Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:33

Жума күнкү гезиттердин башкы темасы парламенттин айланасындагы маселелерге арналды.

Кыргыздын дагы бир таланттуу акыны, 55 жашында дүйнө менен күтүүсүз кош айтышкан поэзия дервиши Алик Акималиевдин сөөгү бүгүн саат 10до Чүйдүн Орок айылына коюлат.

“Жаңы агым” гезити парламентте болочок коалициянын тагдырына байланыштуу күрөш күчөгөнүн, Жогорку Кеңештеги “республикачы” депутаттар премьер-министрлик кызматты талап кылышарын ырасмий жар салса, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков президенттин инаугурациясынан кийин ал жетектеген фракция коалиция курамынан чыгаары ыктымалдыгын билдиргенин, ал эми “атажуртчулар” “республикачыларга” кошулуп коалицияны сактап каларын айтканын кабарлады.

Бул маселеге макала арнаган гезит 14 кеңешчиси, 19 жардамчысы бар төрага Ахматбек Келдибеков “Спикерликтен кетишиңиз мүмкүнбү?” деген суроого “Ата-Журт” башкаруучу альянска кирсе, анда төраганын маселесин парламенттик корпус чечет” деп тумандуу жооп узатканын, ал эми Башмыйзам боюнча спикерди ордунан кетирүү үчүн 120 депутаттын 80и макулдугун бериши керектигин, ошону менен бирге эле “республикачылардын” парламенттик көпчүлүктү сактап калуу демилгесин “атажуртчулар” жакташары бекеринен болбогонун, “Ак үй менен Көк үйдөгү шыбырларга караганда Өмүрбек Бабанов менен Ахматбек Келдибеков көшөгө артында катуу соодалашып, акыры биригүү бүтүмүнө токтолду дешет. Алардын бул аракети жүзөгө ашса анда Келдибеков спикерлик жылуу ордунда калып, Бабанов өкмөт башчысы болуп калмакчы” деп жазды.

Ушул эле “Жаңы агым” гезити “өкмөт башчылыгына шайланыш үчүн Нариман Түлеев депутаттарга 100 миң доллар таратты деген кеп кетти” деп,

“Өкмөт башчылыктын талапкерлигине Европада жүргөн Жоомарт Оторбаев да кошулуптур” деп,

“КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков 1-вице-премьерликке барышы ыктымал” деп кабар таратты.

Алиби” гезитиндеги “Эл өкүлдөрүнүн эсине” деген макаласында журналист Тынчтык Алтымышев “Эгер эл үчүн иштей турган коалиция түзүлүп, жаңы өкмөткө жалаң беш партиянын өкүлдөрү эмес, көп жылдардан бери саясатта жүргөн, эл жакшы билген прогрессивдүү күчтөрдөн да кошула турган болсо, анда Атамбаев менен бирге парламент да бир топ жыл иштешүү мүмкүндүгүнө ээ болот. Кокус парламент тар кызыкчылыктын туткунунда калса, анда Жогорку Кеңешти кайра шайлоодон башка жол калбай калат” деп жазды.

Маданият ишмери Таалайбек Бапанов да парламент тууралуу ойду улап, эл Атамбаевге ишеним артып турганын, бирок анын ишти алып кетиши коалициялык өкмөт аркылуу чечилерин, эгер парламенттеги партиялар буга чейинкидей өз кызыкчылыктарын эле ойлой берсе иш жылбастыгын, эл парламентти бийликти акимдерге чейин бөлүп алсын же трибунада мушташсын деп шайлабаганын, ошондуктан үч фракциядан турган коалиция түзүп, жаңы өкмөткө “Акшумкар”, “Акыйкат”, “Замандаш” партияларын киргизүү керектигин, эгер парламент мурунку коалиция түзгөн кездегидей ойноп, бирин экинчиси кулата чабабыз дечү болсо анда депутаттардын оюну өздөрүнүн түбүнө жетерин, себеби бүгүн саясатчылардын бардык кыймыл-аракеттерин беш колундай билген эл жаңы өкмөттү түзө турган парламенттен омуртка сындырчу оюнду эмес, өлкөнү алдыга жылдыра турган ишти күтүп тургандыгын кулак кагыш кылды.

Парламенттеги төрагага байланышкан чатакты, деги эле парламент тууралуу бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити да жазып чыкты. Буга байланыштуу журналист Алмаз Темирбек уулунун “Жогорку Кеңешти жоготуш керекпи?” деген макаласында сөз болду.

Автор парламент шайланып келгенде эле ээрге кыйшык олтурганын, анткени баары биригип шайлоочулардын 35 пайызынын гана добушун алганын, ошондон улам коомчулукта шайлоочулардын 50 пайызынын добушун албаган парламенттин легитимдүүлүгүнө күмөн туудурган пикирлер арбындыгын, бирок бул маселени бир дагы депутат мойнуна алгысы келбегендигин баяндоо менен парламентти таратуудан бөлөк жолду көрбөй тургандыгын белгиледи.

Фракциялардын ортосундагы күрөштү талдоого алган журналист эгер спикерлик кызмат Өмүрбек Текебаевге буюрбаса “Ата Мекен” фракциясы коалицияга кирүүдөн баш тартышы мүмкүндүгүн, жаңы шайланган президент коалиция түзүү тапшырмасын КСДП фракциясына бериши мүмкүн экендиги жөнүндө айтылып жатканын, непадам мындай болсо КСДП Жогорку Кеңштин төрагалыгы менен өкмөт башчылыкты талашпай, калыстыкты карманууга аракет көрөрүн, Атамбаев үчүн спикерге караганда өкмөт башчыны колго алып, биргелешип иштешүү ыңгайлуу болорун, анткени 120 кишини бир жүйөөгө келтирүүгө караганда бир өкмөт башчысы менен иштешкен кыйла жеңил экенин кеп кылды.

Макаланын автору аягында “Учурда өкмөт башчысы болууну самагандардын сабында Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев, Феликс Куловдун ысымдары аталууда. Булардын ичинен айрымдарынын премьер болуш үчүн депутаттарга 3 млн.доллардан 30 млн. долларга чейин акча чачууга даяр экендиктери айтыла баштады. Саясый аналитиктердин байкоосунда өкмөт башчысы болууга Өмүрбек Бабановдун мүмкүнчүлүгү чоң, кокус Бабанов өкмөт башчысы болсо Ахматбек Келдибеков спикерлик ордун сактап калышы мүмкүн. Айрым депутаттардын айтуусунда КСДП, “Республика”, “Ар-Намыс” фракциялары бир пикирге келишкени маалым болду. Эми буларга “Ата-Журт” же “Ата Мекен” экөөнүн бирөө кошулат. Кимисине спикердик буюрса, ошонусу коалицияга кирип, буюрбаганы опозицияга кетет” деп жазды.

Президенттикке шайланган Алмазбек Атамбаевге карапайым калк өкүлдөрүнөн келген кат жарыялана баштады. Нарындыктар жөнөткөн бул катта: “Алмаз мырза, Нарын жергесине келгенде “Эгер президент болуп калсаң ишти эмнеден баштайсың?” дегенибизде “Башаламандыкты токтотом, кыргыздын ата-бабадан келе жаткан каада-салттарын калыбына келтирип, тартипти катуу кармап, ошону талап кылам, жеп-ичкендерди кустуруп, колу-буттарын сындырам” дегенсиң. Кудай буюрса, тилегиң орундалып, президент болдуң. Айтканыңдай кыл. Эл ачкадан кырылып кеткен жок. Ишиңди эң алды менен тартиптен башта. Тартип болбосо күндө алтын чачып турсаң да ишиң алга жылбайт” деп кайрылды.

“Фабула” гезитине маек курган Кыргыз эл артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси Замир Сооронбаев Кыргыз эл артисти, белгилүү кино актер Чоро Думанаев үйү жоктугунан эмдигиче бир бөлмөлүү жатаканада баш калкалап келатканын, маданият министрлиги менен театрдын ортосундагы мамилеге ичи чыкпай жатканын, катардагы артисттердин айлык акылары көбөйгөнү менен эл артисттеринин эмгек акылары эч кандай көбөйө электигин, кыскасы бүгүн маданият министрлигин түп-тамырынан бери өзгөртпөсө, эртең Шакиевдин ордуна башка бирөө келсе деле мурдагыдан эч нерсе өзгөрүлбөстүгүн баяндады.
XS
SM
MD
LG