өлтүргөнүн толугу менен чагылдырды. Гезитке Молдовановка деген аты бар 27-түрмөдөгү кылмышкерлердин үстөл жайып “гүлдөп” отургандагы сүрөтү жана издөөдө жүргөндөрдүн жана кармалган кылмышкерлердин сүрөттөрү басылды.

Бул кылмыштуу иштин тарыхын сөз кылган “Дело №...” гезити андан ары бул кылмыш ишин иликтөөгө алгандар полковник Уран Алиевди көзүн тазалагандардын өзүн кармабастан, Башкы прокуратуранын тергөө тобу Ош облусунун наркобизнеске каршы күрөшүү бөлүмүнүн ошол кездеги начальниги Эргешбаевди жана анын кол алдында иштеген үч майорду күнөөгө жыгып, сот Алмазбек Эргешбаев 2009-жылы өмүр бою түрмөгө отурууга, калган үчөөнүн ар бирин 25 жылга кескен өкүм чыгарганын, бирок апрель революциясынан кийин Алмазбек Эргешбаев жана аны менен кошо кесилген кесиптештери бул кылмышка катышы жоктугунан бошотулганын, түрмөдөн чыгары менен ал кайрадан мурдагы кызматына отуруп, Алиевди өлтүргөндөрдүн так өзүн кармоонун артынан сая түшкөнүн жана ал кылмыштын бетин ачып чыкканын маалымдады.

“Дело №...” жумалыгы “Кыргызстандын парламентиндеги депутаттар уюшкан кылмыштуу топтордон эмнеси менен айырмаланат?” деген суроо менен кайрылды.

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев: - Маданиятсыздыгы, базардагыларга окшоштугу менен эсте калууда. Парламент өч алуучулардын клубуна айланды, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн анча деле айырмасы жок,-деп,

Юрист Атыр Абдрахматова: - Бийликке кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү эмес, ар түрдүү адамдар келиши керек эле. Тилекке каршы биздин депутаттардын ичинде адамдык сезимдерине караганда айбандык сезимдерин даңзалагандар, оюн, мамилесин ызы-чуу, уруш-талаш, мушташ менен түшүндүргөндөр, жаман ооз менен сүйлөгөндөр бар экени өкүнтөт,-деп,

Ишкерлер союзунун мүчөсү Михаил Халитов: - Айтуу кыйын. Жогорку Кеңештеги талашып-тартышуулар менен уюшкан кылмыштуу топтордун ортосундагы талаштардын эч кандай жалпылыгы жок. Деңгээли да, таасири да ар башка. Ал эми кесипкөй эместиги, начар тарбиясы, билимсиздиги, депутаттардын максатка башы менен эмес, муштуму менен жеткиси келгени албетте кейитет,-деп,

Аялдар клубунун координатору Динара Асанова: - Чынында эле бийлик деген адамды бузарын көрсөтүп келатат, бийликке жетелек кезде баары эле жакшы, баары эле эл тарабында, анан бийликке жетери менен өзгөрөт,-деп,

Саясат иликтөөчү Орозбек Молдалиев: - Мен депутаттардын баарын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө салыштыра албайм. Бирок эл шайлагандардын ичинде мындай категорияга киргендери да жок эмес. Мен 2001-жылы криминал бийликке келиш үчүн өз позициясын чыңдап жатат деген илимий мионографиямды жарыялагам. Бүгүн дал ошол көрүнүшкө туш болдук.

Айрым криминалдык топтор өз кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу максатында бийликке аралашууну көздөөдө. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү 2005-жылы бийликке келе баштады, өткөн парламенттик шайлоодо айрым партиялар криминалдык түзүмдөргө таянуу менен иш кылды. Азыркы президенттик шайлоодо да айрым талапкерлер өзүнүн атаандаштарын коркутуу үчүн же жарыштан сүрүп чыгаруу үчүн кылмыштуу топтордун кызматын пайдаланат деп ойлойм
,-деп жооп берди.

Журналист Андрей Кудрявцевдин макаласы “Адахан Мадумаров 2005-жылы: “Биз Бакиев менен бир блоктобуз!” деп айткан эле, ал бүгүн ким менен?” деген макаласын тартуулап, саясатчынын ишмердигине кенен токтолду.

Макаланын аягында Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын клубундагы эл менен жолугушууда президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевден шайлоочулардын бири:

- Сиздин платформаңыз Адахан Мадумаровдун платформасынан эмнеси менен айырмаланат?-деп сураганда,

Камчыбек Ташиев: - Мадумаровдун чөнтөгү бош, ошондуктан аны Бакиев каржылап жатат, мени Бакиев финансылаган жери жок,-деп берген жообун басты.

Буга улай эле Жаныш Бакиевдин 50 жылдыгын тойлогон ошол кездеги кыргыз элитасынын, Данияр Үсөновдун жана Адахан Мадумаровдун, башкалардын тойдогу сүрөттөрү окурмандарга тартууланды.
XS
SM
MD
LG