Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Гезиттер: Сунуштар суу кечеби?


Бүгүнкү гезиттерде өлкөнүн ички-тышкы проблемалары, саясат, социалдык турмуш, экономика жөнүндө түркүн көз карашты чагылдырган макалалар жарык көрдү.

“Кыргыз руху” гезити журналист Азизбек Келдибековдун “Кыргызстандын бүтүндүгүн сакташ үчүн эмне кылуу керек?” деген суроого жооп издөө менен аймактык түзүмдөрдү жакшылап карап чыгуу зарылдыгын, биздин кенедей мамлекетке жарым пааша боло турган супероблустардын кереги жоктугун, экономикалык жана тарыхый жактан өнүгүүсү окшош райондорду бири бирине кошуп, ирилештирүү натыйжалуу болорун, бирин бири кайталаган 7 облус же 40 район жоюлуп, ордуна 27 дубан түзүлсө, башкарууга кыйла жеңил болорун, казынага да каражат үнөм болорун сунуш кылган макаласын жарыялады.

Депутат Данияр Тербишалиевдин, алып баруучу Нурзат Токтосунованын маектери, экономист Аскарбек Асаналиевдин социалдык экономиканы талдоого алган макаласы да “Кыргыз руху” гезитинин ушул санында.

“Кыргыз тилине каршы чыккандар кыргыз мамлекетине каршы чыккандар” деген макала менен жаңы санын ачкан “Фабула” гезити ушул эле эне тил маселесине арналган журналист Баратбай Аракеевдин макаласына да орун берди. Автор “улутчулдук” менен “улут кызыкчылыгын” айырмалай албагандарды, өз улутунун кадырына кара сангандарды сынга алды. Айрым өз тилине боору оорубагандардын аттарын атады.

Ушул эле автор 1-СИЗОдогу чуу тууралуу макаласында чырдын чыгуусуна себепкер болгон “положенец” Дамир Сапарбеков жана аны менен бирге 15 адам 50-колонияга жеткирилгенин кабарлап: “Жаза өтөө мекемесинин башчысы Шейшенбек Байзаков чын-чынына келгенде тайманбас, мыкты жигиттердин бири экен, накта профессионал экен. Чирип бүткөн системаны бар кыйынчылыкка карабай түп тамырынан бери өзгөртүүгө киришти. Албетте мындайда жасаган иштин баары эле сыдыргыга салгандай кете бербейт. Жаза басуулар болот. Эң башкысы Байзаков туура жолдо. Демек ага Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков сыяктуулар сындаганды коюп жардам бериши керек эле, баса ушул Мадылбеков Байзаковдун ордуна иштесе небак чулгоосуна чалынып калмак” деп жазды.

Ушул эле макаланын аягында Жогорку Кеңеш Байзаковду ур-тепкиге алышканы жана аны багынтам деген айрым депутаттарга генералдын багынбаганы туурасында кеп болот.

Баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Турболенттүү зонага туш келген өкмөт” деген макаласы жарык көрүп, анысында өкмөт алгачкы аракеттерин чечкиндүү баштаганы менен бара-бара артына кылчактоо пайда болгонун, жоюлду деген мамлекеттик органдар өз калыбында эле бир “быш” этип койбостон иштеп жатканын, өкмөт көбүн эсе орто звенодогу агенттик, фонд кызматынын жетекчилерин дайындоолор менен алектенип, чечкиндүү кадамдарга баруудан чочулап турганын белгиледи. Ал ошондой эле 2012-жылдын бюджети өкмөттү чоң мүшкүлгө сала турган оор бюджет болорун, анын проблемасы да оор экенин, өлкөгө туруктуулук аба менен суудай зарылдыгын, бирок жаңы өкмөт глобалдык кризистин бороон-чапкынына туруштук берер-бербесин азырынча айтуу кыйынга туруп жаткандыгын жазды.

“Эгер кылмышкерлер каалаган нерселерин түрмөгө киргиздирип, сотка менен каалагандай сүйлөшө берсе, “мен деген 15 күндөн кийин түрмөдөн чыгам. Ошондо жаман болуп калба. Жашагың келсе 500 бирдикти соткама салып кой” деп түрмөдө жатып алып кичинекей баладан килейген аксакалга чейин коркутуп отурса, Кыргызстандын мамлекет экенине де ишенбей кетет экенсиң, ушундай болуп жаткан соң кылмышкердин президенттен эмне айырмасы бар?” деп суроо койду журналист Нурайым Рысмамбетова “Түрмөнү курорт деп ойлогон депутаттар чоң жаңылышат” деген “Алиби” гезитиндеги макаласында.

“Алиби” гезити бүгүнкү санына муну менен бирге эле ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин “Руслан Шаботоев менен Сыргак Абдылдаевге байланышкан иштер аягына чыкты” деген аталыштагы маегин басты.

Журналист Болотбек Таштаналиев макаласын “Манастын” доору бүтүп, Мундун доору келдиби?” деген ат менен атап, жаштардын “Ак шумкар кут”, “Жаштар Кеңеши”, "Кебел" жана “Ынтымак” уюмдары кыргыз бийлиги Кргызстанда Мун сектасы менен байланышкан маселеге чекит койбосо, акыркы кадамдарга бара тургандыгын эске салып, аталган сектадан азап тарткан жарандарды мисалга тартты. Болотбек Таштаналиев Кубаныбек Тезекбаев өңдүү кыргыз жигиттер бүгүн Манастын мекенинде “Манас” деп ураан салганы үчүн сурак берип атканын, ал эми прокурорлор менен соттор колдогон Мун сыяктуу секталар төбөгө чыгып “тебелеп” турганын жаны кейип кеп кылды.

“Жаңы агым” гезити журналист Анара Дүйшөналиева даярдаган “Кыргыздын сыймыгы да, жылдызы да Гүлжигит” деген баянды окурмандарга тартуулады. Анда “Евразия жылдызы” сынаганын баш байгесин татыктуу жеңип алган Гүлжигиттин маеги чогуу тартууланды.

“Азыркы шартта таза лидер - бул фантазия” деген ат менен маекти ушу тапта Америкада окутуучулук кылып жүргөн саясатчы Бакыт Бешимов берди. Бешимов Кыргызстанга азыр жогорку профессионалдуу өкмөт зарылдыгын, массалык маалымат каржаттары коррупция жөнүндө коомдо объективдүү пикир түзө албай жатканын, буга кошул-ташыл өлкөдө сот адилеттиги жоктугун, мисалы, 2010-жылдагы 7-апрель боюна жөнөкөй аткаруучулар гана күнөөлөнүп, Курманбек Бакиевдин бардык чечимдерин накта колдогондор бийликке келип жатышкандан кийин Кыргызстанда адилеттүүлүккө эч ким ишенбей тургандыгын айтты.

“Жаштар кеңеши” коомдук бирикмесинин мүчөсү Мавлян Аскарбеков маалымат жыйынында мун сектасын бийликте жүргөн кыргыз чиновниктери калкалап келатканын билдирүү менен айрымдарынын аттарын атаганын маалымдап, алардын өздөрүнө кайрылып, жооп алган.

Акыйкатчы Турсунбек Акун: Мен бир гана ислам динин тутунам. Секталарга, анын ичинен мун сектасына каршымын. Алар бизге жакшылык кылбайт. Мени элге жаманатты кылыш үчүн ушундай жөнсүз ушактарды жайып жатышат. Бирок чычалабайм, актанбайм. Турсунбек Акун кандай адам экендигин кыргыз эли жакшы билет,-деп,

Коомдук ишмер Турсунбек Чыңгышев: 90-95-жылдары мун сектасынын жыйындарына катышып, сөз сүйлөп жүргөнүм чын. Себеби мундун идеологиясы мага аябай жаккан. Анын башкы идеологиясы - үчкө бөлүнгөн христиан динин бириктирүү. Мейли сен христиан бол, мунчу, же мусулман бол. Жалпы кудайыбыз бир. Менин түшүнүгүм ушундай,-деп,

Депутат Каныбек Осмоналиев: Менин мун уюмуна тиешем жок. Кайсы бирөөлөр мени каралаш үчүн ушундай ыплас, чындыкка туура келбеген сөздөрдү таратып жатса керек,-деп жооп берди.

Журналист Нурканбек Керимбаев белгилүү саясат иликтөөчү Марс Сариев менен коңшу Казакстанда өткөн парламенттик шайлоо, Казакстандагы саясий абал, президент Назарбаевдин ооматы тууралуу маектешти.
XS
SM
MD
LG