Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

“Кыргыз туусу” гезити 6-7-апрелдеги кандуу окуядан “акча жасаган” шылуундар тууралуу жазып чыкты.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Жалгандык менен куру сөз президенттикке жол табабы?” деген макаласын тартуулап, “Бүгүн эл да түшүнүп бүттү - президенттик орунга болгон күрөш бул - Бакиев бийлиги менен кийинки бийликтин ортосундагы кармаш, дагы тереңдете айтсак, наадандык менен адамдыктын ортосундагы кармаш. Бакиев башкарып турган мезгилге бир аз кылчайып көрөлүчү? Максим деген жаналгычы көзгө көрүнгөндүн баарын басып алып турду, кыргызды койго теңеди, Токтогулда суу какшып калгансып, кыштын кыраан чилдесинде 6-10 сааттан карайлатып жарыксыз калтырды, күч органдарын басып, каршылаштарын каматып, сабатып, алтургай аттырып жок кылып турду. Бир сөз менен айтканда бир үй-бүлө бүтүндөй бир элди эзип, кордоп турбадыбы, же жалган беле?-деп жазды.

Гзит андан ары президенттикке талапкерлер Алмазбек Атамбаев, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров тууралуу макалаларды, ой-пикирлерди ортого салды.

“Кыргыз руху” гезити президенттикке талапкер Кубанычбек Исабековдун “Мен убада бербейм, аткарам” деген сөзүн шилетеме кылуу менен ал жаңы түзгөн “Кыргызстан элдик фронтунун” максаты менен тааныштырды.

Саясат иликтөөчү Табылды Акеровдун “Бакиевдер Адахан Мадумаровду пайдаланып, кайра мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенишет” деген ат менен маегин, айтылуу сатирик Азизбек Келдибековдун “Беш бармагын”, педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рысбаевдин белгилүү окумуштуу Советбек Байгазиевдин илимий-педагогдук ишмердигин даңазага алган “Улутка ушундай кызмат кылса болот” аттуу макаласын “Кыргыз руху” гезитинен окууга болот.

“Жаңы агым” гезити “Президенттикке талапкерлердин баласы, бир туугандары канча?” деген баш теманын алдында президент Роза Отунбаеванын бала-чакасы тууралуу маалымат берип келип, президенттик жарышка түшкөндөрдүн ичинен Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү жана башкалары тууралуу маалыматарды берди.

“Эки азаматтын кармашы эмне берет?” деген теманын алдында белгилүү коомдук ишмер Накен Касиев тууралуу чакан макаланы жана ага карата саламаттык сактоо министри Сабыр Жумабековдун айткандарын жарыя кылды.

“Акрамия деген ислам сектасы ата-эненин кереги жок, Мухаммед пайгамбар керек эмес, бизге Кудайдын өзү гана керек, аны менен түз байланышабыз” деп динге ишенгендерди сектанын башчысына түз баш ийүүгө мажбурлап жатат. Тилекке каршы буга чек койо турган чиновниктердин көбү ислам секталары аркылуу эчак сатылып алынып, анын арам акчаларын жашыруун бизнеске айландырып алганын эл билет. Бул деген мамлекеттик чыккынчылык!”- деген талап менен Майрмакан Абылкасымова, Кален Сыдыкова баштаган маданият ишмерлеринин Кыргызстандын бийлик башында турган бир катар жетекчилерине кыргыз элинин каада-салтын чындап талкалап, кыйратып келаткан коркунуч жөнүндө коңгуроо каккан каты басылды.

“Алиби” гезити бул санын саясатчы Камчыбек Ташиевдин “Эмне үчүн чоң саясатка аралаштым?” деген китебинен үзүндүнү, Жалал-Абаддагы “Каниет” аялдар үчүн кризис борборунун “Эмне үчүн биздин аялдар Атамбаевге добуш беришет?” деген макала менен ачты.

“Дордой” базарынын аткаруучу деректири Аманбай Кайыповдун “Базарда соода солгундап жатса кайдагы коррупция” деген аталыш менен маеги жарык көрүп, анысында базар башчысы Борбор Азиядагы эң чоң базарлардын бири болгон “Дордойдун” азыркы абалы, айрымдар каңшаар тараткандай базар ээлери Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында эч кандай базар куруп жатпагандыгы жана башка маселелер тууралуу кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санына тырмакчанын ичиндеги “Революционерлердин” абийирлери ачылды” деген макалага окурман назарын бурду.

Макалада өткөн жылдын 6-7-апрелинде жаракат алгандарга өкмөт тарабынан миллиондогон акчалар бөлүнүп, бирок теңине жакыны кой терисин жамынган “революционерлердин”, амалкөй врачтардын, ортомчу шылуундардын кулкунуна кирип кеткени эми билинип, мындай жардамдын мыйзамдуу берилишин текшерүүдө көптөгөн былыктар чыга келгенин, мамлекет эми аларды кустуруунун айласын таппай отурганын
маалымдады.

Маселен Талас обулусу боюнча компенсация алган 276 адамдын ичинен 141иники күмөндүү экенин, Бакай-Ата району боюнча 2 млн. 750 миң сом ушундай жардам үчүн которулуп, бирок акчаны алгандар ошол 6-7-апрель күндөрү үйлөрүндө жаткандар, Талас шаарына буту басып барбагандар болуп чыкканы ачыкка чыкканын, мисалы Динара Шаботоева деген айым бир заматта элдик лидерге айланып, революцияга катышкан киши боло калганын, бирок ал айым 4-апрелде өтүнөн операция болуп үйүндө жатканын, сурамжылоого алганда, Чолпонбай деген жигит келип, “Сага акча керекпи?” деп сураганын, анан “Мага 10 миң сом берсең, сага мен 50 миң сом берем” дегенин, анан ал акчаны кандайча алганын айтып бергенин жазып чыкты.

Ушул эле Бакай-Ата районунун тургуну Хайриниса Шерматова: - Мен 50 миң сомду да, медалды да алгам. Менин эмгегим сиңген. Бирок бетине чыйкан чыгып, бирок революцияга катышып жабыр тарттым деп алгандар да бар. Алардын бири Чолпон, карабууралык Зарлык,-деп айтса,

Комиссия мүчөсү Эркин Эшимбаева: - Кишенбаев дегендер үй-бүлөсү менен 50 миң сомдон алышыптыр. Көз бойомочулук кылган врачтарды жоопко тартыш керек. Чолпон Токторалиев деген адам Москвада жүрүп акчаны кантип алганын, кайсы врач ага көрдүм деп документ бергенин аныктадык. Биз облустук күч, фискалдык органдарга ишеним көрсөтпөй, тешерүүнүн жыйынтыгын Башкы прокуратурага жөнөттүк,-деп айтты.

“Кыргыз туусу” гезити муну менен бирге эле “Маданият очогу кайра жанданды”, “Кыргыз парламенти калыптануу жолунда”, “Алаканы арттырууга ишеним чоң”, “Адилеттик бар жерде укук бузуулар аз болот” “Евросоюз 51 млн. евро жардам берет”, “Жапониянын гранты - жаңы жолдордун кубаты” деген жана башка макалаларды окурмандарга тартуулады.

Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногунда жандануу башталганын, акыркы убакта баалуу кагаздарды “Росказмет”, “Абдыш Ата” деген компаниялар чыгарып келсе, эми алардын катарына айтылуу “Шоро” компаниясы кошулганын, мунун пайдасы эмнеде экендигин талдоого алган макаласы менен окурмандарды журналист Мырзакат Тыналиев тааныштырды.

“Байкоочу кеңеш эмне дейт?” деген рубриканын алдында жарык көргөн макалада гезит кабарчысы Маданият жана маалымат министрлигиндеги байкоочулар кеңешинин төрагасы Садык Шернияздын бир катар суроолорго берген жообун басты.

Садык Шернияз 4-5 жылдан бери иштебей турган Токтоболот Абдымомунов атындагы Академиялык драма театры байкоочулар кеңешинин аракети менен ишке киришип, жакында театрдын 85-сезону ачылганын, айыл маданияты боюнча иштер башталганын, фонограмма менен ырдагандарга каршы күрөш жүрүп жатканын, бирок Коомдук байкоочу кеңеш айлыксыз иштегендиктен ишке бир топ кедергисин тийгизип келатканын кеп кылды.

Ушул эле гезиттеги журналист Жыпар Исабаеванын макаласы “Кыргыздар эмне үчүн китеп окубай калды?” деп аталды.

Кабарчы Турусбек Солтбаев Кичи Кемин аймагы тууралуу баяндап, бул өрөөндөн кандай көрүнүктүү адамдар чыкканын, азыркы күндө аймакта кандай иштер жасалып жасалып жаткандыгын кенен баяндады.
XS
SM
MD
LG