Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

“Дело №...” гезити Кыргызстандын тагдыры кимдерге байланыштуу болорун талдоого алган макала жарыялады.

“Президент ким болорун алдын ала айттык эле, эми премьер ким болот?” деген суроого жооп алгысы келген “Дело №...” гезити саясат иликтөөчү жана саясый технолог Бакыт Бакетаевди дагы бир жолу сөзгө тартты.

Буга чейин Акаевдин, андан кийин Бакиев менен Отунбаеванын президент болорун анализдөө аркылуу алдын ала айткан Бакетаев ушул эле “Дело №...” басылмасынын шайлоо алдындагы сандарынын биринде Атамбаев атаандаштарынан арбын добуш аларын, анын артынан Мадумаров менен Ташиев келерин, шайлоо бир эле тур менен аяктарын билдирген болучу.

Саясаттын мындан аркы жүрүшүнө сереп салган Бакыт Бакетаев бул ирет төрт фракция биригип, “Ата-Журт” оппозицияда калса анык күчтүү оппозицияга айланарын, агрессивдүү оппозиция болуу менен фракциялардын кылт эткен жаңылыштыгын көрсө кыйкырып тура каларын, ошентип өлкө диалектиканын мыйзамына ылайык ылдам алга жыларын, коррупция болбош үчүн ушундай күчтүү оппозиция зарыл экендигин, бийликтин куулук-шумдугун жакшы билген “атажуртчулар” финансы каражаттарын тап жылдырбай көзөмөлдөп турарын, антип Ак үйдүн ичинде “Ата-Журт” турса, сыртында Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстаны” шыкактап, колдоп турарын, Атамбаевдин бийлиги ошондо бир мүнөт да эс албай, бир кадам да жаса баскысы келбей жакшы иштеп берерин айтты.

Бакетаев андан ары Атамбаев коалиция түзүүнү “Республика” партиясына берерин, анын үстүнө анын ордунда калган Өмүрбек Бабанов абийирдүүлүк менен иштегенин белгиледи.

Өкмөт башына ким келерин кеп кылган саясат иликтөөчү азыркы кырдаал мурдагыдан башка талаптарды коюп жатканын, чындап эле кыргыз Столыпини табылып калса, оңдой берди болорун, жок, антип отурбай эле баягы эле жолго түшүп, тиягына да, биягына да макул болгон, тигил же бул партиядан дайындалган, министрлер менен аткаминерлердин баарын канааттандырган, аймактык кызыкчылыкка жооп бере турган “макулбай” премьер дайындалса, анда парламенттин бата турган күнү да алыс эместигин белгилеп, жаңы түзүлгөн коалиция өкмөт башчылыгына Өмүрбек Бабановдун жана Нариман Түлеев, Марат Султанов, Акылбек Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Дастан Бекешовдун аттарын атай кетти.

Бакетаев андан ары кыргыз экономикасы көп жылдан бери ооруп жаткан адамдын кейпинде экенин, аны айыктырыш үчүн кимдер гана келип премьер болбогонун, биз аттарын атаган саясатчылардын баарын врачтарга салыштырсак, анда алардын баары айыктырам деп 20 жылдан бери аракет кылып, айыктыра албай келатканын, ошондуктан бүгүн эч кандай фракцияда же эч кандай партияда жок адамдар келиши зарыл болуп турганын, маселен бизнесин энеси экөө колунда болгон эки-үч коюн сатып, бир казан жармадан баштап, бүгүнкү күндө миңдеген адамдарга иш таап берип жаткан “Шоро” компаниясын түптөгөн Табалды Эгембердиев же бизнесин күл төккөн талаадан баштап, мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланткан “Дордойдун” ээси Аскар Салымбеков өңдөнгөн адамдар келиши керектигин айтты.

Бакетаев ошону менен бирге эле депутаттарга премьер-министрликти аялдардан издеп көрүүнү да сунуш кыларын, аялдардан президент болгонун биз бүтүндөй Борбор Азияга далилдегенибизди, эми бир ирет премьер-министрди да аялдан коюп алып, дүйнөнү бери каратсак жаман болбостугун, анын үстүнө аялдар эне экендигин, эркектерге караганда көбүрөөк абийирдүү жана адилет, көбүрөөк принципиалдуу болорун, бирок кандай болгон күндө дагы, ким премьер-министр болбосун, январдан баштап реформаторлук жөндөмүн көрсөтө албаса, анда жазында парламенттин тагдыры чечилерин, кайрадан шайлоо, кайрадан саясый ызы-чуу бшталса, элдин жанып турган азыркы ишенимине суу себилерин, ошондуктан Атамбаевдин алдында ойлоно турган иштер өтө көп экендигин билдирди.

“Коалиция менен парламенттин тагдыры кандай болот?” деген суроо менен бүгүн жарыкка чыккан “Кереге” гезити да кайрылды.

Ишкер Бегалы Наргозуев: - “Ата Мекенди” оппозицияда калтырууга аргасыз болушат,- деп,

Саясатчы Кадыр Кошалиев:- Бабановдун премьер-министрликке, Текебаевдин спикерликке келишине каршымын,-деп,

Адабиятчы Абдыкерим Муратов: -Президент үчүн азыр баарынан бюджет жана өкмөттүн жаңы курамын түзүү маанилүүрөөк,-деп,

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков:- Фракциялар өз ичинен ыдырап, бири экинчисине өтө качып, депутаттар өз билгендерин жасап, парламентте тартип деле болбой калды. Бирок саясый кызыкчылыктары төп келбей калса эле парламентти таратып, жаңысын түзүп, жыл сайын шайлоо өткөрө берүүнүн азырынча кажети жок,-деп,

Саясат иликтөөчү Марат Казакбаев:- Белгилүү төрт фракция биригип, коалиция түзүп, “Ата Мекен” фракциясы оппозицияда калуусу ыктымал. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” парламенттин сыртындагы оппозициялык таасирдүү күч бойдон кала берет. Албетте парламентти таратууга аракеттер болушу мүмкүн. Анткени анын чыгымы бюджетке оордук кылууда. Канткен менен 120 депутат Кыргызстан үчүн көптүк кылат экен. Экинчиден, буга дейре парламент элдин купулуна толорлук көрүнүктүү иш жасай элек,-деп жооп берди.

“Дело №...” гезити “Оюнчулар жана пешкалар” же “Чыгышты устукандоо” деген аталыштагы чоң шахмат оюну. Эмне үчүн Атамбаев АКШнын аскер базасын чыгаруу жөнүндө сөз кылды? Түркия менен Орусия кайда шашылууда? Эмне себептен Бишкекте Сауд Аравиясынын элчилиги пайда болду?” деген баштеманын алдында белгилүү теолог жана саясат иликтөөчү Кадыр Маликов менен маектешти.

Араб өлкөлөрүндөгү революциялар Батыштын күткөнүндөй болбогонун, Америка Кошмо Штаттары элдик көтөрүлүштүн натыйжасында канча жылдан берки орноп калган диктатуранын ордуна демократия келет деп үмүт кылса, тескерисинче бийликке жалаң исламисттер келе баштаганын, Тунистте ушундай болгонун, кезекте Египет турганын, мунун баары АКШны чочулатып киргенин, деги эле акыркы кезде Батыш деградацияга учураганын, айрыкча жаштар өздөрү жашаган системага тоюп бүткөнүн кеп кылды.

Кыргызстан бул дүйнөдө чоң өлкөлөр ойноочу саясый шахмат доскасынын бир клеткасына айланарын, жакынкы күндөрү бул доскадагы башкы оюнчу Түркия болорун, Түркия Жакынкы Чыгышка канчалык тез таасир этүүгө аракет кылып жатса, Орусия КМШ өлкөлөрүнө ошондой эле тез таасир этүүгө шашып жатканын, анткени орус бийлиги “араб жазы” деген ат менен каптап келаткан революциянын толкуну өздөрүнө чейин жетип келишинен чочуп, алдын алып жатканын, ал эми Сауд Аравиясынын негизги тактикасы - вахабизмди жайылтуу болуп саналарын, Сауд Аравиясы вахабисттик коомдорду мечиттерди куруу менен финансылап келатканын, бул үчүн ал миллиарддаган долларын аябастан, ачык эле чачып жатканын, вахабизмдин идеологиясын дүйнө жүзүнө - Африкага, КМШ өлкөлөрүнө, Пакистан менен Ооганстанга, алтургай Европага жайылтып баратканын, эгер бизди вахабизм идеялары каптай турган болсо, анда Иран менен мамиле бузуларын, анткени Ирандын бирден бир душмандарынын бири - Сауд Аравиясы болуп саналарын баяндады.

АКШнын аскер базасы тууралуу сөз козгогон Кадыр Маликов Атамбаевдин база тууралуу айткандары алдын ала терең ойлонулуп айтылган сөз экенин, Америка ушу тапта Ооганстанга жакын делген өлкөлөрдүн бири болгон Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, эгер бул боюнча макулдашылбаса анда ар кандай шумдуктарды күтүүгө болорун кошумчалады.
XS
SM
MD
LG