Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:11

Басма сөз: Кыргызстандын тышкы кадамы


Кыргыз гезиттери өлкөнүн ички-тышкы турмушундагы окуяларга байкоо салган макалаларды басууну улантты.

“Алиби” гезити Темирбек Алымбеков аттуу автордун “АКШнын “ахиллес” бези же Кыргызстан ким менен болушу керек?” макаласы менен бүгүнкү санын ачып, Алмазбек Атамбаевдин шайлоодон кийинки биринчи басма сөз жыйынында чет элдик аскер базасынын биздин өлкөдө турушунун өзү кооптуу, андыктан АКШнын “Манас” аэропортундагы Транзиттик борбору 2014-жылдан кийин чыгарылат деп айтышы дүйнөнүн басылмаларында кызуу талкууну жаратканын, Кыргызстандын жаңы шайланган президенттери жаттап алышкансып, адегендеги сөзүн АКШнын аскер базасын айдап чыгаарынан баштаарын, Бакиев да ушинтип Орусияны ээритип, анан Американын 300 млн. долларын чөнтөккө салгандан кийин аңды-дөңдү айтканга өтүп, акырында сөзүнүн аягын таппай калганын мисалга тартты. Бирок кандай болгон күндө да, АКШдан кутула албастыгыбызды да моюнга албай коюуга болбостугун, бүгүн дүйнө бараткан багыт кыйын экенин, ошондуктан биз “АКШны “сонунсуң”, Кытайды “кыйынсың” демиш болуп, тарыхы киндиктеш жакынкы, алыскы коңшуларыбыз менен арабабызды кылдырата бергенден артыгы жоктугун, себеби учурдагы саясий, экономикалык кырдаал ушуга үндөп турганын кулак кагыш кылды.

“Жаңы агым” гезити: “Бейрасмий маалыматтарга караганда Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин таасирдүү бир өкүлү менен бирге Москвада Бакиевдердин бири менен жашыруун сүйлөшүү жүргүзүп жатыптыр” деп,

“Белгилүү журналист айым Беларуска барып, Курманбек Бакиевге тымызын жолугуп, узакка сүйлөшүп, капчыктуу кайтып келди. Эми ал Алмазбек Атамбаевге каршы күчтүү команда түзүп, бийликти оодарып түшүүнүн үстүндө аракеттенери айтылууда. Жакында анын ысмы өзү эле ачыкка чыгат” деп,

“Түштүктүн түшпөс ханы” аталган Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов Ош мэриясынын алдына Ички иштер министрлигине көз карандысыз муниципалдык милиция түзмөкчү болду. Бүл түзүм түздөн-түз мэрге гана баш иймекчи. Көпчүлүк Мырзакматовдун бул “ачылышына” баштары жетпей турган кези. Экинчи борбордун “ханы” деги ордолуу Ошту өзүнчө мамлекетке айланткандан сообу?” деп,

“Канттагы орус-аскер аба базасынын мөөнөтү 49 жылга узартылышы мүмкүн” деп,

“Спикерлик орун үчүн күрөш “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев, КСДПнын өкүлү Асылбек Жээнбеков, “Республикачы” Бакыт Төрөбаевдин ортосунда болушу мүмкүн” деп,

“Молдомуса Коңгантиев жаңы өкмөт курамына кошулары каңкууланууда. Ал коопсуздук боюнча төраганын орун басарлыгына барганы жатыптыр” деп,

Ички иштер министри болуп Мелис Турганбаев, Улуттук банктын төрагалыгына Темир Сариев же Марат Султанов барышы мүмкүн” деп,

“Ал эми Аликбек Жекшенкулов тышкы иштер министри болууга чуркап жүрсө, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев кызматынан кетет экен” деп,

Ошол эле “Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев бийлик менен соода жүргүзүп жаткан чагы. Ташиев өкмөт башчылыгын сурап жатыптыр. Бирок анын бул өтүнүчүнүн аткарылышы күмөн. Ага Коргоо министрлиги сунушталып атканын эшиттик. Ал эми Мадумаровго Көк үйдөгү барандуу фигура Чүй же Ысык-Көл губернаторлугун сунуштап жатыптыр” деп каңшаар таратты.

“Фабула” гезити “ОБОНчулар кимдер? Арты таза эмес аткаминерлердин акыркы таянычыбы?” деген макала басты.

“Бул жаңы термин кайсы бир саясый күчтүн кызыкчылыгын акчага коргоп бере турган албуут аялдардын тобу же кыскача ОБОН, убагында маркум Дооронбек Садырбаев койгон ат экенин, уят-сыйыттан ажыраган ажаан аялдардын мындай тобу айрыкча Бакиевдин балит бийлиги тушунда өзгөчө чоң күчкө айланып, Каркыра жайлоосун казактарга “чаап” берген да ушулар болгонун, президент Курманбек Бакиев, парламент спикери Адахан Мадумаров баш болуп кайран Каркыраны кармата бергенге кыжыры кайнаган Дооронбек Садырбаев менен Болот Шерниязов Түпкө түрүлүп барганда ур-тепкиге алып, жумуртка менен койгулагандар да ушулар болгонун, ОБОН аталган тажаал катындардын “аталыгы” Үсөн Сыдыков экени эл оозунда айтылып жүргөнүн, эми мындан ары кудай тажаткан обужок ОБОНду ооздуктоо үчүн мыйзам токулуп жатканын кабарлады.

“Кыргыз руху” гезити буга дейре болуп өткөн президенттик 8 шайлоону талдоого алган Азизбек Келдибековдун макаласы менен жаңы санын ачты.

Педагогика илимдеринин кандидаты Алмазбек Токтомамбетовдун “Куррикулум” деген ат менен окуу китептерин чыгаруучу программанын ниети, идеясы жакшы болгонун, бирок кыргызча кыйшайып кеткендиктен жолу түз болбой, аягында китеп чыгаруу тармагын толугу менен коррупция чырмап алып, канчалаган министр алмашса деле ошол тордон чыгалбай келатканын кеп кылды.

Автор андан ары “Алиппени” аттап киргенде эле сансыз катага туш болоруңду далилдүү мисалдар менен көрсөтүп, Билим берүү министрлигинин так аныкталган саясаты болбогондуктан, сырттан кирген долбоорлордун “оозун” карап иш кылып калганын, мындай долбоорлор оңбогондой акчаны сарптаган менен, жыйынтыгы жан кейитерлик абалда кала берип жатканын жаны ачып баяндады.

“Кыргыз руху” гезити ошону менен бирге эле журналист Жума Мамбетовдун “Токойлуу жерде шайтан көп” деген макаласын басты. Автор акыркы кездери капкара түстөгү кийим кийинип, бетин паранжы менен чүмбөттөп алган кыздар көбөйгөнүн, 29-каттамдагы автобуска түшүп, алдыңкы орундуктардын биринде отурган кара чүмбөт кызга “ордуңду мына бул эжеңе бошотуп бересиңби?” деп кайрылганда, тигил кыз: "Силерге окшогон динсиз, кудайсыздарга орун жок!" деп таккесе айтканына эмне дээрин билбей, боазала болуп туруп калганын, бүгүн ушундай кыз-кыркындар менен катар эле мечиттер көбөйүп, саны 2 миңден ашканын, балтыр эти каталек балдарды орозо тутууга үндөп, байыртан бери эле ата-энесинин колунда беш көкүл болуп, табияттай таза, эркин тарбияланган жаш кыздарды эрдүү аялдарга окшотуп, жоолук салынууга чакырык салгандар барган сайын зордукчул аракетке өтүшкөнүн, алтургай жакында “жоолук салдырбайсың” деп билим берүү министрин “кокологонго” чейин барганын, кыргыздын ыймандуу салт-санаасын тебелеп-тепсеп, улуттук белгилерибизди тытып жок кылууну максат кылып, исламга жамынган миң түркүн диний агымдар ачык эле адыраңдай баштаганын сөз кылуу менен, бул иш мечиттердеги имамдарды аттестациялоо менен же “мынча адабият алынды” деген кургак отчеттор менен бүтпөй тургандыгын, тиешелүү күч органдары бул багытта күн санап төрүбүздү тепсей баштагандардын ким экенин терең аныктап чыгышы керектигин, бул коркунучтан алдын алып, кыраакылыгын күчөтпөсө, жаңы конуштарды, көчөлөрдү, үй-үйлөрдү аралап жүргөн бул өңдүү шайтандардан арыла албасак эртең эле элдигибизден кол жууй тургандыгыбызга коңгуроо какты.

“Кыргыз руху” гезитинин ушул эле санында журналист Азизбек Келдибековдун Түгөлбай Казаковдун 60 жылдыгына карата “Генийлер кыргызда туулат” деген маараке макаласы да бар.
XS
SM
MD
LG