Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Билим менен билек


Бүгүн жарык көргөн гезиттер Мурат Суталиновго байланыштуу ой-пикирлерди андан ары улантып, коалиция, кадр маселесин кеп кылды, маданият жаатындагы макалаларга орун берди.

Мурат Суталиновго байланыштуу оюн билдирген саясат иликтөөчү Орозбек Молдалиев экс-президент Роза Отунбаева реформа жүргүзүп, тилекке каршы аягына чыгаралбай кеткен ишти эми президент Алмазбек Атамбаев колго алып, биринчи кезекте сот бийлигин реформалабаса болбой калгандыгын бүгүн жарык көргөн "Фабула" гезити аркылуу маалымдады.

Буга улай эле журналист Баратбай Аракеевдин 7-апрелдеги кандуу окуяга байланыштуу сот иши жана Суталинов тууралуу макаласында азыр мыйзам деген түккө турбай калганын, Келдибековду коргойбуз деп түштүк тарап дүргүп турганын, күнөөсү бар адамды коргоо дегендин өзү кыянаттык болорун белгилеп: “Эпадам, Келдибеков ак жеринен сынга алынып кызматтан алынып жатса бүтүндөй эл колдоп бербейт беле? Азыр адам өлтүрүп камалса деле, ичип-жеп алып кызматынан айдалса деле аларды коргойбуз деп митингге чыкмай адатка айланды. Парламент болсо криминалдарга толуп кетиптир. Күч түзүмдөрүнүн күчү жетпей жатса анда президенттин бийлигин күчөтүш керек. Бүгүн дал ушундай күчтүү президент керектигин каалагандар улам көбөйүп барат” деген оюн билдирди.

Ушул эле гезитке “Улутман” партиясынын лидери Сазыкбай Турдумалиев маек куруп, мындай криминалдашкан парламентти таратуу керектигин, кенедей өлкөгө 20 депутат болсо жетерин, жаштар, маданият, спорт деген министрликтерди кошуп тейлеген бир эле борбор ачып, ага 5-6 кишини гана иштетип койсо жетерин, наам-сыйлык дегендерди токтом менен токтотуп, премьерликти жоюп, анын милдетин президентке өткөрүү зарылдыгын сунуш кылды.

“Жаңы агым” гезити “Кара башын ойлогон парламент калкты жыргатпайт” деген макаласында “Келдибековчул жана ага каршы депутаттардын ачык тирешин карап олтуруп бүгүнкү парламент трайбалисттик илдеттен алигиче арыла албай, тескерисинче түндүк-түштүк ажырымын ого бетер кеңейтип коюшканын байкайсың. Бул депутаттар мөөнөтү аяктаганча иштесе Кыргызстандын башын жутушу ыктымал. Ошондон чочулаган айрым күчтөр парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу идеясын коомчулуктун кулагына куя баштады” деп жазды.

Журналист Мелис Совет уулунун “Акүй алып сатарлык кылса, калганыбыз кайда барабыз?” деген аталыш менен Россия Кыргызстан үчүн берип жаткан күйүүчү май баягыдай эле көрүнөө да, көмүскө да Тажикстанга, керек болсо андан ары Ооганстанга чейин сатылып жатканын, муну жакында “Эр айдоочу” коомдук уюмунун жетекчиси Качкын Булатов, “Жаңы күч” коомдук уюмунун мүчөлөрү Бакытбек Мусаев, Куват Токсобаев маалымат жыйынын куруп, ишенип-ишенбей турган билдирүү жасашканын, укук коргоочулардын колуна Баткен облус проркурору Б. Жаанбаевдин Башкы прокурор Аида Саляновага күйүүчү май контробандасы тууралуу каты тийгенин, катта прокурор күйүүчү май мафиясын президент А. Атамбаевдин жардамчысы Икрам Имаров, вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Энергетика министри Аскарбек Шадиев жана анын иниси, Лейлек райондук финполициянын башчысы Замир Шадиев калкалаарын шардана кылды деп баяндады.

“Кыргыз руху” гезитинин кабарчысы Азизбек Келдибеков мамлекеттүүлүк турукташып, сырттан инвестициялар келе баштаганын, саясатта да, экономикада да кыйла такшалып калганын, өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу сыноодон жакшы өткөн Өмүрбек Бабановго эми ишенип өкмөт башчысынын эки тизгин, бир чылбырын кармата турган мезгил келгенин “Өмүрбек Бабановдун бейнесине сүртүмдөр” деген макаласында жазып чыкты.

“Кыргыз руху” гезитинде Уркалый Сулаймановдун СССРдин эл артисти, атактуу ырчы Кайыргүл Сартбаева тууралуу “Кайыргүл эже доорубуздун мыкты ырчысы” деген баяндамасы, “Айтматовду ырчылар окушабы?” деген сурамжылоолор да бар.

“Алиби” гезити Бакиев менен иштешип туруп кызматынан кетип, оппозицияга өтүп, ал тургай түрмөгө олтурган, түрмөдөн 7-апрелден кийин бошогон, азыркы депутат Исмаил Исаковго үзөңгүлөштөрүнүн ичи чыкпай баратканын, санаалаштары эле эмес калайык калк деле Исмаил Исаковдун экс-спикер Ахмат Келдибековго жан тартканына нааразы болуп турганын, “кечээ эле Бакиевдер ак жеринен темир торго салып, генералдык чининен ажыратып, акесин окутуп жатканда Ахматбек Келдибеков качан Исаковду коргоду эле? Коргомок турсун дал ошол Бакиевдердин короосунда жүрбөдү беле? Же жалганбы? Көрсө кыргыз ушундайыбыздан оңолбойт турбайбызбы, кандашыбызга, жердешибизге жөнү жок жерден жан тартып, колдобос жерден колдоп, акыйкаттыктан таят экенбиз да” деп жазды.

Ушул эле “Алиби” гезити Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акундун “Башына целлофан кийгизип, буттарын сындырып кыйнашат” деген аталыштагы маегине орун берди.

Кыргызстандагы абактардын абалы тууралуу сөз кылган акыйкатчы абак деген курорт эместигин, жалпысынан жаман дегенге болбостугун, бирок жакшырта турган, оңдой турган шарттар бар экенин, айрым СИЗОлордо жадагалса одеял, матрацтар жоктугун, анткен менен Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү шарт коңшулардыкынан дурустугун, тилекке каршы абакта башына целлофан кийгизип, сабап, муунтуп, буттарын чаап, сындырып кыйнагандар да болорун кеп кылды.

Кабарчынын "№31 абактагылар “Келдибековду кызматта калсын” деп акцияга чыгышкандыгын айтып чыктыңыз эле. Бирок аны жаза аткаруу кызматкерлери дароо четке какты. Буга эмне дээр элеңиз?"-деген суроосуна Турсунбек Акун:

- Бул маалыматты мага ал жактагы менин адамдарым, кызматкерлерим айтышты. Бул тууралуу менин көп маалыматым бар. Керек болсо, абакта жаза өтөп жаткан адамдар өздөрү чалып “аты-жөнүбүздү айтпаңыз” деп айтышты. Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков менен бул маалыматты тактадым. Генерал мырза анын чын экендигин тастыктады. Келдибековду колдоп чыккандан кийин демек, анын кандайдыр бир каналдарынын таасири бар да. Экс-спикер ошентип Жогорку Кеңештеги Келдибековдун ишин кароо боюнча комиссиянын “экс-төрагага криминалдык чөйрө менен байланышы бар” деген күнөөсүн өзү айгинелеп койду, - деп жооп берди.

Аталган басылманын “асмандан түшкөн” Суталинов тууралуу суроосуна саясаттагы генерал Мирослав Ниязов жаңы бийликти сынга алуу менен жооп берди. “Мына ушул бийликке келгендер: “биз таза бийлик курабыз, криминалга каршыбыз, коррупцияга каршы күрөштү баштайбыз, мурдагы мамлекетти жеп-ичкендерди жоопко тартабыз” деп кыйкырып келип, келгенден кийин бакиевчил кадрлар менен биригишип, аларга бийлик берип атып ушул ахыбалга келишкенин, сөздөн ишке өтмөйүн, тартип менен укукту коргой турган адам келмейин шорубуз арылбайт", - деп айтты.

Дагы бир саясатчы генерал Артур Медетбеков бийликтегилер билген жокпуз, көргөн жокпуз деген менен сүйлөшүп алып чечип коюшарын, Суталиновдун келиши саясый оюндардын башталашынан кабар берерин, эми жаңы фактылар ачыкка чыгышы мүмкүндүгүн билдирди.
XS
SM
MD
LG