Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Узаган жыл


Бүгүн жарык көргөн гезиттер жыл жыйынтыгын чыгарып, “жыл мыктыларын” аныктай баштады.

“Алиби” гезити жаңы чыккан санын жаңы жылдык каалоо-тилектерге арнап, саясатчылар менен коомдук ишмерлердин, белгилүү ишкерлердин ойлоруна орун берди. Гезиттин өзөгү - “Жаңы жыл жаңылануунун, кайра жаралуунун жылы болсун!”, “Асыл ой менен алдыга кадам таштайлы”, “Молчулук, байгерчилик каалайм!”, “Жергебизде ыймандуулук өкүм сүрсүн”, “Улуу бурулуштун жылы болсун!” деген таза тилектерден турат.

Жаңы түзүлгөн “Мурас” саясый партиясынын төрагасы Аскар Салымбековдун “Мурас” муундарды бириктирет!” деген макаласында партияны билимдүү, ар кандай ушак-айыңдардан алыс, таза жана демилгелүү жаштар түзгөнүн сөз кылган.

“Алиби” гезити “Жылдын адамы” деп президент Алмазбек Атамбаевди атоо менен 20га жакын атка минерлердин жылдын мыктылары деп таап, аларды сүрөттөрү менен басып чыкты.

Журналист Болотбек Таштаналиевдин макаласында “Азат” үй куруу корпорациясы тууралуу сөз болот.

“Фабула” гезити бул санын журналист Баратбай Аракеевдин “Кыргыз жылын жерибейт!” деген макаласы менен ачып, бийликтин алмшуусун эске салып “Роза Отунбаеванын президенттик кызматын өз каалоосу менен өткөрүп бергени КМШдагы биртоп президенттерге, маселен Лукашенкого, Назарбаевге, Рахмонго жана башкаларга сонун мисал болгонун, эки мөөнөткө президент болгусу келген Путинге жакындан бери орус эли каршы чыга баштады. Ахматбек Келдибеков жаман жигиттерден эмес эле, бирок начар иштердин автору болуп койду. Кыскасы өтүп бараткан жылыбыз Розадай бажырайган жыл болду! Элди Алмазбек Атамбаевдей президенттүү кылды. Азырынча айтарыбыз ушул” деп жазды.

Тиленбек Азык аттуу автор макаласында фракциялардын жетекчилерине, анын ичиндеги айрым саясатчыларга мүнөздөмө берди. Жогорку Кеңеш тууралуу жазылган макала “Акматбек Адаханча боло албады”, “Тепки жеп, тепкилеген Ташиевдин “кадыры” жеңилди”, “Ар-Намысын” алдырып ийген генералдын тагдыры”, “Ата Мекен” айланып казыгын тапты” деген майда темалардан турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков Бишкектин Ала-Тоо аянтына орнотулган “Айкөл Манастын” эстелигине 5 млн. сом, Сүймөнкул Чокморовдун фондуна 1 млн. сом берип, кечээ эле 14 тому жарыкка чыккан “Кыргыздар” аттуу баалуу китепти баштан аяк финансылап, демөөрчүлүк кылганы үчүн Карганбек Самаковду “Фабула” гезити “Жылдын меценаты” деп атаганын жар салды.

“Жасай турган мыкты иштерибиз алдыда” деген ат менен журналист Айбек Шамшыкеевдин Нарын облусунун губернатору Канат Муратбеков менен маеги басылды. Губернатор тоолуу Нарында жыл кандай болгонун баяндап келип, эмдиги жылы Торугартка терминал курулганы турганын, чек ара артка жылбастыгын, терминал бүтсө жок эле дегенде 2 миң адам иш менен камсыз болорун, кен байлыктарынын артындагы ызы-чуу иликтенип, Жетим-Тоо, Кум-Бел жана башка 10дон ашуун кен чыккан жерлердин лицензиясын алдыртып таштаганын айтты.

Аталган гезит “Өтүп бараткан жыл эмнеси менен эсиңизде калды?” деген суроо менен Кыргыз эл баатырларына кайрылды.

Сүйүнбай Эралиев: - Атка минерлердин баарын шайлап алдык. Кудай эми ишибизди илгерилетсин.

Сооронбай Жусуев: - Маданияты болбой эл болбойт дегендей президент Атамбаев маданият тармагын жакшы түшүнөт. Ушул жагын өнүктүрүп кетет деп ойлойм.

Бексултан Жакиев:- Мактангандай болбоюн, экс-президентибиз Роза Отунбаева билимдүү, сабырдуу, билгичтиги менен эл аралык коомчулуктун астында кадыр-баркыбызды бийик көтөрүп, июнь окуясындагы каргашалуу күндөрдөн элибизди арылтып койду. Отунбаеванын эрдиги менен саясый оор кризистен чыккан өлкө катары дүйнө элине таанылдык. Албетте кемчиликтер бар. Атамбаев баш болгон өкмөт, спикер бул кемчиликтерди жойгонго аркет кылып жатат. Тилекке каршы бут тоскондор да болууда. Сын керек, бирок ал адилет болгондо гана пайдасын тийгизет.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы өкмөт мүчөлөрүн тааныштырып, аларды окурмандарга сүрөттөрү менен тартуулады.

Журналист Нарынкүл Назаралиеванын Оштун Кара-Суу районундагы Талдык айылына караштуу тоо койнундагы айыл жөнүндө жазган сапар баяны “Кышында канттиң, кыштагым?” деп аталды.

Академик Абдыганы Эркебаев коомдук жана гумантирадык илимдер жөнүндө ой толгоолордон турган макаласын “Кыргыз илими кыймылда, бирок өзгөчө көңүл бурууга муктаж” деген аталыш менен жарыялады.

Академик Эркебаев аталган макаласында дүйнө өзгөрүп жаткан бүгүнкү доордо “Кыргызстандын илими кандай абалда болууда? Кыргыз илими деги тирүүбү? Тирүү болсо эмнелерди баштан кечирип жатат?” деген суроолорго жооп издеди. Уландысы кийинки сандарга калтырылган макаланын бүгүн жарык көргөн алгачкы бөлүмүндө тарых илими жана тарыхка байланыштуу акыркы кездери жарыкка чыккан эмгектер жагдайында сөз болот.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүн “Жылдын мыкты почточуларын атады.

“Аты дүйнөлүк илимге таанылды!” деген тема алдында ушул жылдын акыркы айында Оксфорд шаарынын дүйнөлүк илимий коомчулук борборунда айтылуу Оксфорд Лидерлер саммитинин алкагында эл аралык Сократ атындагы сыйлыкты салтанаттуу тапшыруу аземи болгонун, анда Кыргызстандын Дипломатиялык академиясынын ректору, саясат таануу илимдеринин доктору Жумагул Сааданбековго Сократ атындагы “Илимдеги таанымал инсан” сыйлыгы ыйгарылганын, ошондой эле “Дүйнөлүк илимге кошкон салымы үчүн” дипломуна, төш белгисине ээ болуу менен аты учурдагы атактуу окумуштуулардын дүйнөлүк тизмесине киргенин шардана кылды.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин бул жолку макаласы “Муницпалитеттин менчиги көп, а каражаты эмнеге аз?” деген маселенин алдында айрым адистерди сөзгө тартты.

Дагы бир таланттуу кыргыз акыны Өмүрбек Тиллебаев да 50гө чыгыптыр. “Кыргыз туусу” гезити “Элим менен элүү жыл” деген баштеманын алдында Өмүрбектин бир бет ырын жарыялады.

Акын “Элүү жаш” деген ырында:

Элүү жаш эмне, ызгаарбы,
Эрийт дейт, ак кар, муздарды.
Аласам калып калгандай,
Караймын келин-кыздарды.

Элүү жаш эмне, куюнбу,
Ай-жылдар кумдай куюлду.
Сакалдын кылы көбөйүп,
Кашымдын талы суюлду... дейт.
XS
SM
MD
LG