Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:16

“Дордой” бирикмесине 20 жыл. “Кыргызстан маданияты” гезитинин жаңы саны “Дордойго” арналып жарыкка чыкты.

“Кыргызстан маданиятынын” жаңы саны жарыкка чыкты. “Дордой” ассоциациясынын 20 жылдыгына арналган гезиттин маалыматынан кабар алсак, “Дордой” соода комплексинин ээлеген аянты 100 гектар экенин, дүйнөдөгү эң ири деген 52 базардын тизмесинде 10-орунда турарын, базарда жылына 4 млрд. доллар айланып турса, айына 330 млн. доллар айланып турарын, “Дордойдун” Кыргызстандын ички дүң продукциясындагы үлүшү 33 пайызды түзөрүн, соода-сатык менен иштегендердин саны 100 миң адамга жетсе, жумуш оруну 55 миң адамды түзөрүн, жалпы жонунан “Дордой” базарында 800 миң адам эмгектенип, үй-бүлөсүн багып турарын билүүгө болот.

“Дордойдун” 20 жылдык тою бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында саат 1де башталып, ага Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев, экс-президент Роза Отунбаева жана өкмөт мүчөлөрү, ишкерлер, депутаттар, коомчулуктун өкүлдөрү, чет өлкөлүк меймандар катышып, тойдун катышуучулары кечкисин ассоциация тарабынан Бишкектин 7-кичи районуна салынган 800 орундуу Космопарктын ачылыш аземине күбө болушат.

“Кыргызстан маданияты” гезитинин бул санынан ошондой эле Аскар Салымбеков жана Салымбековдордун үй-бүлөсү кимдер болгонун, алардын бизнеске чейинки жана бизнеске келгенден кийинки баскан жолу тууралуу толук маалыматтарды алууга болот.

Гезитте Жогорку Кеңештин депутаты Мамытбай Салымбеков, “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков, “Дордой Ордо” фирмасынын башкы деректири Эркин Салымбековдун маектери басылды.

Кыргыздын дагы бир чыгаан ишкерлеринин бири, “Шоро” компаниясынын президенти Табалды Эгембердиевдин макаласынан үзүндү.

"Аскар экөөбүз бир да жолу кымбат баалуу бизнес класста учкан жокпуз. Жалпы эл учкан самолетто отуруп баратып, берки бизнес класстагы айрым чиновниктерди, же алардын көпкөлөң балдарын көрүп алып: “Ие, Асаке, биз экөөбүз эмне үчүн бизнес класс менен учпайбыз?” десем “Ээ, Табыке, маңдай тер, таман акы менен табылган акча аялуу болот” деп күлүп койду, - деп жазуу менен, - мен атбашылыктардын арасынан эле Аскарга таарынгандарды угуп да, көрүп да жүрөм. Бирок Кыргызстандагы бардык бизнесмендердин ичинен коомдук иштерге спонсорлук чыгымды Аскардан көбүрөөк жасаган адамды, мисал үчүн мен билбейм. “Казга теңелип карганын буту сынат” болуп, Аскарды туурап эки жыл футбол командасын бага коём деп чачылып кете жаздадым. Аскар болбосо кыргыздын футболу да, көкбөрүсү да азыркы деңгээлде өнүгөрүн кудай билет эле" деп жазат макаласында “Шоро” компаниясынын президенти Табалды Эгембердиев.

Ушул эле жумалыктын бүгүнкү санында ушул эле Табалды Эгембердиевдин илимпоздор изилдей албаган “Сары-Челектин” кайдан чыккан тарыхын иликтеп чыккан кызыктуу баяны жана 15 миңден ашуун баа жеткис макал-лакап китебин түзүп кеткен Мухамед Ибрагимов тууралуу эскерүүсү да басылып чыкты.

“Кыргызстан маданиятынын” бул санында журналист Назира Саалиеванын кечээ жакында эле дүйнө салган, таланттуу акын Алик Акималиев менен акындын көзү тирүү кезинде берген маеги жарык көрдү.

“Дело №....” гезити Артем Петровдун президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясынан алынган репортажы менен ачылып, Грузия президенти Михаил Саакашвилинин студенттер менен жолугушуудагы сүйлөгөндөрүнөн үзүндүлөрдү баскан.

Грузин президенти Грузияда саясатта эле эмес өлкөнүн бардык тармагында революция болгонун, бийликтин 99 проценти жаштар менен алмашканын, бийликке мамиле да башка болгонун, азыр бийликтегилердин эң эле улуусу өзү 44 жаштагы Саакашвили болуп калганын, парламенти да, мамлекеттик кызматтагылары дагы өзүнөн жашы кичүүлөр экендигин, европалыктардын иликтеп чыкканы боюнча азыркы кезде Европадагы эң эле коопсуз деген өлкө Грузия болуп эсептелээрин, өлкө ушул темп менен өнүгүп отурса жакын арада Сингапурга окшоп каларын айтуу менен Кыргызстанда да өнүгүүгө бардык шарттар бар экенин белгилеп, жаштарды бийликке аралашууга чакырганын баяндады.

Адамгерчиликтүү, билимдүү, кыргыз, орус, англис тилдеринде түш жоруган жаш жигит Абдил Сегизбаевдин президент Атамбаевдин жардамчылыгына дайындалышы эмнегедир убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаровдун итиркейин келтиргенин маалымдаган “Дело №....” гезити Азимбек Бекназаровдун бир кездеги оппозициянын демонстрациясында Курманбек Бакиев жана Оксана Малеваная менен чогуу басып келатканын, Акаевдин бийлигин Бакиевдин бийлигине салыштырганда баланын оюнчугу болуп каларын, бүгүнкү Бекназров кечээги Бакиевди бийликке кантип алып келгенин бир заматта унутуп салганын кайрадан эсине салды.

“Дело №....” гезити ошону менен бирге эле “Жарык жок. Ким күнөөлүү? Албетте, жарык жаккандар!” деген аталыш менен Энергетика министрлигинин бөлүм башчылары Алмаз Стамалиев менен Марат Чолпонкуловдун кабарчынын суроолоруна берген жоопторун окурмандарга тартуулады.

Аягында энергетика боюнча эксперт Николай Кравцовдун ойлорун ортого салды. Электр энергиясы буга чейин кандай жолдор менен уурдалып келсе дал ошондой эле жолдор менен уурдалып жаткандыгын, аны техникалык жоготуулар, өздүк керектөөлөр үчүн кетүүчү чыгымдар, дебитордук карыздар деген атка жамынган амалкөйлүк менен жашырып-жаап келатышкандыгын, алтургай кезинде мындай жоготууларды эбак өлгөн адамдардын мойнуна жазып койгон учурлар да болгондугун, ушул жылдын март айындагы иликтөө көрсөткөндөй энергетика тармагында жумшартып айтканда эле 100 миллион доллар же 4 млрд. сом “саалып” турарын жаны кейип кеп кылды Кыргызстандын Энергетика министрлигинин байкоочулар кеңешинин мүчөсү, коомдук эскперт Николай Кравцев.

Гезитте наркозазат менен күнөөлөнүп, камакка алынган “Кыргыз руху” гезитинин менеджери Арыстанбек Дүйшембиев жөнүндө макала басылды.

Макалада 1962-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчысында туулган бул жигит Рыспек Акматбаевдин криминалдык тобунда жүргөнү, Косичка деген каймана аты бары, анын наркозатка байланышкан иштеринин тарыхы, “Кыргыз руху” гезитине кандайча келип менеджер болуп калганы, анын “Кыргыз руху” гезитиндеги иш кабинетин тинткенде Докунбаев Актилек Манапбаевич, Халимов Юнус Шавкатович, Сыдыков Чынгыз Шабданбекович деген адамдардын ысмындагы паспорттор табылганын, Ички иштер министрлиги бул адамдарды Башкы тергөө башкармалыгына кайрылууларын суранганы жана башкалары баяндалган.
XS
SM
MD
LG