Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Ыймандуу бийде тууган жок...


Бүгүнкү баяндамабыз орус тилдүү “Дело №....” гезитиндеги макалалар аркылуу болмокчу.

“Дело №....” жумалыгы бул санындагы алгачкы макаласын “Талкалоо деген кандай болорун Казакстан да жонтериси менен сезди” деген ат менен жарыялады.

“Казак бийлиги Жаңы-Өзөн калаасына келерки жылдын 5-январына чейин өзгөчө кырдаал киргизип, киши киргизбей, киши чыгарбай калааны жаап салды. Транспорт жүрбөй калды. Дүкөндөрдө азык-түлүк жокко эсе. Кадам сайын полицей. Кадам сайын текшермей. Мектеп окуучуларын каникулга айдап жиберишти” деп жазган басылма, оппозициянын айтканы боюнча, бийлик желекчен балдар менен жаштарды дал ошол мунайчылар чогулган жерге атайылап айдап барганын, иш таштоого чыккандар алардын жолун тосору менен полиция жетип келип, көздөн жаш агызуучу газ коё берип, артынан спецназ жетип, ок чыгара баштаганын, буга кыжыры кайнаган топ полициянын УАЗ автомашинасын тоголотуп өрттөп, андан кийин шаар мериясын, “ӨзөнМунайГаз” өндүрүштүк ишканасынын имаратын өрттөшкөнүн, тополоң эмнеден от алып кеткенин, нааразылык маяна маселесинен келип чыкканын жазды.

Ал эми Казакстандын Башкы прокуратурасынын айтканы боюнча, тополоңду хулигандар уюштурган, полиция кызматкерлерине кол салган, алардын курал-жарактарын тартып алууга аркет кылган, ошондо анан күч органдары ок чыгарууга аргасыз болушкан, аянттагы кагылышуунун аягы дүкөндөрдү талап-тоноо, мародерчулук менен коштолгон.

Өлгөндөрдүн арасында өзүнүн окуучуларын Казакстандын төбөлсүздүгүнүн 20 жылдык майрамына алып чыккан кесиптик-техникалык окуу жайдын мугалими да бар.

Жаңы-Өзөндөн башталган толкун 18-декабрда Ак-Тоого жеткен, Мангыстоо облусунун Шетпе темир жол стансасында да тополоң чыккан.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында тополоңду мунайчылар эмес бандиттик элементтер уюштурганын билдиргенин жазуу менен бул окуя барып келип эле Назарбаев доорунун башкаруусунун бүтөөр мезгили да аяктап калганын билгизерин, Казакстандагы болуп өткөн окуялар Кыргызстандагы 2005-жана 2010-жылды эске саларын, Кыргызстандагы көрүнүш акыры бир күн казак жеринде да кайталанарын казак бийлигинин үч уктаса да түшүнө кирбегенин, кыргыз революциясы тууралуу сөз кылганда казак бийлиги дайыма теңине албай, кергиштеп, теңсинбей, шылдың менен сүйлөп келгенин, мындан улам байыркы кыргыз эли эч качан башка бирөөлөрдүн кайгысын шылдыңга алып күлбөгөнүн, “бирөөлөрдүн ыйы менен муңуна күлбөгүлө, сынтакпагыла, табалабагыла” деген улуу накылды укум-тукумунун канына сиңирип келгенин, ушуну казак бийлиги эсине албаганын жазып чыкты бүгүн жарык көргөн “Дело №....” жумалыгы.

Бул макалага улай эле Казак президентинин улуу кызы Дарига Назарбаева Казакстандын мөөнөтүнөн мурда шайлануучу парламенттик шайлоосуна катышуу үчүн “Нур Отан” партиясынын партиялык тизмесине талапкер болуп киргизилгенин “Дарига Назарбаева атасынын ордун басабы?” деген чакан кабар аркылуу маалымдады.

Гезит ошондой эле “Садыркуловдун иши” боюнча Молдомуса Коңгантиев көрсөтмө бере баштаганын кабарлады. Гезиттин прокуратурадагы анонимдүү булагынын айтымында Молдомуса Коңгантиев ошол 2009-жылдын 13-мартында Медет Садыркулов, Сергей Слепченко жана Кубат Сулайманов түшкөн машина казак-кыргыз “Ак-Жол” чек ара бекетинен өткөнүн билерин, Коңгантиев адегенде Максим Бакиев менен, андан кийин Жаныш Бакиев менен сүйлөшкөнүн айтып бергенин, бирок анын эмнелер тууралуу сүйлөшкөнүн тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айталбастыгын билдиргенин маалымдады.

“Кыргызстан кайрадан коррупцияга каршы күрөшкө аттанды, президент Алмазбек Атамбаевдин алгачкы кадамы Улуттук Коопсуздук комитетинин алдында коррупцияга каршы кызмат түзүү менен башталды, эми бул чындап эле 20 жылдан бери башын алалбай келаткан жети баштуу желмогуз менен күрөшүүгө айланабы же дагы баягы эле “кагаз кармаш” бойдон кала берчү немеби?” деген суроо менен гезит кабарчысы коррупция деген балээнин төркүн-төсүн көп жылдардан бери иликтеп келаткан эксперт, илимдин кандидаты Бакыт Дубанаевге суроо салды.

Дубанаев түз эле паспорт алуунун жаңы эрежелерин мисалга тартып, буга дейре кимдир бирөөгө тез аранын ичинде паспорт керек болуп калса, адегенде эле паспорт кызматындагыларды сатып алмайдан баштап келгенин, анткени паспорт алуудагы бюрократтык тосмолордон өтүү өзүнчө эле тозокко айланганын, азыркы күндө легалдуу төлөө жолу менен паспорт алуу тартиби киргизилгени, паспорт алуудагы коррупция проблемасы өзүнөн өзү жок болгонун белгилеп, коррупция менен күрөшүүнүн түрдүү методдору бар экенин билдирди.

Эксперт бийликтин жогорку тепкичиндеги коррупцияга каршы күрөштүн бир ыкмасынын жаңы мисалы катары спикердин отставкага кетүү тарыхын атады. “Мен спикерди коррупцияга аралашты деп айталбайм. Бирок жогорку чиндеги адамдардын күмөндүү делген аракеттерин териштирүү үчүн парламенттик комиссиянын түзүлүшү эле коррупция менен күрөштүн бир ыкмасы болуп саналат. Демек эми мындан кийин депутаттар жогорку бийликтегилердин ичип-жеп атканын көрчү болсо, керек болсо министрлерди, премьер-министрди, алтургай президентти да эл алдына алып чыгып ашкерелей алат” деп айтты.

“Дело №...” гезити андан ары жаңы президенттин кадрдык дайындоолору баягы эле эски ыкмалар менен кетип, депутаттардын, аткаминерлердин, саясатчылардын тууган-туушкандары жылуу орундарды ээлей баштаганын белгилөө менен айрым жарандарга кайрылып: “Жогорку бийликте туруп алып, өз жакындарын кызматка көтөрүү ыйманга туура келеби?” деген суроо менен кайрылды.

“Таза табигат” коомунун башчысы Анара Дауталиева: - Азыр ыйман, этика дегендин карааны да жок. Кайрадан акаевщина менен бакиевщинанын жолуна түштүк. Баягы эле такымын жеп келген эски кадрлар мамлекеттик кызматтарга кайтып келди, кызматка телефон аркылуу дайындоолор кайра башталды.

Социалдык технологиялар агенттигинин деректири Гүлнара Ибраева: - Бүгүн биздин өлкөдө эч кандай жаңы нерсе болгон жок. Сөз жүзүндө демократия, иш жүзүндө теңирден тескери.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова:- Бийлик башындагылар тарыхтан сабак албай коюшту. Алмазбек Атамбаев президенттик ишин баштайлек жатып, мурдагылардын жолуна түштү. Бирок өз жолун оңдоого, кландык жол менен дайындоолорду токтотууга али да убактысы бар. Атамбаевдин инаугурациядагы сөзүнө ишенип турган элдин көңүлүн анын алгачкы эле дайындоолору иренжите баштады.

“Ала-Арча” Мамлекеттик паркынын деректири Шерик Койчуманов:- Кыргыз республикасынын “Мамлекеттик кызмат” жөнүндөгү мыйзамынын 8-статьясында мамлекеттик кызматта иштеп туруп ата-энесин, жубайын, ага-инилерин, алардын жубайларын, балдарын кызматка алууга тыюу салынат” деп жазылган. Мен мындан башка айталбайм.

“Шоро” компаниясынын президенти Табылды Эгембердиев:- Мисалы мен өзүм иштеген компанияга туугандарымдын бирин да жакын жолотпойм, кызматка албайм. Ошондой эле бир дагы балам компаниянын жетекчи кызматтарында иштебейт, - деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG