Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Гезиттер: Акаев менен Бакиев да “кыскарткан”


Бүгүн жарык көргөн гезиттер Жогорку Кеңеш менен өкмөттө жүргүзүлүп жаткан кыскартуулар тууралуу жазып чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити аркылуу баяндамчы Үсөн Касыбеков жаңы түзүлгөн парламенттик коалициянын жана жаңы өкмөттүн ишин талдоого алды. Автор өкмөттүн азыркы баштаган иш аракеттеринен келечекте майнап чыгаарына ишеним жаратарына, насыя кризисинин оор запкысын тартып, бир тыйындан бери үнөмдөөгө арагасыз болуп турган Грециянын мисалы Кыргызстандын өкмөтү үчүн да сабак болуп жатканына, бирок иштегенине бир ай боло электигин эске албай эле туш тараптан сындап чыккандар пайда болгонуна, алардын айрымдары өкмөткө “мурдуң кана десе оозун көрсөткөндөр келди” деп чыйт түкүрүп, кырданып турганына токтолду.

Үсөн Касыбеков макаласын аяктап баратып, ар бир жаңы иш, жаңы аракет, жаңы кызматка баа берээрден мурда адат катары аларды 100 күндүк ишинин натыйжасын көргөндөн кийин сынап көрүү керектигин, мунун өзү да эл аралык эреже катары бааланып келатканын, кадырлуу коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков айтмакчы, азырынча “жарабайт” деп кескин бүтүм чыгарууга ашыкпай, бир аз болсо да абайлай туруу зарылдыгын жүйөгө тартты.

Ушул эле гезиттин суроолоруна жооп берген Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбеков парламентти сынга алды. Рыскелди мырза экс-спикердин машинасынын дөңгөлөгүнө бир жарым млн. сом караган парламенттин мамлекеттик тилге бөлгөн каражаты бир депутаттын бир жылдык бюджети менен бирдей экендигин, Москвага эч пайдасы жок өкүлчүлүк ачып, мамлекеттин казынасына зыян келтиргендин ордуна бул каражатты эне тилдин маселелерине кам көрүүгө жумшаса болмоктугун, жакында Каржы министрлигинен штаттык биримдикти кыскартуу боюнча кат келгенин, мисалы тил комиссиясында болгону 14 адам иштеп жатса, эми анын 11ин кыскартууга туура келерин, эгер ушундай болсо анда тил комиссиясында өзү, шоопуру, анан катчысы гана каларын түшүндүрүп, вице-премьер-министр Аалы Карашевге кирип чыкканын кеп кылды.

Журналист Мирлан Алымбаевдин Эмгек сиңирген артист Калыбек Назаралиев бүгүнкү күндө Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнүн бириндеги жер төлөдө баш калкалап жатканын, өзү түбү Таластын Кара-Буурасынан болорун, таланттуу артист кантип ушундай тагдырга туш болгонун маегинде айтып берди. Журналист Бөкөнбай Боркеев айтылуу Ырысбай Абдыкадыровдун арбагын бетке кармап, аферисттик кылып жүргөндөрдү Баратбай Аракеевдин суроолоруна берген жообунда шардана кылды.

Бактыбек Алиевдин макаласы акыркы кездердеги казак-кыргыз мамилесине арналды. Автор эзелтен бери эки боордош элдин жан дүйнөсүнүн азыгы болуп келген айтыш өнөрү илгери казак менен кыргыздын бир тууган эл экенин, дүйнөдөгү эң жакын эл экенин даңзалап келсе, акыркы кезде ынтымактын эмес, элди экиге бөлүүнүн, бир элди экинчи элге жаманатты кылып көрсөтүүнүн, байлыкка эрдемсип басмырлоонун куралы болуп баратканын, тилекке каршы муну казак айтыш өнөрүнүн идеологдору жасап жатканын жаны кейип кеп кылды.

Ушул эле санда “Элибизге жасалма курултай эмес, чыныгы курултай керек” деген ат менен кадамжайлык юрист Абдинаби Назарбаевдин макаласы жарык көрдү. Автор бүгүнкү курултайчылардын идеологиясы уруучулууктун гана тегерегинде жазылган деп сынга алды.

“Фабула” гезити ошону менен бирге Жогорку Кеңеш жаңы жылды жаңы дем менен баштап, адегенде эле мамлекеттик бюджетти үнөмдүү пайдалануу зарылдыгын айтып чыгышканын, бул багытта кыскартуу ишин өзүнөн баштаганын жактоого алды.

“Жаңы агым” гезитинин жаңы жылдан кийинки алгачкы саны да сатыкка түштү. Гезит өкмөт кыскартууга барып жатканын, “эми ушул иштерден майнап чыгып, өлкө бюджети үнөмдөлөрүнө көзүңүз жетеби?” деген суроо менен айрым атуулдарга суроо салды.

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев:- Кайталанма органдардын жоюлганы туура. Ошондой эле саман-топон болгон 76 аймактык административдик мекемелердин санын кыскартуу керек. Облустарды жоюу сунушумду 93-жылы эле айткам. Аткаминерлердин армиясы азайса, бюрократия азаят,-деп,

Экономика доктору Айылчы Сарыбаев:- Чиновниктерди кыскартуу өнөкөтү Акаев заманынан бери эле келатат. Мурда деле өкмөт структурасын 30 процентке кыскартабыз дешчү. Негизи өкмөт түзүмүн жана бюджет саясатын реформалоону түп тамырынан бери жүргүзүш керек эле. Тилекке каршы жаңы өкмөт ушуга көңүл бурбай жатат,-деп,

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев:- Мындай аракет мурдагы Акаев менен Бакиев тушунда да көрүлгөн. Менимче жаңылануу башкача өңүттө жүргүзүлсө туура болмок. Бүгүнкү өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана бөлүм башчылары чет тилдерин билбейт, ошондуктан жооптуу кызматта отурган чиновниктерди жалаң профессионал кадрлар менен алмаштыруу керек,-деп,

Журналист Мелис Айдаркулов:- Бакиев да кээ бир мекемелерди кыскартып, ЦАРИИ дегенди түзүп, ага уулун отургузганы белгилүү, азыркы өкмөттүн бул ишинен майнап чыгарына ишенем, айрыкча депутаттардын жеке айдоочудан баш тартабыз деген сүйүнттү,-деп жооп берди.

Аталган гезит “Анык азарт эми башталабы?” деген чакан кабарында 1-январдан тартып казинолор жабылды деп дуулдап жаткандардын үмүтүнө суу себилчүдөй болуп турганын, жабылбай да калышы мүмкүндүгүн, анткени Юстиция министрлиги өкмөттүн ал боюнча токуган токтомуна тескери баасын бергенин, юристтердин чечимине ылайык казинолорду жабуу боюнча өкмөттүн токтому Конституцияга каршы келерин, казиночулар эми өз укуктарын коргоп, Конституциялык палатага, Жогорку Сотко кайрылганга акылары бар болуп калганын, демек казинону жабуу же жаппоо маселеси дагы далайга чейин созуларын, ал чечилмейинче кумар оюндары иштей бериши мүмкүндүгүн кабарлады.

Москвалык кыргыз жазуучусу Муса Мураталиевдин “Бутпарас менен Мария” аттуу романы жаңы китеби жарык көргөнүн, президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Түркияда жүргөнүн, кечээ Анкара шаарында эки тараптуу жолугушуу болуп өткөнүн, айрым саясат талдоочулардын айтымында, иш сапардын башкы максаты- Америка Кошмо Штаттары Түркия аркылуу Алмазбек Атамбаевдин “Манас” аэропортундагы авиабаза тууралуу позициясын өзгөртүүгө жол издеп жатканын, кызмат деген ушинтип бир заматта тууганды душманга айлантып койорун, жаңы жыл алдында Жогорку Кеңештеги бөлөлөр Ахматбек Келдибеков менен Марат Султанов бюджет комитетинин төрагалыгын талашып чатакташа кетишкенин, акыры Ахматбек мырза “үстөмдүк” кылып төраганын тууруна конгону калганын, мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаков “арнамысчы” депутат Токон Мамытов менен классташ экенин, анын күйөө баласы кызматка орноштуруусун суранганда баш тартканын жар салса, депутат Токон Мамытов анын айткандарынын баарын четке кагып, Байзаков менен деги эле классташ болбогонун айтып чыкты, кимиси беш өрдөгүн учуруп, кимиси ак жерден күйүп атканын билбей окурмандардын башы маң болгонун, жакында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобуна мүчө, милицияда издөөдө жүргөн 31 жаштагы Асанбек Мейманбеков менен Канатбек Сыдыков кармалганын кабарлады.
XS
SM
MD
LG