Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:27
“Кереге” гезити жаңы санын журналист Азамат Кыязовдун “Идеологияга көмүлгөн иттин өлүгү” деген макаласы менен ачып, 14-октябрда АКИпреss агенттигинде Рысбек Жабиров деген кинорежиссер Кыргыз Республикасынын гимнин ырдаган жана намаз окуган эки оюнчук жасатканын жар салганын кабарлап, Жабиров: “Биз Шанхайдагы заводдордун бири менен келишим түзүп, ар бирин 10 миңден кылып, 20 миң даана оюнчук жасаттык, оюнчуктардын жалпы баасы 96 миң доллар болду. Сата турган баасы 300 сом болду” деп айтканын, атын “Акыйкат” деп атаганын мисал келтирип: “биринчиден, кыргызды оюнчук кылып жасоого Жабировго кайсы кыргыз уруксат берди? Экинчиден, кыргызды оюнчук кылып жасоого Жабировдун кандай акысы бар? Кыргыз баласын оюнчук менен эмес, ата-эненин мээри, ата-бабалардын салты, наркы менен тарбиялаган. Мамлекеттик гимн оюнчук менен аткарылбайт. Гимнди оюнчук куурчак эмес, тирүү улут ырдайт. Манастын эли оюнчук намаз окуп чөгөлөп, 300 сомго сатылган эмес. 7-апрелде кыргыз жигиттери дал ушул оюнчук болгусу келбегендигинен мерт болушту. Аны кыргызды каалагандай оюнчук кылып, тезек тердиргиси келген Бакиев түшүнбөдү. Жабиров оюнчугун жасардан мурда ар бир кыргызга кайрылып: “Мен сени оюнчук кылганы жатам, уруксат бер: деп колун койдуртушу керек болчу. Ушундайбы, кыргызым?” деп жазды.

“Кереге” гезити мындан улам айрым атуулдардын буга карата ойлорун укту.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова: - Оюнчуктун гимн ырдаганы жакшы. Жарандык патриоттуулукту жаратат. Ал эми намаз окуу - ар бир адамдын өз эрки. Намазды кичинекей балага таңуулоо туура эмес,-деп,

Журналист Жаныбек Жанызак: - Бул оюнчуктарды чыгаргандар кыргыздын насибин жоготууга зор салымын кошуп жатат деп айтат элем. Мындан көрө балдарга тарбиялык мааниси бар оюнчуктарды жасашпайбы. Мисалы, боз үйдү, анын түндүгүн, керегесин жасап, кантип боз үй болуп тигилип каларын көрсөткөн оюнчук жасаса эң пайдалуу болмок,-деп,

Кинфликтолог Жыргалбек Касаболотов: - Гимн менен намаз окуганды үйрөткөндөн көрө санаганды, туура сүйлөгөндү, ата-энени сыйлаганды үйрөткөн оюнчук пайдалуу болмок,-деп,

Кинорежиссер Эрнест Жапаров:- Жаш балдардын оюнчуктарына динди киргизбей кое турсак болмок. Гимн ырдап, намаз окуган оюнчук наристелердин эркин өсүшүн чектейт,-деп жооп берди.

“Айкын саясат” гезити ушул жылдан март айында Таластын Арал айылындагы “Талас Коппер Голд” кен изилдөө компаниясынын күйүүчү майлар сакталган жана жумушчулар жашаган лагерин жергиликтүү тургундар өрттөп жибергенин, 14 контейнер менен кеңселер өрттөлүп, үйлөр талкаланганын, ал эми 8-октябрда ошол эле лагерге белгисиз адамдар кол салганын, өкмөт буларды шайлоодон кийин териштирмекчи болгонун окурмандын эсине салып, жакында кайрадан 400 киши чогулган жыйын өтүп, жергиликтүү эл Таластын Талды-Булак кенин иштетпөөнү чечкенин маалымдады.

Аталган басылма андан ары журналист Нурбүбү Бөдөшованын ак таңдай акын Замирбек Үсөнбаевдин 60 жылдыгына байланыштуу аны менен маектешкенин, ошондой эле залкар төкмө тууралуу айрым атуулдардын ойлоруна орун берди.

Таластын Кара-Ой айылында футбол боюнча өспүрүмдөрдүн арасында мелдеш өткөнүн, мелдеш спорт ардагери, маркум Жакыпбек Арыкбаевге арналганын да ушул гезиттен окйсуздар.

Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити “Таза соттор үчүн” кыймылынын орун басар төрагасы Кубанычбек Маматкеримовдун билдирүүсү боюнча маалыматты таратты.

Маматкеримовдун билдирүүсү боюнча аталган кыймыл Сотторду тандап алуу кеңешинин 14 мүчөсүнө каршы. Анткени сунуш кылынган соттордун ичинен – Ирэна Степкичева Орусиянын жараны экенин, Канымбүбү Карабаева КСДПнын мүчөсү жана депутат Токтогул Тумановдун жардамчысы экенин, Айданай Жупуева “Ар-намыстын”, Сарылбек Борбашев “Ата Мекен” патриясынын тизмесинде жүргөнүн, Үсөнбек Сарымсаков деген СССР убагында эле мушташ жана кыз зордуктоо менен күнөөлөнгөн эки кавказдыкты актап жибергендиги үчүн кызматынан куулган сот экенин, Замирбек Базарбеков болсо 2009-жылкы шайлоодо болгону Бакиевге каршы үгүт жүргүзгөндүгү үчүн балыкчылык 20 кишини абакка отургузганын, Алмаз Жутанов Кара-Суу районунда сот болуп туруп, алгач Бакиев тарабынан, андан кийин Отунбаева тарабынан кызматынан айдалганын, бирок булрдын баары эле ага болбой Соттордун кеңешине башын тыгып жатканын, артында “балакети” бар соттор муну менен эле бүтө койбостугун, алдыда дагы 5-6 соттун былыгы такталып, жарыя кылууга даярдалып жатканын жазып чыкты.

“Дело №...” буга улай эле кечээ мына ушул “Таза соттор үчүн” кыймылы Ош-Бишкек жолун бууп чыкканын, кыймыл сотторду реформалоо боюнча кыргыз парламенти сунуш кылып жаткан схемага каршы экендигин билдиргенин, митингчилер Сотторду тандап алуу кеңешин таратуу, Жогорку Кеңештин соттук-укуктук маселелер боюнча комитет төрагасы Садыр Жапаровду ээлеген кызматынан бошотуу, президент Роза Отунбаевага “Кыргыз Республикасынын Сотторду тандап алуу кеңеши жөнүндө” мыйзамга колун койбоо, Жалал-Абаддын облсотун бошотуу талабын койгонун кабарлады.

“Дело №...” жумалыгы андан ары журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө шектүү делген Алдаяр Исманкуловдун жана башкалардын Алматы шаардык сотундагы түрмөгө кесилишине атайын макала арнады.

Өлкөдө жакында жаңы партия пайда болорун, аны генерал Өмүрбек Суваналиев жетектеп калышы ыктымалдыгын маалымдаган саясатчы, мурдагы депутат Алишер Мамасалиевдин маеги басылды.

Аталган гезит ошондой эле 13-октябрдын түнүндөгү Бишкекте болуп өткөн өтө жаман авария тууралуу жазып чыкты. Ошол түнү “Ала-Арча-1” Мамлекеттик резиденциянын дубалын сүзүп, өрттөнүп кеткен “Мерседес” машинасынын эч нерсе калбай талкаланган сүрөтүн жарыялоо менен аны айдап баратып өлүмгө учурагандар Бишкектин Октябрь райондук мамлекеттик салык кызматынын кызматкери Эркин Абдулдаев жана анын жанындагы Наргиза Жуматаева болгонун маалымдап, “Мерседести” айдаган Эркин эч убакта ичкилик ичпегенин, тарбиялуу, чынчыл, ишине сергек мамиле жасаган жакшы кызматкер болгонун, каршылашкан душмандары да болбогонун, бирок төбө чачты тик тургузган мындай аварияга кандайча барганы азыркы күндө баарынын эсин эки кылып жатканын жазды.

“Дело №...” жумалыгы дагы бир маалымат таратты. Германиянын Потсдам шаарында “Кыргыз боз үйүндөгү романтикалык түндөр” аттуу кызмат көрсөтүү жайы пайда болгонун, анын кожоюну Маттиас Михел деген киши экенин, кыргыз боз үйүндөгү очоктун отунда көктөгү жылдызды санап уктаган бир түндүн баасы 249 евро турарын, Германиянын бул шаарындагы эки боз үйдүн биринин аты – “Ысык-Көл” деп аталса, экинчисиники улуу Айтматовдун акыркы романындагы барстын аты менен “Жаабарс” деп аталарын жар салды.
XS
SM
MD
LG