Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Басма сөз: Курама журт


Бүгүн “Де-факто”, “Айат”, “Айгай пресс” гезиттеринин жаңы жылдан кийинки алгачкы саны жарыкка чыкты

“Де факто” гезитинин жаңы жылдан кийинки алгачкы саны жарыкка чыкты. Гезитти барактаганда эле “Максим Бакиев башка аял алгандыгы үчүн атасын бутка аткан”, “Кумарканалар балдарыбыздын түбүнө жетип жатат!”, ”Авиакыйроолордун баары коррупциядан чыгууда”, “Айдоочусун алты жолу аткан олигарх” деген макалалар көзгө урунат.

Бул санга эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев тууралуу журналист Жамиля Таштанбекованын баяны басылды.

Эл жазуучусу, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиевдин “Кыргыздар кандай журт?!” деген ат менен Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаевге кайрылуусу жарык көрдү.

Кайрылуусунда эл баатыры Мыктыбек Абдылдаевдин: “Кыргыздар курама журтпуз деген пикир айтылчу болду, чын эле курамабызбы?! Кыргыз курама эмес, курама дегендерди тыялы” деп айтканын чечмелеп берди.

Жакиев “Манастагы” “Курама жыйып, журт кылдым, Кулаалы таптап, куш кылдым!” деген айтылуу саптарды мисалга тартып, “курама” деген кийиздин курагы эместигин, эпосто бул сөз уруу, урук, эл-журт дегенди түшүндүрөрүн, кезинде Манас бабабыз бүт Алтайдагы ар уруудан, ар уруктан турган элди курап-жыйып, бир кыргыз журту деген атка бириктирип туруп Ала-Тоого көчүп келгенин, ошондон бери кыргыз көп улуттуу курама журтту уютуп эл кылганын, анткени Манас доорунда “көп улуттуу” деген түшүнүк жок болгонун, ал эми кулаалы десе көбү салпылдап учкан кулаалыны түшүнөрүн, Манас убагында күчүн кайда жумшаарын билбей, туш келди басып калган эр азаматтардын башын бир максатка бириктирип, кыргыз элинин баскынчыларга каршы күрөшкөн баатыр чоролорун куш кылып таптаганын айтканын, “Манас” эпосун түшүнүү, адамды түшүнүүгө, адамды барктоого, улуу-кичүүнү урматтоого, жөн эле кычаштык кылып майдалана бербей калкыбыздын байыртан бери келаткан кеменгердик, көсөмдүк, калыстык, ыймандуулук дөөлөттөрүн ыйык сактоого, ар бирибизге айтылгыс акыл, табылгыс кенч болот эле деп кулак кагш кылган накыл кеңешин айтып чыкты.

Ушул эле “Де-факто” гезити швециялык саясат таануучу Йохан Энгвальддын “Кыргызстанда саясатчы болгуң келсе, өзүңдүн бандиттериң болушу керек” деген аталыштагы маегин жарыялады. Чет элдик саясат иликтөөчү анысында Атамбаев Бакиевге караганда дурустугун, бирок Акаев менен Отунбаевага жетпестигин, анын режими пирамиданы кайра калыбына келтирип, президенттик бийликти күчөтүү менен алек болчудай көрүнүп турганын, бирок парламенттик системаны сактап калууга кыргыз элинде мүмкүнчүлүк барын белгилеген.

“Айат” гезити Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын маектерин басуу менен жаңы санын ачты. Гезит Энергетика министри Аскарбек Шадиевдин “Азаттык” радиосуна курган маегин көчүрүп тартуулады. Академик Алтай Бөрүбаев маек берип, анысын “Илимди уурдагандар артымдан кара пиар уюштуруп жатышат” деп атады.

Гезитке Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси, генерал-майор Шейшенбек Байзаковдун маеги “Бир эле сойку бу жума Эшматтын аялы, кийин Ташматтыкы, анан Саша, Пашаныкы болуп киргизиле берет” деп аталып, Байзаков депутат Токон Мамытов классташы болорун, ага атырылып жаткандардын бири Орозалиев деген анын орунбасары ошол Токон Мамытовдун күйөө баласы экендигин, дагы бир депутат Туратбек Мадылбеков өзүнүн досу Назбеков дегенди алып келем деген ою барын, дагы бир депутат Тынчтык Шайназаровдун асыла турган жөнү барын, анткени ал илгери уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүн башкарып турганда анын атасына эки ирет кылмыш иши козголгонун, атасы эле эмес, өзү да бир кылмыш ишине, болгондо да 20 килограммга жакын апийим, 1 килого чукул героин ишине байланыштуу күбө катары өткөнүн, бул боюнча керек болсо документтер бар экенин, ошентип эл өкүлдөрүнүн эл билбеген жүзү ушундай экендигин сөз кылды.

Белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев чакан маегинде жол тосуу деген жапайылык, маданиятсыздык экенин, бүт дүйнөгө эң байыркы, эң чыдамкай, көчмөн цивилизациянын башында турган элбиз, Манастын урпактарыбыз деп жар салганыбыз менен акыркы 20 жыл ичинде эң жаман адаттарды үйрөнүп алганыбызды, митинг, пикет, жол тосуу деген бизде бара-бара өз мамлекетибизге каршы жасалган иштерге айланып калганын, мындай акцияларды уюштургандар мамлекеттин мыйзамдарын гана бузбастан, өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө, ошол эле Жети-Өгүздө, Тоңдо, Ысык-Көлдө, Талас менен Кара-Балтада тынч иштеп аткан товар өндүрүүчүлөрдүн ишин улантууга тоскоол болуп атканын, мындай көрүнүштөр өлкөгө зор зыян алып келе турган экономикалык кылмышка барабар экендигин кеп кылды.

Айылчы Сарыбаев мындан ары мындай акциялардын уюштуруучуларын кыргыз мамлекеттүүлүгүнө шек келтирүүчү кылмышкер катары жоопкерчиликке тартуу керектигин, бул сыяктуу митингдер бүгүн элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, өкмөттө отурган кимдир бирөөнү коркутуш үчүн уюштурулуп калганын, мындай жапайычылыкка чыныгы тоолук кыргыздар барбай тургандыгын айтты.

“Айгай пресс” гезити жаңы санын “Кыргыз көчү кайда барат?” деген макала менен ачты. Журналист Күлчоро Кабыловдун “Эң биринчи эне тил”, “Талагыла!”, “Бабановду “башкарып” жаткан ким?” деген макалалары тартууланды. Ногойбай Султановдун “Баш мыйзамдын башы айланганда” деген макаласында парламенттин кезектеги иши туурасында сөз болот.

Журналист Жолдошбек Токоевдин макаласы “Акаевчилер, Бакиевчилер жана жаңы тарых” деп аталып, жаңы президент бийликтегилерге мындан ары “түндүк-түштүк”, акаевчил, бакиевчил болуп бөлүнбөөгө чакырганын белгилеп, ушул маселенин күнгөй-тескейин талдоого алды. Кыргыз эли Манасына чейин да, Манасынын тушунда да эч качан жер-жерге бөлүнбөгөнүн, ар бир кыргыз баласы үчүн кыргыздын бардык жери ыйык ата-конуш катары саналганын эске салып, уюткулуу бир элди бүгүн түндүк менен түштүккө бөлүп жаткандар бийлик талашкан бир ууч катмар гана экендигин, мансапкорлор кызматка жетиш үчүн элди-жерди экиге бөлүү маселесин курал катары колдонуп келатканын, муну сокур, дүлөй киши да билээрин, ошондуктан муну мыйзам менен жок кылуу мүмкүн эместигин, муну жок кылуу үчүн ушул азыр да бийлик тепкичтеринде отургандар 20 жылдан берки кетирген кемчиликтерин, арамдыктарын, эки жүздүүлүктөрүн, уурулуктарын, элди талап-тоноп келгендиктерин моюндарына алуусу зарылдыгын, жеп-ичкендерин кусуп бериши керектигин, ушинткенде гана түндүк-түштүк маселеси суу сепкендей жок болорун жазды.

Жолдошбек Токоев макаласын андан ары улантып, жалпы кыргыз деги эле акаевчил”, бакиевчил болуп бөлүнбөй тургандыгын, болгону ушул эки режимди түптөгөндөргө, эки качкын президенттин колуна кол, бутуна бут болуп жүргөндөргө элдин берген баасы экенин, болбосо кыргыздын 70 жыл жыйнаган байлыгын арам тамактарга, жексурларга, улуттун чыккынчыларына талатып, элди итке мингизип, үй-бүлөлүк башкарууну киргизген Акаевдин режимин элдин эсинен жоготуу мүмкүн эместигин, ошону менен бирге эле Аксы элин жазалоого куралдуу “Тайфун” операциясын киргизип адамдарды өлүмгө алып келген, 2010-жылдын 7-апрелинде элди канга бойогон канкор Бакиевди эч ким кечирип, эч ким унутай тургандыгын, булардын кыргыз элин жасаган чыккынчылыктарын президенттин бир кайрылуусу менен жок кылып салууга болбостугун, Акаевдин камчысын чаап, Бакиевдин кылычын шилтегендер эч качан оңолуп кете койбостугун президенттин эсине дагы бир жолу салып өттү.

Бул санда мударис социолог Кусеин Исаевдин “Башка элдин эрежеси менен жашаган эл өнүкпөйт” аттуу макаласы жана “Камбартеп” аттуу мектептин негиздөөчүсү, архитектор Кубанычбек Назаровдун кытайлардын “ушу”, жапандардын каратэси сыяктуу эле кыргыздардын мушташ өнөрүн түзүүгө жасап жаткан ишин баяндаган маеги жарыяланды.
XS
SM
MD
LG