Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Абактарга ким кожоюн?


Бүгүн жарык көргөн кыргыз гезиттери абакта олтургандардын кечээ күнкү чырдын эмне себептен чыкканын да баяндашты.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков “Фабула” гезити аркылуу Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзамды биринчи окуусунда кабыл алганын, бирок баары бир депутаттар парламентке тең ата болчу атаандаштыктын пайда болушун каалабай тургандыгын кыйыр түрдө билдиргенин белгилеп, өткөн жылы “Прогресс” коомдук уюмунун жетекчиси Адил Турдукулов өлкө кош палаталуу парламентке муктаж, ошондо азыркы парламент төмөнкү палатанын милдетин аткарса, Элдик курултай жогорку палатанын милдетин аткарып калмак деген жүйөлүү сунушун айтканын, чын эле ал жүйөдө угут барын, эгер ошондой болсо чындап эле мыйзам чыгаруу бийлигинде региондордун кызыкчылыгын ойлогон өкүлчүлүк пайда болуп, элдик курултай аркылуу Жогорку Кеңештин үстүнөн көзөмөлдүк кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болмоктугун жазды.

Үсөн Касыбеков финансылооо маселесине токтолуп, Элдик курултай деген бир жылда ашып кетсе эки жолу чогулуп, сессиялык режимде иштээрин, дүйнөлүк тажрыйбада Жогорку палатанын такай иштеген аппараты чакан болуп, анча көп деле каражат талап кылбастыгын, андыктан азыркы Жогорку Кеңештеги жер жайнаган “офисттик келемиштерди” кыскартып, 120 депутатты азайтып, 60ка түшүрүп, андан үнөмдөлгөн чыгымды Жогорку палатаны асырап алууга жумшоо керектигин кеп кылды.

Журналист Айбек Шамшыкеевдин “Камактагыларга катуу чара колдонулушу зарыл!” деген макаласы да ушул “Фабула” гезитинин бүгүнкү санына жарык көрүп, кечээ күнкү Бишкектин №1 СИЗОсунан чыккан чыр тууралуу баяндады. Автордун жазганы боюнча, абактагылар №1 СИЗОдо жаткан Дамир Сапарбековду №50 абакка которууга каршы чыкканын, анткени №50 абактын ичинде тургай, анын сыртында да чөнтөк телефон тартапстыгын, анткени байланышты болтурбай турган аппарат орнотулганын, абакта отурган Сапарбеков түрмөдөгү санаалаштарын ошон үчүн көтөрүп чыкканын, анткени түрмөдө отурган “положенец”, “смотрящий” дегендерге чөнтөк телефон аба менен суудай керектигин, анткени булардын көптөгөн “черный” иштери телефон аркылуу бүтөрүн, Сапарбеков Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна кирерин эске салуу менен, демек кечээги бунттун артында оңой эмес күчтөр турганын, ким турган күндө да камактагыларды эркелете берүү эч жакшылыкка алып келбестигин, бул маселе боюнча бардык тиешелүү чараларды өз убагында көрүп туруу зарылдыгын белгиледи.

“Де-Факто” гезити да ушул маселеге байланыштуу Жаза аткаруу башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бузурманкуловдун оюна орун берди. Полковник Бузурманкулов акыйкатчы Турсунбек Акундун “абактагыларды жок жерден эле сабап киришкен” деп айтып жатканы акылга сыйбаган сөз экенин, дени-карды соо адам жөндөн жөн эле барып сабабастыгын, бул жерде бир жылда 5-6 жолу тинтүү жүргүзүлөрүн, ошондой тинтүү иши кечээ башталганын, жакшынакай эле текшерип келатышканын, 100 грамм гашиш, 81 грамм героин, 38 чөнтөк телефон, курчутулган 4 темир, ачкычтын ордуна колдонуучу 5 отмычка, колго жасалган 4 бычак, 1200 доллар, 180 сом алынганын, анан ошол тинтүү ишин аягына чыгарбай токтотуу үчүн текшерип жаткан төрт кызматкердин бетине кайнак суу чачып жиберишкенин, ага чейин ОМЕГА деп аталган отряд киргизилбегенин, анан абактагылар тинтүүгө каршы козголоң чыгаргандан кийин киргенин, абактагылар 3-кабатка чуркап чыгып, матрацтарды өрттөп, тарсылдатып башташканын, акыркы 20 жылдан бери түрмөдө отургандарда “Биз мамлекетке каалаган нерсебизди талап кылып, аткартып алабыз” деген түшүнүк калыптанып калганын, бул жерде кечээ күчкө каршы күч колдонулганын, ачыгын айтканда криминал менен мыйзам күрөшүп жатканын, абактагылар коргоп чыккан Дамир Сапарбеков болсо киши өлтүргөнгө катышканы далилденип, жазасы күчүнө кирген соттун чечими бар экенин, ошондуктан аны №50 абакка которуу керек деген чечим чыкканын, анткени бул СИЗО жаңы стандарт менен курулганын, мындай иштерге ал жерде жол берилбестигин, телефон менен бул СИЗОдо сүйлөшө албастыгын, №16, 3, 19-колониялар, Караколдогу СИЗО ачкачылык жарыялап, баары “Сапарбековду №1 СИЗОдо калтыргыла” деген талап коюшканын баяндап: “Эмне үчүн бизде зектер кимдин кайсыл СИЗОдо отурушу керектигин диктовать этүүгө тийиш? Кылмышкер деген түрмөдө кыңк дебестен отурушу керек!” деп айтты.

“Де-Факто” гезити саясат иликтөөчү Кадыр Маликовдун “Назарбаев тактысын оңой-олтоң бербейт, ливиялык сценарий ишке ашат” деген маегин, журналист Семетей Талас уулунун “Мун сектасынын “крышасы” Башкы прокуратурадабы?” деген макаласын, журналист Санжи Туйтунованын “Депутаттын эжеси 30 миң сомго бала сатканбы?” деген макаласын жана башка кызыктуу материалдарды жарыялады.

“Алиби” гезити да жарыкка чыгып, гезит “ Башкы редактордун колонкасы” деген рубриканын алдында Тынчтык Алтымышевдин макаласын тартуулады. Макалада аз убакыттан кийин апрель революциясына 2 жыл толорун, бийлик башына келгендер “Коррупцияны кан буугандай токтотобуз”, “Ууруларды колго чабабыз” деп кан какшаган менен бизде коррупция кадимкисиндей, мурдагы эле нугунан өзгөрбөй жүрүп жатканына, башкасын айтпаганда да Бишкектен чыгып, Жалал-Абад, Ошту аралап, Баткенди басып өтүп, Тажикстанга ташылып жаткан күйүүчү май аткезчилигин токтотууга бийликтин алы жетпей койгонуна токтолуп: “Кыргыз өкмөтүнүн мүчөсү, бир облустун бакандай болгон башчысы Арзыбек Буркановдун “кара май аткезчилигин токтото албай койдук” деп бечара болуп турганы бийликтин так өзүнүн бечаралыгы эмей эмне?” деп суроо койду.

Журналист Темирбек Алымбековдун макаласы АКШ менен Ирандын мамилесине байланыштуу “Ормуз булуңунан от чыгабы?” деп аталды.

Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Чолпонкул Арабаевдин маеги “Биз кызматка койбойбуз, биз кызматчыларды коргойбуз” деген ат менен жарык көрдү.

Ушул эле “Алиби” гезити жакында Улуттук коопсуздук комитети тарабынан “Тай-тебиш” федерациясынын негиздөөчүсү Кубанычбек Тезекбаевге “диний араздашууга үндөгөн чакырыктарды жасаган” дегендей кине менен кылмыш ишин козгогонун, бул кабар окурмандардын бүйрүн кызытып, бир топ суроолордун туудурганын эскертип, Кубанычбектин өзүнө кайрылганда, ал өз мекенибизде жашап туруп, өз улутубузду, тилибизди коргоо ушунчалык оор ишке айланганын, бүгүн биз ар кайсы маданият менен түрдүү диндердин кысымында калганыбызды, өзү болсо Кыргыз радиосуна курган маегинде Өзүбек ажы дегендин “Манаста эч кандай таалим да, тарбия да жок” деп айтканына каршы “минтип жети атасын билбеген, жетесиз кулдар, Манасты окубаган, билбеген бир караңгы, дилинде кыргыз деген нерседен орун жок маңкурт чалыш гана адамдар айтышы мүмкүн” деп айтканын белгиледи.

Кубанычбек Тезекбаев ошону менен бирге эле кыргызда жаш жигиттер эч качан чубалжыган сакал койбогонун, кыз-келиндери нур төгүлгөн жүзүн кара жоолук менен эч качан чүмкөп жүрбөгөнүн, тескерисинче элден чыгып, шерменде болгондор бетин жаап жүрүшү мүмкүндүгүн, кара жоолук дегенди күйөөсү каза болуп, жесир калган келиндер аза кайгысы тараганча, же жылдыгы өткөнчө салынып жүрүп анан алып саларын айтам деп төө бастыга алынып жатканын айтып берди.

- Сиздин бул айткан сөздөргө чычалаган кимдер?-деген суроого Тезекбаев: - Турусбек Сагынаев деген 7-апрелде баласы курман болгон киши бар. Ал мамлекеттен алган компенсация менен Мекеге барып ажы болуп келиптир, ошол кишиге менин сөздөрүм катуу тийип, анан ал Улуттук коопсуздук комитетине арызданып, ал комитет болсо мени 6 айдан бери суракка алып, иш козгоп олтурат. Баарынан кызыгы Улуттук коопсуздук комитетинде улуттун кызыкчылыгын эмес, ар кайсыл диндин кызыкчылыгын коргоочулар отуруп алыптыр. Бирок мен коркпойм. Бул оюмдан кайтпайм. Бардык маалымат каражаттары аркылуу өз пикиримди ачык айтууга укуктуумун, - деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG