Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Басма сөз: Жаштарга орун бошоткула!


Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттердин ичинен “Көк асаба” гезит гана жарык көрдү.

Аталган гезит дүйнөдө Жапон, Кытай, Инди, Өзбек жибек кездемелери жакшы белгилүү экендигин, мына ушуларга атаандашкан кыргыз кызы Гүлжан Иреш кыргыз жибек кездемесин чыгаруу үчүн болгон күчүн, билимин жумшап жатканын, ал атайылап Америкага барып, Нью-Мексико штатындагы Санта-Фе деп аталаган шаардан жибекти колдо согуу өнөрүн көрүп келгенин, азыр Жапондордун технологиясы менен жибекчиликти көчөт отургузуудан баштап, кездеме болгонго чейинки этаптарын үйрөнүп жатканын, Кыргызстанда тыт дарагы 4-5 жылда өссө, жапондордо 2 айдын ичинде эле өстүрүлүп, жибек алууга жарап каларын, эми мындан ары буюрса тез өсө турган тыт дарагын Кыргыз жеринде өстүрүп, кыргыз жибегин чыгарып, колго токуу иштерин жолго коёрун, анткени акыркы кездери кыргыз саймаларына, кыргыз кийиздерине чет элдиктердин кызыгуусу күчөгөнүн, илгер кыргыз энелер илим-билими жок туруп эле укмуштай шедеврлерди жаратканын, азыр ушул өнөрдү кайра калыбына келтирүү үчүн иштер башталаганын баяндаган макаланы тартуулады.

Гүлжандын ою боюнча, кыргыздар көз майын коротуп сайган саймаларын чет элге сатып оокат кылсын деп жасабаганын, азыркы доордо сатуу же сатып алуу мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон менен, кыргыздар сайма буюмдардын көчүрмөлөрүн гана четке сатып, нукура мурасты өзүбүздүн музейлерге сактап калуу керектигин, азыр бул багытта да иштер жүрүп жатканын, эски саймалар элден чогултулуп жатканын белгиледи.

“Көк асаба” гезити комузчу Кенжебек Алдаяр жараткан күүлөрдүн таржымалын баяндаган макаланы да сунуш кылды. Бул санда ошону менен бирге жазуучу Асыкбек Оморовдун кыргыз күлүктөрү тууралуу кызыктуу баяны да бар.

Кыргыз билим берүү Академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиевдин балдарды окутуу боюнча ой бөлүшкөн маеги басылып чыкты.

Белгилүү окумуштуу аталган маегинде акыркы учурда окуучулар үчүн предметтер көбөйүп кеткенин, ошондуктан кээ бир сабактарды бириктирүү аркылуу жеңилдетип, окуучуларды жаш курагы боюнча окутуу жагына өткөрүү керектигин, балдарды бир класска камап алып эле 11-класска чейин окута бербей, 9-класстан тартып адистикке үйрөтө баштоону, маселен музыканы сүйгөн балага музыка жагына, адабиятты сүйгөн баланы адабият жагына тарбиялоо керектигин, жөндөмүнө, шыгына жараша окутуу зарылдыгын баса белгиледи.

Ал андан ары ал мисалы мал ооруп калса 11-классты бүткөн бала дарылай албастыгын, ал эми адистик балдарды турмушка алдын ала даярдаарын, ушул тапта мектепти балага ылайыктап, анын өсүп-өнүгүшүнө кызмат кыла турган концепция иштелип чыгып даяр турганын, эми бул жолго өтүш үчүн өкмөттүн буйругу менен материалдык база гана керектигин кеп кылды.

Окумуштуу Советбек Байгазиев азыркы кезде адабият сабагы мектептерде формалдуу гана окутулуп жатканын, мисалы “Манас” боюнча жаңы технологиялар, жаңы инновациялык методика менен мугалим сабак өтүүгө даяр экенин, бирок “Манас” боюнча хрестоматия жоктугун, Саякбай менен Сагымбайдын варианттары чоңдор үчүн чыгарылып, балдар үчүн чыгарылбаганын, бүгүн балдар үчүн “Манастын” сюжетин толук камтыган кыска-нуска хрестоматия керектигин, иликтөө жүргүзгөндө Кыргыз улуттук университетинде 1-курстун 40 студентинин 90 проценти “Манастын” каармандарын санап бере алышпаганын, жадагалса эки сап үзүндү айталышпаганын, бардык эле мектептерде “Манасты” окутуу формалдуу жүрүп жатканын айтты.

Электрондук китептер жагдайында ой бөлүшкөн Советбек Байгазиев компьютердик окуу да окутуунун бир жолу экендигин, бирок бул баары бир технократизмге алып келиши мүмкүндүгүн, баланын жалаң акыл-эс логикасы гана өнүгүп, эмоциясы өнүкпөй каларын, окутууну жалаң гана техникага тейлетип коюу туура болбостугун, Кыргыз билим берүү Академиясы учурда жаштарды рухий адептик жана патриоттук жактан тарбиялоонун улуттук дөөлөттөрүнө негизделген концепция түзгөнүн, аны Жаштар министрлиги кабыл алганын да кошумчалады

Гезит ошону менен бирге жазуучу Абдымамбет Сариевдин “Бийликке жаштарды алып келүүгө алты сунуш” деген макаласын окурмандардын ой элегине салды.

Макала ээси өткөн совет доору кыргыздар үчүн жамандыктан да жакшылыкты көп алып келгенин, совет доорунун бир жакшы жери - таланты бар, ишке жөндөмдүү, аракетчил, илим-билимдүү жаштарды колдоп, колунан келген ишти берип, улам кызматтан кызматка бышырып, такшалтып олтуруп, эл үчүн иштеткенин мисалга тартып, ал эми жаңы доор келгенден кийинки 20 жылдын ичинде чыныгы таланты, жөндөмү бар жаштар мамлекеттин көңүлүнүн сыртында калганын, таланттуу далай жаштар башка өлкөлөрдүн өнүгүп-өсүшү үчүн кызмат кылып жүргөнүн, так ушундай илим-билимдүү жаштардын ордун бүгүнкү Кыргызстанда акчасы көп байлардын, көп жылдардан бери бийликтен түшпөй келаткандардын талантсыз, жөндөмсүз балдар-кыздары “басып” алышканын, булар киши менен сүйлөшкөндүн маданиятын, кыргыздын эзелтен берки улууну урматтап, кичүүнү сыйлап сүйлөгөндү билбестигин, кабинеттерге олтуруп алып шалпылдатып сагыз чайнап, компьютерде ойноп олтурушканын айтып кейиди.

Абдымамбет Сариев азыркы бийликке алты сунуш менен кайрылды.

1. Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн аппараттарында иштегендердин 50 процентин 25тен 40 жашка чейинки илим-билимдүү жаштарга берүү.

2. Өкмөткө караштуу бардык министрликтеги кызмат орундарынын 50 процентин 25тен 40 жашка чейинки жаштарга берүү.

3. Облустардагы, райондордогу бийлик орундарынын 50 процентин жаштарга берүү.

4. Ушул иштерди жүзөгө ашыруу үчүн Жаштар министрлиги Кыргызстандын ичинде жашаган жана чет өлкөдө иштеп жүргөн 25тен 40 жашка чейинки жаштардын документтерин жыйнап, адистиктерге жараша бөлүштүрүп, конкурс аркылуу жогорку кызматтарга сунуш кылуу.

5. Пенсияга чыкса да ар кандай жолдорун таап иштен кетпеген, жаңыча иштөө ыкмасын билбеген, интриган, өзүнүн бала-чакасынын камын көрүп, элди ойлобогон, замандан артта калган адамдарды иштен айдоо.

6. Кызматка таза эмес жолдор менен барып калган кадрларды жаш-кары дебей кызматтан айдоо.

Мына ушул 6 сунуш менен бийликке кайрылган автор ушул чаралар ишке ашканда гана Кыргызстан өнүгөрүн, бийликке жаштардын 50 проценти барса, ошол жерде мурдатан иштеп келаткан улуу муундагылардын 50 проценти аларга жол көрсөтсө иш оңолоруна ишене турган билдирген.
XS
SM
MD
LG