Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Гезиттер парламенттин төрагасынын айланасындагы чырды, коалиция маселелерин талкууга алууну улантып жатышат.

“Асман преss” гезитине маек курган Жогорку Кеңештин депутаты Талантбек Узакбаев, бүгүн Кыргызстандагы эң бай, эң бактылуу адам экс-президент Роза Отунбаева экендигин, анткени ал ууру кылбаганын, жеп-ичпегенин, эң чоң байлыгы эли-жери менен бир болгонун, ал эми эң кедей, эң бактысыз адам качып кеткен Акаев менен Бакиев экендигин, алар самолет, вертолет менен акчаларын кайда катарын билбей качышканын, киндик каны тамган жерине батпай, бөтөн жер, бөтөн элге кире качканын белгилеп:

- Ала-Тоонун абасын жутуп, суусун ичпсең эмнеси бакыт? Өз жериңе өзүң келе албасаң эмнеси бакыт? Элиң менен сүйлөшүп, саламдаша албасаң эмнеси бакыт? Сөөгүң өз жериңе коюлбаса эмнеси бакыт? Өлгөндө топурак салып, кайгырып турчу элиң болбосо эмнеси бакыт? Өмүр бою бөлөк-бөтөн элдин колтугунда корголоп, келемиш чычкандай жан баккандын эмнеси бакыт?-деп суроо коюп, мына ошондуктан экс-президент Роза Отунбаева кыргыз тарыхында өтө чоң тамагалар менен жазылып кала турган эң бактылуу адам!-деп айтты.

Жумшак рейтинг деген эмне? Бул кайсы бир кызмат орунга талапкерлер атаандаштык менен добушка коюлуп, көбүрөөк добуш алганы шайлана турган ыкма экенин, бирок “Республика” фракциясы буга каршы экендигин кабарлаган “Де-факто” гезитинин бүгүнкү саны аркылуу “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков жумшак рейтинг ыкмасы өкмөт башчысын демократиялык механизмдер менен тандап алууга жакшы шарт түзөрүн, эгер ушул ыкма колдонулса премьер-министрликке талапкерлигин коерун билдирсе,

Депутат Акылбек Жапаров мындай ыкма керексиз талапкерди ыргыта чабыш үчүн колдонулуп келген ыкма экенин, учурунда Жумгалбек Аманбаев менен Апас Жумагулов жумшак рейтингге салынып, Аманбаев утканына карабастан Апас Жумагуловду дайындап койгонун, андан кийин Амангелди Муралиев Акаевге жакпай калганда аны “кулатыш” үчүн Курманбек Бакиевди жумшак рейтингге салдырып, утту кылып чыгарганын айтты.

Коалиция тууралуу кеп кылган депутат Токон Мамытов маегинде кеңейтилген коалиция болбостугун, анын оюнча “Ата Мекен” оппозицияда каларын билдирди.

“Де-фактонун” бүгүнкү санынан президенттин жаңы аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиев тууралуу Кошой Наркеевдин “Чөкпөс увазир” деген, Азимжан Ибраимовдун “Бажы оюну: эшик каккылап тура турсакпы?” деген, Санжи Туйтунованын “Кылым аферасына жем болгон “Кумтөргө” жумушка орношчулар 6 миң доллар пара беришеби?” деген макалаларды, журналист Айгүл Бакееванын “Кичи Памирдеги кыргыздар кырылып баратат, Кыргызстандан жардам күтүшөт!” деген маегин фотобаяны менен жана Адахан Мадумаров менен маекти окуй аласыздар.

“Айат” гезити спикер Келдибековдун парламенттеги ызы-чуусун, буга карата “улакка” түшкөн депутаттардын ойлорун, Балбак Түлөбаевдин “Элге балык жегенди эмес, балык кармаганды үйрөтсөк” деген, Бурул Мусабекованын “Келечеги кең жаштардын бири-Өмүрбек Бабанов” деген, Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалиловдун “Көчмөн эл” деген сөздү “караңгы, тоо-ташта тентип жүргөн, сабатсыз эл” деп баалагандын өздөрү караңгы” деген маегин жана башкаларды басты.

- Президенттин кадр саясатына кандай карайсыз?-деген суроого “Айат” гезити аркылуу

Саясатчылар Аликбек Жекшенкулов:- Шамил Атахановдун Улуттук коопсуздук комитетине келиши жакшы болду. Эң негизгиси таза жана ачык адам. Ал эми Абдил Сегизбаев кыргыздын билимдүү, тың, өсчү жигиттеринин бири,-деп,

Кубан Мамбеталиев:- Атаханов туура тандалды. Жантөрө Сатыбалдиевди коюп, “түндүк-түштүк” дебей, баарын аралыштырып жатканы туура кадам. Сегизбаев Акаевдин убагында пресс-секретарь болгон, бирок жаш, иштеп кете алат деп ойлойм,-деп,

Мирослав Ниязов:- Эл шайлоодон кийин Атамбаевден жаңы реформаны күтүп жатат. Тилекке каршы Атамбаевдин Конституциялык көп деле укуктары жок, укуктардын баарын парламент алып алган. Атаханов кандай иш алып барары белгисиз. Бул кызматка буга чейин бир да мыкты, татыктуу адам келген эмес. Биз бүгүн жоопкерчиликсиз башкаруу системасын киргизип алдык. Бул парламент мамлекетти башкара албайт. Себеби Кыргызстанда болуп жаткан көйгөйлөрдү чечпестен коалицияны кулатып, кайра түзүп, мышык-чычкан оюндарын ойноп жатышат,-деп жооп берди.

“Пресс.kg” гезитине Салима Жакшылык кызынын “Кыргыз экономикасында өлкө кайгысы эмес, бөлкө кайгысы күч” деген аталыштагы талкуусу жарыяланды. Талкууга катышкандардын бири, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун аткаруучу деректири Мирсулжан Намазалиев, Кытай бүгүн дүйнөдөгү либералдык экономика жүргүзгөндөрдүн алдыңкысы экенин, Грузия да Кытайдын реформасын кайталап жатканын, мына ушул Кытай, Грузия, Сингапур, Гонконг, Чили, азыр Монголия менен Эстониянын экономикалары окшоштугун, булар түз инвестиция тартуу жагынан алдыңкы орундарда турарын, алтургай бүгүн дүйнөдө дасыккан Англия же Германия эмес, Эстония менен Грузия алдыга озо баштаганын, демек биздин өлкөдө да саясый амбицияларды жыйыштырып, чыныгы реформаларды жасай турган мезгил келгенин айтса,

“Кыргызконцепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев, биздин бийлик өкүлдөрү Грузин президенти Саакашвилини жөндөн жөн эле чакырышпаганын, бул чечкиндүүлүк эркин тандоонун биринчи кадамы экендигин, эми экономиканы тушамыштан бошотуп, эркин кылуу керектигин, дүйнөгө эркин экономиканын үлгүсүн Биө аймакка айланганын мисалдар менен кеп кылды.

“Пресс.kg” гезити жаңы санын журналист Жумаш Назаровдун “Парламентте КСДП партиясы оппозиция болуп калуусу ыктымал” деген макала менен ачып, Атамбаевдин мурда күнкү жаңы дайындоолору тууралуу кабарлады. Кабай Капарбеков аттуу автордун “Коррупция кач, кубалап келетат!” деген макаласы Улуттук коопсуздук кызматынын ишмердигине арналды.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси Нази Баян кызынын макаласында талдоого алынды. Бул санда Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуевдин, Либерал жаштар партиясынын башчысы Сейтек Качкынбаевдин маектери бар.

“Айгай пресс” гезити Жолдошбек Токоевдин “Кудайлардын согушу” деген макаласын сунуш кылды. Автор кыргыз парламентинин чатагын Грек мифологиясындагы кудайлардын согушуна салыштыруу менен какшыкка алды.

Тамерлан Кылычтын макаласы “Алтындай акылы бар Аскар Акаевди жер безер, эл безер кылган, ал эми Максим Бакиев алтындан чүкө жасатып, эрмек катары калчап отуруп атасынын, агасынын түбүнө жеткен алтын болгон” деген ат менен жарык көрдү.

Жолдошбек Токоевдин дагы бир макаласы “Кайчы пикир же Алмаздын алмаздай болушун каалайбыз!” деген ат менен тартууланды.
XS
SM
MD
LG