Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Жаңы доор


Бүгүн жарык көргөн гезиттер эски жылда эмнелер болгондугун эске салып, жаңы доор келатканын жар салды.

“Пресс.kg” гезити электр жарыгынын өчүшүнө эл күнөөлүү эместигин, кыргызда “жаз камын кышта көр” деген сөз барын, ошондуктан Кыргызстандын энергетика тармагында камбыл, иштин көзүн билген чыныгы адистер иштээри чын болсо кабелдердин эскилиги жетип, чирий баштаганын алдын ала билип, жаздын үч айы, жайдын үч айы, күздүн үч айы, баары биригип 9 айдын ичинде алмаштырып салса болмогун, эми бир кышка жетпей ишпалдасы чыгып, электриктер тоң жерди казып кабель издеп, карапайым калк минтип жарыктын азабын тартып атканын, энергетика тармагындагы шалаакылык, иштин көзүн билбегендик калкып чыкканын, анан “Бабанов ант берээри менен Атамбаев жарыкты жандыргыла деп урушканын” жазып чыкты.

Ушул эле гезитте мурдагы саламаттык сактоо министри Сабырбек Жумабеков кызматынан мыйзамсыз алып койгон Улуттук онкология борборунун деректири Накен Касиевди жаңы министр Динара Сагынбаева кайрадан ордуна дайындаганын, эмгек инспекциясы да, профсоюздар да, парламенттик комитет да Касиевдин туура экендигин колдоп, эмгек жамааты мыйзамсыз иштен айдалган деректирин сүйүнүп тосуп алганын, президенттик балаты майрамы быйыл жакшы маанайда өткөнүн, 800дөн ашуун мектеп окуучусу белек-бечкек алып кайтканын кабарлады.

Салима Жакшылык кызы “Койон жылы “парламенттик демократия” жылы болду” деген макаласында жыл аягында президент да, өкмөт башчы да, коалициялык өкмөт да жаңыланганын, парламенттик башкарууга бир жыл болгонун, ийгиликтери менен кемчиликтерин санады. Артыкчылыгы катары Кыргызстандын тарыхында президентти сый-урмат менен узаткан жөрөлгө ушул жылга туура келгенин, Алмаз Атамбаевдин президенттикке шайланышы менен “легитимсиз эле, легитимсиз” деп жаткан айрымдардын ооздору жабылып, бийлик биротоло мыйзамдашканын, жаңы президент Кытай акылманы Дэн Сяопиндин “Тайгак кечүүдөн суунун түбү көрүнбөйт, таш да, аң-чөнөк да болушу мүмкүн” деген сөзүн мисалдап, эми элди бөлүп-жарган саясатчыларды ээрчибей, эртең эле жыргал заман курабыз деген алдамчыларга ишенбей, элди сабырдуулукка чакырганына, анын өлкөбүз кудай буйруса 3-4 жыл ичинде жакшы жагына өзгөрөрүнө, элдин ой-тилеги акталарына ишенгени азыр баарына үмүт байлап турганын белгиледи.

Аталган гезитке Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаковдун маеги басылып, анда фонограмма менен ырдоого тыюу салуу маселеси жөнүндө сөз болуп, маектин алдына айрым чыгармачыл адамдардын ой-пикирлери жарык көрдү. Айтылуу ырчылар Саламат Садыкова, Салима Балтаева, Стамгүл Турдалиева, жазуучу Султан Раев, “Градиент” фирмасынын генералдык деректири Эмир Сарпашев жана башкалардын баары Исмаил Исаковдун демилгесин бир ооздон колдоп чыгышканын маалымдады.

Журналист Назира Саалиеванын өмүрдөн эрте өтүп кеткен таланттуу акын Алик Акималиевдин жубайы Гүлүмкан Акималиева менен маеги тарууланды. Маекте акындын жубайынын эскерүүсүн, Алик он бир туугандын үчүнчүсү экенин, азыр жети бир тууганы барын, уулу сүрөт тартарын, күтүүсүз дүйнө салып, айла таппай турган учурда акындын курсташы Султан Раев биринчилерден болуп акчадан жардам бергенин, үй-бүлөсү Аликтин курсташтары менен калемдештерине ыраазылыгын билдирерин, эртең 30-декабрда кыркылыгы өткөрүлөрү кабарланды.

Гезитте белгилүү адамдардын жаңы жылдык куттуктоолору да бар.

“Учур” гезити парапсихолог Лариса Асанбекованын “Атамбаев үчүн Аватар бата берген” деген маегине окурман көңүлүн бурду.

Парапсихолог адамзат дүйнөсүн ойго салган 2012-жыл босогодо турганын, ушул жылда боло турган окуяларга байланыштуу жакында Индияга барып интенсивдүү программа менен 3 адам окуп келишкенин, 2012-жыл мурдагыдай кезектеги келчү жылдардын бири эместигин, анткени бүтүндөй бир доор бүтүп, экинчи бир дооргө өтө турган өткөөл мезгил келгенин, келе турган жыл өзгөрүүнүн жылы болорун, адамзат жаңы энергияга өтөрүн, өзгөрөрүн, Күн системасында бир цикл аяктап, экинчи бир цикл башталарын, Жер бетинен адамзат бир топ азайып, географиялык өзгөрүүлөр, жоготуулар көп болорун, акыр заман жан дүйнөсүнүн энергиясы төмөндөр үчүн чын эле акыркы болорун, Жер планетасы өзүнө батпай кеткен ыпластыктан, каралыктан, терс энергиялардан тазаланарын, кыскасы адамзат материалдык кызыкчылыктан аң-сезимдин аруулугун жогору койгон жаңы жашоо баскычына өтөрүн, мындай тазалануу 2012-жылдан 2014-жылга дейре созулуп, 2015-жылдан баштап, жаңы доорго аман-эсен өткөндөр үчүн жомоктогудай жаңы жашоо башталарын баяндап берди.

Лариса Асанбекова андан ары Индияда аватарлар же аруулангандар көп экенин, ошолордун бири Шри Багаван түзгөн Биримдиктин университети деген окуу жайы барын, ушул адам Атамбаев үчүн батасын бергенин, бирок муну Атамбаев билбей тургандыгын, муну алар Атамбаев үчүн эмес, Кыргызстандын келечеги үчүн жасашканын, анткени сыйынгандарга Кыргызстандын гүлдөгөн өлкөгө айланган келечеги көрүнгөнүн, бул үчүн азыр баарыбызга сабырдуулук, тынчтык, анан аруулук керектигин кеп кылды.

“Учур” гезити бүгүнкү санын баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Тыныгуу” деген макаласы менен ачып, Өмүрбек Бабановдун өкмөт башчысы болуп калышына казак бийлигинин салымы чоң болгонун, жаңы Баш мыйзам боюнча өкмөт башчынын укуктары өтө кеңири экенин, эн негизгиси президентке таптакыр көз каранды эместигин, оюндун “оту” бара-бара ушул жерден чыгышы мүмкүндүгүн, мындай шартта Атамбаевдин таянар тоосу жалгыз Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы болуп каларын, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” да мурдагы туруктуу позициясын жоготуп, “кылтылдамайга” өткөнүн, ошондуктан ага ишеним артуу кыйындаганын, ошентип Атамбаев катуу жаңылып, аткаруу бийлигине көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууганын, интригадан тажабаган саясатчылар болсо: “Келдибеков менен Бабанов экөөнү тең жайлаганга чама жетпеди. Атамбаев баары бир акырына чыгат. Бул үч айлык гана өкмөт. Көрөсүңөр ал жаз менен кетет” деген кептерди чыгарышып, саясат айдыңындагы тыныгуу жаздын башына чейин гана болот” деп каңкуулап жатышканын жазды.

“Учур” гезити “7-апрель баяны же абактагы үн” деген рубриканын алдында “Текебаев, Шерниязов, Төлөгөнов мырзалар Абдулланы пайдаланганбы?” деген макала жана буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөновдун “Абдулла менен 7-апрелде чогуу жүргөнүм ырас” деген ат менен тигил айтылгандарга жооп маеги басылып чыкты.

Бишкектин №1 СИЗОсунда 4 айдан бери жаткан Юсупов Абдуллажан, Оморов Дастан, Шергазиев Азамат атуу жарандардан Жогорку Кеңештин мурунку спикери Ахматбек Келдибековгого каты келгенин, катта депутаттар Текебаев, Шерниязов, Төлөгөновдун аттары аталып, “Биз 7-апрелде Райкан Төлөгөновдун буйругу менен Бакиевдин үйлөрүн, офистерин тоногонбуз, анан саясаттын курмандыгы болгонбуз” дегендерин мисалга тарткан.

Депутат Райкан Төлөгөнов мунун баары атайын жасалганын, былтыр август айында парламенттен Улуттук коопсуздук комитетин катуу сындаганын, ошондон тартып комитеттин мурдагы жетекчиси Дүйшөбаев артынан чукута баштаганын, анын оюнча катты абактагыларды коркутуп “диктовать” эттирип жаздыртып, сүйлөтүп алышканын, анткени азыр СИЗОдогуларды кандай каалашса ошондой пайдаланарын, эми ал бул маселени жөн койбой тургандыгын, атайын комиссия түздүртүп, иликтетип чыгарын, ошондо бардыгы ачыкка чыга тургандыгын билдирди.
XS
SM
MD
LG