Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

Гезиттер болуп өткөн шайлоонун оош-кыйыштарын чагылдырган ар кандай көз караштагы макалаларды жарыялоону баштады.

Бүгүн жарыкка чыккан “Де-факто” гезити шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарабыз деп атышкан Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев Атамбаев менен жабык сүйлөшкөнүн, Атамбаев Мадумаровду өзү эң көп добуш алган Баткенге губернатор болуп бер десе андан баш тартканын, оюнда Бишкекке мэр болгусу келгенин, болбой баратса Чүй же Ысык-Көл губернаторлугуна макул болорун кыйытканын, Камчыбек Ташиев болсо фракция лидери катары эч кандай кызмат сурабаганын ишенимдүү булактардан алып жазып жатабыз деп кабарлады.

Гезит андан ары Мадумаровдун күйөрмандары 4 күн бою түштүктө митинг өткөрөрүн, бирок кандай болгон күндө да шайлоо деген жокко чыгарылбастыгын, Атамбаев президенттик кызматка жаңы жылдан тартып киришерин, ага даярдыктар башталганын, демек сүйлөшүү үчүн дагы убакыт барын белгиледи.

Саясат иликтөөчүлөр Марс Сариев Мадумаров менен Ташиев Атамбаевдин жаңы өкмөтүнүн курамына кирерин, бирок кандай кызмат аларын айтуу кыйын экенин айтса, Марат Казакпаев да ушул ойду андан ары бекемдеди. Дагы бир серепчи Табылды Акеров Атамбаев президент катары жаңы өкмөттү куруу ишине кийлигише албастыгын, өкмөт курала турган болсо КСДП премьерликти колдон чыгарбоого аракет кыларын, өкмөт башчылыгына Жантөрө Сатыбалдиевдин, Иса Өмүркуловдун, Темир Сариевдин, Эмил Үмөталиевдин же Тургунбек Кулмурзаевдин талапкерлиги каралаарын, Ташиев менен Мадумаровго министрлик же губернаторлук сунушталарын, спикерлик Текебаевге тийиши мүмкүндүгүн, ал эми коалициялык жаңы өкмөт “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, КСДП жана “Республика” партияларынан кураларын айтты.

Ушул эле “Де-факто” гезити президенттик жарышка түшкөндөрдүн кимиси кайсы облустан канча добуш алганынын санын шардана кылды.

Ал эми КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков эгер коалиция түзүү КСДПга тапшырылса, 5 фракция биригип өкмөт түзүү ишин кеңешерин, ал эми Мадумаров менен Ташиевдин жасап жаткандары кандай болгон күндө да жагымсыз көрүнүш экенин, элди козгоонун кереги жоктугун, мындай кадамдан өздөрү да, башкалар да утуп чыкпастыгын билдирди.

“Асман преss” гезити Жамин Акималиевдин маегин басты. Академик аксакал Атамбаевдин шайлоодон озуп чыгуусуна күн мурунтан эле жагымдуу шарттар түзүлгөнүн, административдик ресурстар колдонулганын, шайлоонун алдында маяналар көбөйтүлүп, Айтматов менен Манаска эстелик курулганын баяндап келип, анын ою боюнча Ташиев менен Мадумаровдун кемчилиги бири-бири менен бирикпегенинде болгонун, өткөн парламенттик шайлоого манчыркап, бул жолу да ошондой болот деп ойлошконун, ошол эле учурда жер-жерлерде “Ата Мекен” партиясы менен КСДП тыгыз иштешкенин, ушуну Ташиев менен Мадумаров түшүнбөгөнүн, экөө бири-бирине ишенбей, сокур намыска алдырышканын, эми Атамбаев уттум деп эле манчыркап калбай экөө менен кызматташууга барышы керектигин, керек болсо Ташиевди өкмөттүн башына дайындоону сунуш кыларын белгиледи.

Депутат Турсунбай Бакир уулунун ушул гезиттеги маеги “Атамбаев АКШ авиабазасын чыгарууга күчү жетпейт” деген ат менен жарык көрдү.

“Асман преss” гезити ошону менен бирге эле “Шайлоо таза өттү деп айта аласызбы?”, “Атамбаевдин президент болушуна кандай карайсыз?” деген суроого айрым жарандардын берген жоопторун басты.

Жарык көргөн “Учур” гезити баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Уурунун арты кууш”, Эркин Пиримов аттуу автордун “Көзбоочулук”, журналист Замира Сыдыкованын “АША добуш “ашадыбы”, ыя?”деген макалалары менен ачты.

Үч макалада тең шайлоо бурмалануу жолу менен өткөнүн, көптөгөн шайлоочулар тизмеге кирбей калганын, шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар, участкалык комиссиялардын протоколдору Жогорку Кеңештин координациялык кеңешинде кечээ каралып, маселенин олуттуу экендиги тастыкталганын, бул маселе бүгүн да караларын, өлкөнүн түндүгүндө да, түштүгүндө да нааразылык байкалганын баяндады.

Шайлоонун өтүшү боюнча айрым белгилүү адамдардын ойлору тартууланды.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков: Бирөө “таптаза, калыс өттү” десе, экинчиси “ыплас өттү, Атамбаевдин жеңишин моюнга албайбыз” дегендер да бар. Бул эки көз караш тең апыртма. Анткени мындай чоң шайлоо кемчиликсиз өтпөйт. Бирок менин байкоомдо мурдагыдай күчкө салмай, административдик ресурсту пайдалануу аз болду. Шайлоо деген шайлоо. Менимче, азыркыдай тагдыр чече турган учурда сабырдуулук кылган жакшы, элди дүрбөткөн болбойт, чаң салгандын аягы кандай болорун былтыркы түштүктө болгон окуяда көргөнбүз.

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев: Бөрк ал десе баш алган, аша чаап кошомат кылган жер-жерлердеги атка минерлер артык кылабыз деп тыртык кылып коюшту. Атамбаев ушундай жасагыла деп буйрук берген жок да. Андай буйрук да, документ да жок. Бул коммунисттик диктатурадан бери келаткан көрүнүш. Ошондуктан мындан ары Шайлоо кодексине абадан катуу жоболорду киргизиш керек.

Медиа-эксперт Илим Карыпбеков: Шайлоо өттү, бирок “бул шайлоону жокко чыгарыш керек, экинчи шайлоо жарыялаш керек” дегенге таптакыр каршымын. Буга экономикалык да, саясый да абалыбыз туруштук бере албайт. “Алмаз Атамбаев административдик ресурсту колдонду” деп күнөөлөшүүдө. Мен күнөөнү ага эмес, жер-жерлердеги чоңдорго койгула деп айтат элем.

Акыйкатчы Турсунбек Акун: Өтпөй калгандар 63 пайыз бурмалоо жолу менен алынды деп чычалап атышат. Убагында Курманбек Бакиев 80-90 пайыз менен өткөндө, Ташиев да Мадумаров да унчукпай, “Курманбек Салиевич” деп турушкан болучу. Аны эл унута элек.

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов: Мен шайлоо учурунда бир канча облусту кыдырып чыктым. Бирок эч кандай административдик ресурс дегенди байкаган жокмун. Ал эми талапкерлердин чатагы боюнча айтсам, алар демөөрчүлөрдөн “президент” болсом, сенин акчаңды эки эселеп кайтарып берем, кылмыш ишиңди жаптырып берем” деп акча алышкан да. 20-30 млн. доллар деген эмне деген акча? Өзгөчө Мадумаров эки оттун ортосунда калды. Менин бир байкаганым эл өсүп калыптыр.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов: Толук адилеттүүлүк болгон жок. Тоз-тополоңдон тажаган эл тынчтык, бейпилдик үчүн добуш беришти. Ошондой болсо да нааразычылыктарда негиз бар. Көл, Нарын, Чүй даанышмандык сезим менен “тынчтык эле болсун” деп унчугушкан жок, Жалал-Абад менен Ошто нааразы болгон тургундар менен бир пикирге келиш керек.

Мурдагы депутат Улугбек Ормонов: Мени таң калтырганы КСДП менен “Республикага” мейли эле, “Ата-Журттун” депутаттары шайлоодо Атамбаевге “кызмат” кылып жүрдү.

Коомдук ишмер Нуржамал Байболова: Шайлоо адилет өткөн жок. Мисалы Таластан Кубат Байболов 0 пайыз добуш алды деп уялбай теледен көрсөтүштү, ал жакта дос-тааныштарыбыз жок дегенде 300-400 добушун жөн эле берген болчу.

Журналист Нургазы Анаркулов: Азыркы бийлик шайлоо технологиясын Акаев менен Бакиевден да аша чаап бурмалашты, эми аягы эмне менен бүтөрү бүдөмүк.

Мурдагы депутат Сагын Матанов: Мен Камчыбек Ташиевдин штабын жетектедим. Азыр менин алдымда шайлоого карата нааразы пикирин билдирген каттар, протоколдор жайнайт. Менин уулум тизмеде жок болуп чыкты. Турдакун Усубалиев менен Роза Отунбаеванын уулу өздөрүн тизмеден таппай калыптыр. Октябрь районунун тизмесин тактаганыбызда 26 миң кишинин айырмасы чыкты, байкоочулар 2 миң, комиссиянын катчылары 3 миң, комиссия мүчөлөрү 5 миң, төрагасы 10 миң сомго сатылганы айтылууда, - деп жооп берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG