Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Шайлоодон кийин


Гезиттер шайлоодон кийинки маселелер тууралуу ойлорду ортого салууда.

“Де-факто” гезитинин кабарчысынын суроолоруна жооп берген депутат Камчыбек Ташиев, ал туууралуу “кызмат алыш үчүн бийлик менен соодалашып жатат” деген сөздөр жалгандыгын, Атамбаевден башкаларга окшоп кызмат сурабастыгын, ал башында турган ”Ата-Журт” фракциясы коалицияга кирүүсү да, кирбей калуусу да мүмкүн экендигин, эгер фракция оппозицияга кетсе анда Кыргызстандын тарыхында ага дейре боло элек, эң күчтүү, эң конструктивдүү оппозиция болорун билдирди.

Ушул эле “Де-факто” гезитинин суроолоруна жооп берген журналист Замира Сыдыкова премьер болгусу келгендер көптүгүн, Ташиев өкмөт башчылыгын сураганын жанындагылар айтып жүрүшкөнүн, өкмөт башчы болом дегендердин ичинде Бабанов да барын, бирок ал саясатташкан фигура болгондуктан Атамбаевге оордук келтирерин, ошондуктан Атамбаев биринчи кезекте оппозиция менен консолидацияга барып, иштешүүгө аракет кылышы керектигин белгиледи.

Белгилүү акын жана журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун Кыргыз эл баатыры Сүйүнбай Эралиев тууралуу “Улуу акын Сүкө тууралуу” деген макаласы жарык көрдү.

Жаңы коалиция тууралуу ой-пкирлерге “Айат” гезити да орун берди.

Экономист Бекташ Кылычбеков:- Өкмөттү башкарган министрлер, чиновниктер өтө көп, ушул жагын кыскартууну караш керек. Парламенттеги депутаттардын санын да акырындап кыскартууга туура келет. Спикерликке Текебаев татыктуу, - деп,

Саясатчы Дастан Сарыгулов: - Былтыр “Эркин Тоо” гезитине парламенттин кетирген чыгымдары 457 млрд. сом деп жарыяланган. Депутаттар элден 457 млрд. сом үчүн мыйзам чыгаруу укугун сатып алышкан. Бул деген жарым млрд. сом. Парламент тарабайт. Себеби шайланып келүүгө акчалары көп кеткен. Ошол акчаларды кайра кайрып алмайын парламентти кууп да тарата албайбыз,- деп,

Саясатчы Жыпар Жекшеев:- “Тиги тигиндей кызматка барат, бул бул жакка келет” деген сөз мода болуп кетти. Бирок мен эч нерсе дей албайм,- деп,

Экономист Муратбек Мукашев:- Парламент тарасын дегенге кошулбайм. Эгер парламент тараса өлкөдө туруктуулук жоголот. Элге азыр мунун кереги жок. Парламент иштеш керек, - деп жооп берди.

“Айат” гезитинде ошондой эле депутаттар Нарынбек Молдобаевдин, Кожобек Рыспаевдин, Өмүрбек Абдрахмановдун, “Каганат” партиясынын мүчөсү Бекболот Талгарбековдун өткөн шайлоо тууралуу чакан маектери басылып чыкты.

Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов кабарчынын суроолоруна берген түшүндүрмөсүндө быйылкы кышта жарыкты өчүрүү болбостугун, бирок эл жалаң эле электр энергиясын карап отура бербестен көмүр сатып алуулары да керектигин, мамлекеттик кызматтарда иштеп, эки кабат үйлөрдө жашагандардан электр энергиясы үчүн карызын төлөбөгөндөр, жарыкты уурдап жаккандар дале бар экендигин айтты.

“Учур” гезити “Ак шумкар” саясый партиясынын башчысы Темир Сариев менен маекти басты.

“Эмне үчүн биз Атамбаевди колдоп чыктык?” деген суроого жооп берген Темир мырза, биринчиден башка талапкерлерге караганда президент болууга Атамбаевдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болгонун, экинчиден, “апрель революциясына” катышкан саясый партиялар бул жолу өз ара так талашып, бөлүнүп-жарыла бербей, баштаган реформаны аягына чыгаруу үчүн биригип иштейли деген чечимге келишкенин, аягында мунун жыйынтыгы жаман болбогонун, эми Атамбаевдин алдында күчтүү саясат жүргүзүп, мурдагы президенттердин каталарын кайталабоо милдети тургандыгын белгиледи.

- Эл арасында “Атамбаев түндүктүн кишиси. Ал президент болгон соң, премьер-министр түштүктөн болуш керек” дегендей сөздөр да жок эмес, буга кандай дейсиз?- деген суроого Темир Сариев, ушул жагдайды саясатчылар атайылап жасалма түрдө чоң саясатка айлантып жиберишкенин, эгер таза, калыс, күчтүү адам келсе, эл анын кайсыл аймактан экендигине карабай тургандыгын, бүгүнкү шарт жер-суусунун каяктан экендигине карабаган, бир гана эл деп башын сайган адамды талап кылып жаткандыгын, Атамбаев Ош шаары менен Ош облусунда 1-орунду алгандыгын, тагыраак айтканда Түштүктүн да, Түндүктүн да колдоосуна ээ болгон лидер экендигин, демек саясат таза, калыс болушу керектигин кеп кылды.

Шайлоодон кийинки парламент, жаңы коалиция, кадр маселеси тууралуу журналист Сабыр Муканбетовдун баяндамасында кенен кеп болду.

Кайрадан “Де-факто” гезити жазгандарга кайрылалы. Гезитке белгилүү куудул Күмөндөр Абыловдун маеги жарыяланды.

Кабарчынын буга чейинки 3 президенттин кимисинде тамашакөйлүк көбүрөөк эле деген суроосуна Күмөндөр куудул:

- Акаевде тамаша бар эле. Роза Отунбаеванын да тамашаны жакшы түшүнөрү байкалып турат. Бирок ал президент болгондон бери өлкөдө тамашалаша турган жагдай боло элек. Ал эми Бакиевдин абдан тамашакөйлүгүн борбордук аянттагы бийинен эле билсек болот. Ошол орунсуз тамашасы менен көпчүлүктү түңүлткөн, - деп жооп берди.

“Де-факто” гезити ошону менен бирге эле өткөндө депутат Райкан Төлөгөнов Бишкек жылуулук борборуна алынып келген көмүрдүн радиоактивдүү мандеми бар экендигин, бул арзан баадагы отунду парламенттин төрагасы Ахматбек Келдибеков калкалап алдыртып келгенин айтып чыкканын, эми минтип ошол көмүр текшерүүдөн өткөн соң радиоактивдүү фону нормадан 8-10 эсе жогору болгондугу аныкталгандыгын белгилеп, “эми бул уулуу көмүрдөн пайда көрмөкчү болгон чиновниктер жоопко тартылар бекен? Ахматбек мырза буга не дейсиз?” - деп суроо койду.

Гезит андан ары “Ата Мекен” фракциясы “Тынчтык жолу менен митинг өткөрүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, митинг өткөрүүнүн жаңы эрежелерин иштеп чыкканын, эми ага ылайык, митингди мурункудай бийлик белгилеген жерде эмес, каалаган жеринде өткөрө берсе болорун, бирок муну менен катар эле, “атамекенчилер” митинг өткөрүп, аягында башаламандык салгандарга, акча алып көнгөн митинг шылуундарына, айрыкча ажаан аялдардын “отряды” болгон ОБОНдорго катуу чараларды көрүү зарылдыгын айтып чыкканын, анын үстүнө акыркы убактарда “обончу” аялдардын катарына эркектер да кошула баштаганын, анан мыйзамга ОБОН дегенди кантип жазабыз деп жатып, “деструктивдүү күчтөр” деген ат менен жазуу тууралуу бир пикирге токтолушканын кабарлады.

Гезит булар менен бирге эле качкын президенттердин тунгучу Аскар Акаев Москвада 67 жашка толгонун, Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиев өкмөт башчысынан сөгүш алганын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG