Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Басма сөз: Шайлоо болоор, анын эртеси да болоор


Шайлоого саналуу күндөр калды. Жарык көргөн гезиттер дагы эле үгүт иштерине байланыштуу макалалардын топтомун жарыялоо менен жаңы сандарын ачты.

Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова "Де-факто" гезитине “Болочок күйөөм кыргыз болот, бирок депутат болбойт” деген ат менен маек куруп, айрым журналисттер анын атын булгаш үчүн ар кандай ушактарды, жалган нерселерди жазып жатканын, муну ал аялзатка жасалуучу урмат-сыйдын жоктугу, тайыздык деп түшүнөрүн айтты.

Көз карандысыз эксперт Айбек Букуевдин макаласы “Өлкө картасындагы партиялык бөлүнүү” деп аталып, автор Борбор Азиянын алкагында алгачкы ирет пайда болгон парламенттик системанын пайдубалынын түптөлүшүнө баа берди.

Бийликке келген партиялардын саясаттагы салмагын таразалап, биз парламенттик республика жөнүндө сөз кылып жүргөн менен азыркы иштеп жаткан Конституцияда парламенттик-президенттик башкаруунун аралаш формасы деп жазылганын, эми кандай болгон күндө да 30-октябрдан кийин мыйзам чегинде президенттик институтту күчтөндүрүү жана ага кошумча укуктарды ыйгаруу турасында маселе көтөрүлүшү мүмкүндүгүн белгиледи.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев маек куруп, шайлоодо кимиси утса да элди жаңы референдум күтүп турганын, анткени президентикке талапкерлердин бири да Роза Отунбаеваныкындай ыйгарым укуктарга макул болбостугуна божомол жасады.

-Бүгүн бийлигин тапшырууга даяр турган президент Роза Отунбаева өз тарыхый миссиясын аткардыбы?-деген суроого Мыктыбек Абдылдаев:

- Эң негизгиси сөзүндө тургандыгы менен көп саясатчылардан аброю өйдө болду. “Шайлоого катышпайм” деди эле катышкан жок. “Мен президенттикти тынч жол менен өткөрүп берүүгө бар күчүмдү жумшайм” деди, ошол нуктан тайган жок. Шайлоо тынч өтсө, Отунбаева өз убадасында турат, тарых ага өз баасын берип, татыктуу орунду ээлейт,-деп жооп берди.

“Айат” гезити милиция кызматкерлеринин үч күндөн кийин белгилене турган кесиптик майрамына карата, Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Бактыбек Жусубалиев баштаган Чүй дубанындагы райондук милиция бөлүмдөрүнүн начальниктерин окурмандарга тааныштырды. Алардын кыскача таржымалын сүрөттөрү менен басты.

Мурдагы депутат Исках Масалиев “Айаттын” бул санындагы маегинде шайлоодо коркунучтар көп экенин, учурда коом түндүк-түштүк болуп бөлүнүп баратканын, Атамбаев түштүктөн колдоо таппагандай эле, түндүктөн башка талапкерлер колдоо таппастыгын, андыктан учурдагы калган талапкерлер сүйлөшүп, керек болсо, кандайдыр бир коалициялык өкмөт түзүү сунушун билдирди.

“Айаттын” кабарчысы менен маектешкен “Манас”- киноэпопея коомунун башчысы Топчубек Тургуналиев алдыдагы шайлоо жүрүшүндөгү ооздон учуп чыккан айрым сөздөргө токтолуп, эмитеден эле “жолду тосом, сотко берем” деген кептер айтылып атканын, ошондуктан талапкерлерге жеңилсеңер келип аттан түшүп, жеңген кишини биринчи куттуктап, таазим кылып, татыктуу жеңилгендин маданиятын да билиши зарылдыгын айтты.

“Асман пресс” гезити жаңы санын депутат Жылдызкан Жолдошеванын “БШК төрагасын тез арада кызматтан алуу керек” деген чакан маеги менен ачты. Жылдыз айым Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовду Конституциялык мыйзамдын 30-беренесинин 7-бөлүгүн так сактабай жаткандыгы үчүн сынга алып, шайлоонун таза өтүшүнө күмөн санап, туруктуулукка бүлүк түшүшү мүмкүн экенин, ошондуктан Абдраимов БШК жетекчилигинен тез арада кетиши керектигин жар салды.

Курултай кыймылынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин маеги бардык системадан курултайдын артыкчылыгын баяндап, так талашкандарды “эрегиштен эр өлөт”, “оюндан от чыгат” болбой, жаңы гана туруктуулуктун нугуна түшкөн кыргыз мамлекетин жоготуп албоого чакырды.

“Пресс.Kg” гезити Жумаш Назаровдун “Шайлоонун шайтан оюндарына эл гана бөгөт койот” деген макаласын окурмандарга тартуулады.

Автор анысында ушу кезде кандай гана маалымат болбосун аны тандап угуу керектигин, анткени обу жок кошоматчылардын айынан өлкөдө туруксуздук жаралышы ыктымалдыгын эске салып, аты жалпы кыргызга таанымал айым Замира Сыдыкованын “МК Азия” гезитине чыккан макаласын эчтеке бололекте эле коомчулукту ачык эле провокацияга тартууга, элди дүрбөлөң түшүрүүгө жасалган аркет катары баалап, катуу сынга алды.

Жумаш Назаров ошону менен бирге эле азыр “түндүк-түштүк” деген аталышы оор, алакандай кыргыз эли үчүн мааниси да татаал бул сөздү мансап менен бийликке далбас урган сяасатчылар гана көп оозанып калганын, болбосо карапайым калктын каалаганы тынчтык экендигин, өз ара бөлүнүү, жарылуу деген жоктугун, демек Кыргызстан кыйынчылыкта турганда, ага баарылап жөлөк-таяк болуу менен, өлкөнү экономикалык, саясый кризисттен тез арада чыгарып кетүү жагын ойлонуу зарылдыгын баса белгиледи.

Гезит кабарчысы Азамат Камчыбек уулу менен маектешкен коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов мамлекеттик түзүлүш, жаратылыш байлыктарын пайдалануу маселелерин кеп кылды. Шайлоо тууралуу сөз кылган Матубраимов талапкерлер биригели деп жети-сегизи чогулуп көргөнүн, бирок көбү жеке амбицияларын элдин кызыкчылыгынан жогору коюп, сунушка макул болбогондугун, өзү болсо кээ бир адамдарга окшоп акча жыйнай албагандыгын, ошондуктан талапкерлигин алып салганын айтты.

Ушул эле “Пресс.Kg” гезити окурмандарга “Талды-Булак кенине кимдин көзү кызарууда?” деген макала тартуулап, талаштуу кендин таржымалын талдоого алды.

Аталган басылмага кеп салган “Лион” бут кийим сатуучу дүкөндөрдүн башчысы, түрк ишкери Аслан мырза Кргызстан өтө жаш мамлекет экендигин, көз карандысыздыгын алганына болгону 20 жылдын жүзү болгонун, 20 жыл ичинде бир мамлекет эмес, бир адамды адам кылып тарбиялоо оңойго турбастыгын, өнүккөн мамлекеттердин баскан жолуна байкоо салсак, көптөгөн жаңылышып, жаса басууларды башынан өткөрүп жүрүп олтуруп өнүгүүнүн жолуна түшкөнүн мисалга алды. Ошон үчүн Кыргызстанга өнүгүү үчүн эч кандай деле концепция же программанын кереги жоктугун, анткени бардык шарттар түзүлгөнүн, бизнеске акча салам деген киши Нарындын жайлоосунан миңдеген койлорду алып, эт продукцияларын сыртка экспорттоого болорун, керек болсо Кыргызстан бул жагынан дүйнөдө эти, сүтү мыкты делген Голландияга үлгү болорун, себеби экологиялык таза продукцияны Кыргызстандын шартында гана өндүрсө болорун белгиледи.

Ал кыргызстандык жаш ишкерлерге кээде туруп таң каларын, акчаны иштеп таап алып, анан дароо эле кымбат баалуу “Джип”, кымбат баалуу там сатып алганга жумшарын, ошентип тапкан акчасынан дароо айрыларын, “Джип” минип, күнүнө 50 литр бензин куйган киши деле, машина тургай арабасы жок, алачыкта жашаган киши деле күн өткөрүп келатканын, андыктан кыргыздын бизнесмен жаштарын тапкан акчаларын кабат-кабат там сатып алганга жумшабай өндүрүшкө салууга чакырык таштады.
XS
SM
MD
LG