Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

Гезиттер: Бөлүнбө, кыргыз!


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик баары шайлоо алдындагы макалалардын топтомун жарыялоо менен жаңы сандарын ачты.

“Кыргыз руху” гезити гезиттин 20 жылдыгына байланыштуу президент Роза Отунбаеванын куттуктоосун басты.

Президенттин куттуктоосунда “Коом өнүгүүсүнүн генератору болгон басма сөз каражаттары өлкөдөгү демократиялык дөөлөттөрдү түптөө менен бир катарда эле кыргыз саясый аренасында эркин сөздүн жаңы саясый маданиятын түптөдү. Алардын алдыңкы сабында сиздердин “Кыргыз руху” гезитинин атын бүгүн биз сыймыктануу менен атайбыз” деген сөздөр бар.

Дархан Кара аттуу автордун макаласы “Биз Манастын эли болууга татыктуубузбу?” деген суроого жооп издеп, бир топ жалындуу ойлорду ортого салды.

Жумабек Калиевдин Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматов тууралуу макаласы “Бышкырганды билген чүчкүргөндү да унутпаса...” деген ат менен жарык көрдү.

Гезитте айтылуу сатирик Азизбек Келдибековдун “папкестан пародиялары” менен “Беш бармагы” жана Андрей Синельников аттуу автордун сегиз бир тууганы жана эки уулу бар Адахан Мадумаров жөнүндө жазган “Бакиевдик кандидат” деген макаласы бар.

“Алиби” гезити “Шайлоо 1-тур менен жыйынтыкталышы мүмкүнбү?” деген суроо менен кайрылды.

Саясый серепчи Орозбек Молдалиев: - 1-тур менен аяктоого көбүрөөк мүмкүнчүлүк болуп жатат. Социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгында Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаевдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп атышат,-деп,

Профессор Советбек Байгазиев: - Шайлоо 1-тур менен аяктайт деп айтыш кыйын. Ар кандай болушу мүмкүн. Бирок шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, элди көтөрүп, тополоң уюштурам деген саясатчыларга эл өзү жол бербейт,- деп,

Генерал Мирослав Ниязов: - Серепчилердин айтканына караганда алдыда 3 талапкер бар. Ошонун бирөө чыгат. Шайлоо бир тур менен аяктаган күндө да талапкерлер ортосунда чоң соода жүрөт. Алар бир сөзгө келсе жакшы, эгер тирешип туруп алса кыйын болуп калат,- деп жооп берди.

Белгилүү журналист Алым Токтомушев“Жаңы агым” гезитиндеги “Мессия” аттуу макаласын аяктап баратып, Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров капилет суроолорго чамгарак атып чычалаганы болбосо, теледебат дээрлик тынч өткөнүн, Алмазбек Атамбаев үчөө алдыда баратканын, кыскасы бул үчөөнүн кимиси келсе да: “Конституция өзгөрөт өңдөнөт. “МК Азия” гезитине курган маегинде Алмазбек Атамбаев утурумдук өкмөт менен жаңы Конституцияга катуу сын айтты”,-деп жазды.

“Жаңы агым” гезитинде “Роза Отунбаева сөз эркиндигин коргойт, а башкаларчы?”, “5-каналды кимдер талашып жатат?”, “Президент болбой калсаң чыр чыгарбай эле элдик курултайга бар” аттуу макалалар, маектер жарыяланды. Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун “Соболо” аттуу макаласы айтылуу жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө болду.

Студенттердин стипендиясы 100 пайызга жогоруларын, Ата-Бейитте күмбөз-эстелик ачыларын кабарлаган “Кыргыз туусу” гезити Улуттук илимдер Академиясынын академиктеринин шайлоо алдындагы эл-журтка кайрылуусу, айтылуу акын Алик Акималиев менен аксылык акын Ырызаалы Жанчаровдун ырлары, шайлоого байланыштуу жарыяланган каттардын топтому, Чүй университетинин президенти Султан Мамбеткалиев жөнүндө баян, журналист Эсенбай Калдаровду эскерүү баяны басылды.

“Фабула” гезити Кыргызстан акыркы 20 жыл ичинде митингдердин өлкөсүнө айланганын, мурдагыларын айтпаганда да үстүбүздөгү 9 айдын ичинде эле ар кандай багыттагы нааразылык акциялардын саны 1500гө жеткенин,

Кыргызстандын алтын кени бар делген майда-барат эмес, негизги жерлеринин саны 38ге жетерин, мындагы алтындын баасы 100,7 млрд. долларды чапчырын, бирок Орусия жылына 200 тоннадан, Өзбекстан жылына 74 тонндан алтын казып турса, Кыргызстан жылына болгону 18 гана тонна алтын казып аларын, ошентип кедей өлкөлөрдүн катарында келаткан биздин өлкө башкасын эсепке албаганда деле бир эле алтын менен кудуреттүү өлкөгө айланса болорун, тилекке каршы “колдо бар алтындын баркы жок” болуп келатканыбызды кеп кылды.

Ушул эле “Фабула” гезитине “Айкөл эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов маек куруп, азыр ал айрым гезиттер жазгандай чет өлкөдө эмес, Кыргызстанда эле жүргөнүн белгилөө менен 5-канал тууралуу ойлорун айтты.

Эдил мырза 5-канал деген Максим Бакиев басып алган Акевдердин КООРТ каналы экендигин, Малеванная, Бердникова, Урумканова, Мазыкина, Каганер, Турдумамбетовдор башында турган бул канал Бакиевдердин бийлик идеологиясынын борбору болуп туруп, мурдагы оппозицияны мазактоо, тебелеп-тепсөө жагынан эч бир телеканалды алдына чыгарбаганын, эгер жаңы бийлик өч алуу жолуна түшсө, бийликке келери менен бул каналды күм-жам кылмагын, бирок андайга барбаганын, ал эми бул каналды азыркы учурда парламенттик каналга айлантуу чечими бир ууч депутаттардын чечими эместигин, бул жалпы парламенттин чечими болгондугун, жаштардын аң-сезимин, жандүйнөсүн талкалаган пираттык тасмаларды көргөндөн көрө парламенттин жыйындарын көргөн алда канча артык болорун айтты.

Административдик ресурс колдонулуп жатат деген пикирлерге оюн билдирген саясатчы Эдил Байсалов административдик ресурстар кандай колдонуларын 20 жыл ичинде жакшы эле көргөнүбүздү, эми азыр чын тийбестер көбөйгөнүн, Кыргызстандагы, Бишкектеги үгүт такталарды, гезиттерди, телеканалдардын баары ар бир талапкердин каалаганын айтып, каалаганын жазганга толук мүмкүнчүлүктөрдү бергенин, азыр бийликке оппозициямын дегендер ал кездеги оппозиция болгондордун алдында шоона эшпестигин, баарына шарт түзүп берген мындай жагдай Акаев менен Бакиевдин тушунда деги эле болбогонун, ошол доордо Атамбаев менен Отунбаева алтургай өз айылдарынын клубдарына чогулуш өткөрө албай калганын, оппозиция дайыма куугунтукта болгонун, КТРдан ролик кетирели дешсе, ыраматылык Мелис Эшимканов “эфирдин баарын “Ак жол” алып койгон, бош убакыт жок” деп шылтоо кылганын, убагында Бакиевдин колтугуна кирип алып, ошол учурдагы караөзгөйлүккө көздөрүн жуумп, үн катпай келгендер бүгүнкү шарт, жагдайдан марттык менен пайдаланып, чокчолой баатыр болуп жаткандыгын белгиледи.

“Шайлоодон кийин кырдаал кандай болушу мүмкүн?",-деген суроого саясатчы:

- Кудай буйруса, шайлоо тынч эле болот. “Мен болбой калсам өрттөйм, жок кылам, согуш жарыялайм” деген сөздөр суу кечпеген сөздөр. Андайларды айткандар сырттан келген душмандар эмес. Кыргызстан баарыбыздын Мекенибиз. “Эл топтоп атыптыр” деген сөздүн баары чагымчыл сөздөр. Албетте таарынычтар, нааразылыктар болот, бирок турмуш бара-бара өз нугуна түшөт,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG