Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:19

Гезиттер бийликтин дале болсо айрым өз колунан келе турган нерселерге ашкере жумшактык кылып же мурдагыдай эле келишүүчүлүк менен мамиле жасап келатканын сынга алды.

“Алиби” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Мамлекеттик деңгээлдеги уурулук” деген баш макаласы менен бүгүнкү санын ачып, саясый эрктин жоктугу, бийликтегилердин жалаң саясаттын сагызганы болуп сайрап туруп алганы, мурдагыдай эле эркин ишкерлик жүргүзгөнгө коррупциялык схеманын тоскоол болуп келатканы тууралуу баяндоо менен Сингапурдай экономикалык секирик жасап, Грузиядагыдай мамлекеттик маанилүү реформа качан ишке ашары дагы эле күмөн бойдон калып жатканына токтолду.

Ушул эле гезит Кыргызстанга Кытайдан тоок менен эчкинин эти, Монголиядан жылкы менен төөнүн эти ташылып келип жатканы аз келгенсип, эми мээ кайнаткан Индиядан буйволдун эти келип жатканын, мына ушундай кызыл кулактыктын арты менен адам укпаган вирустар кошо келип, таза мал-жаныбыздын айласы кете баштаганын кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү башкармалыгы музду жарып, сууну өз нугуна салдык деп КТР аркылуу жалпыга жар салган менен алыскы Ат-Башыда үйлөрдү дагы эле суу каптап жатканын, КТР аркылуу карандай калпты шыпырылтканын өкмөт тараптагыларга кулак кагыш кылды.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Темирдей тартипти ким орнотот?” деген макаласын окурмандарга тартуулап, автор Атамбаевдин эл аралык деңгээлдеги иши дурус башталганын, өткөндө Путинге Канттагы авиабазанын ижара акысына орустардын Коргоо министрлиги эски КаМАЗдарды берип эсептешкенин айтканда Путин териштирем деп сөз бергенин эске салып, мына эми жакында Россия тараптан жапжаңы УАЗ, “Нива” жана КаМАЗ автомашиналары келгенин, бул дагы курч, тайманбас дпиломатиянын жеңиши болуп саналарын кеп кылды.

Баратбай Аракеев ички турмушубузга да ой калчап, түрмөдөгү бунтка токтолуп, адам өлтүрүп, зордуктап, ууру кылып, куралчан кирип элди, үйдү тоноп же дагы башка оор кылмыштары үчүн кесилгендер жатып алып “тигиндей кылгыла, мындай кылгыла” деп талап коюп жатканынын өзү эле кыргыз бийлигинин бечаралыгын көрсөтөрүн, соттолгон киши мөөнөтү бүткөнгө чейин “кыңк” этпей олтурушу керектигин, парламенттеги депутаттар ушунун баарын беш колундай билип туруп түрмөлөрдүн чоңу генерал Шейшенбек Байзаковду кетирүү менен алек болуп жатканын арты бузук экенин белгиледи.

Баратбай Аракеев андан ары акыркы күндөрү эмнегедир уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш дымып калгансыганын, Бакиевдер уурдап качкан акчаларына чет жакта куунап жашап жатканын, Жаныш Бакиев каалаган өлкөсүнө каалаагандай каттап турарын, жаңы бийликтин жаңы келген келин кейптенген жумшактыгын пайдалангандар, 7-апрелдеги сотту каалашынча созуп туруп алганын, муну карап туруп балдардын канын төккөндөр жазаларына ишеним барган сайын түгөп баратканын жазып кейиди.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков нааразылык акциялары али алдыда экенин, адегенде катуу киргендей түр көрсөткөн өкмөт эми артына кетенчиктей баштаганын, анын бул айныкейи адегенде 3,2 миң мамлекеттик кызматкердин штатын кыскартам деген оюнан жанып, кыскартуунун санын кайра азайтканын, ошол эле кыскартуудан үнөмдөлөт деп элге жарыялап жиберген 1 миллиарддын ордуна 804 миң сом гана түшөрү ачыкка чыкканын сынга алды.

“Де-факто” гезити Семетей Талас уулунун “Камчы Көлбаевди “күткөн” еврокамера” аттуу макаласы менен жаңы санын ачып, азыр коомчулук абактагы нааразылык акциясынын артында кылмыш төбөлдөрү турат, ошондуктан мыйзамдын күчүн көрсөтүү керек деп атканын, бул бир чети туура экенин, бийлик кылмыш төбөлдөрүнөн коркуп, түрмөгө кокус Көлбаев келип калса жатсын деп ал жата турган бөлмөнү евроремонт кылганды коюп, абактагылардын жалпы ит ыйлагыдай абалын оңдошу керектигин белгиледи.

“Де-факто” гезити ошону менен бирге эле “Бишкекте сөөк коюуга жер тарып барат, крематорий керекпи?” деген суроо менен айрым жарандарга суроо салды.

Кыргызстандын муфтийи Чубак Ажы Жалилов: Ислам дини боюнча сөөктү өрттөөгө тыюу салынган. Биз диний адамдар крематорийге караманча каршыбыз. Адамдын денеси топурактан жаралган делет, демек ал кайра топуракка айланып кетиши керек.

Манасчы Талантаалы Бакчиев: Кыргыз культ кылган төрт нерсе бар. Алар: Көкө Теңир, Умай эне, ата-баба арбагы жана табигат. Кыргызда “сөөк” деп бекер айтылбайт. Сөөктү жерге берүү да бекер жерден чыккан эмес. Маселен Тибетте адамдын сөөгүн бийик аска-зоолорго калтырып, табият бергенди табият кайра өзү алат деген көрүнүш барын, кыскасы сөөк маселеси туура чечилбесе крематорий дегенден чоң чатак чыгып кетиши мүмкүн.

Киночу Темир Бирназаров: Мен крематорий дегенге карманча каршымын. Кыргыз ата-бабалардын арбагын сыйлап, илгертен келаткан ырымдарын сакташы керек. Мусулманчылыкта көп убакыт өткөн соң, көрүстөндөрдү түздөп салып, башка жай кура бергенге жол берилет. Биздин киностудия деле көрүстөндүн үстүнө курулган дешет.

“Азаттыктын” Бишкек бюросунун башчысы Султан Жумагулов: Кыргызда Салижан аке айткандай туулганынан өлгөнү кымбат заман болду. Сөөк коюу шорго айланды. Адамдын көзү өтсө анын артында кымбат таштан жасалган миңдеген сомдук эстелиги эмес, элеси, эмгеги маанилүү экенин унуттук. Кокус менин көзүм өткөндөн кийин, сөөгүмдү кремация кылганга керээз калтырганга даярмын.

Бишкек тургуну Жолдошбек Орозов: Мен балдарыма өлгөндөн кийин сөөгүмдү өрттөп, күлүмдү Ысык-Көлгө чачып жибергиле деп керээз кат жазып коёюн деп атам. Бул эң эле таза жол. Азыр байлар өлгөн туугандарына жалаң кымбат таштан мелдешкенсип эстелик коймойду өнөр кылып алышты. Минте берсек 40-50 жылдан кийин биз жалаң күмбөздөрдүн өлкөсүнө айланабыз. Артыңда моло таш эмес, эмгегиң калсын. Ошон үчүн крематорийди колдойм. Азыр көр алуу маселеси да чоң коррупцияга айланды.

Профессор Сабыр Жумабеков: Крематорий тууралуу сөз да болушу керек эмес. Мен буга каршымын. Бизде жер кенен, дөңсөөлөр көп. Кытай же Индия болсок бир жөн. Экологиялык коопсуздугун алганда да кыргыз көрүстөндү эң туура казып келген. 50 жылдан кийин сөөктөн эч нерсе калбай, табиятка жуурулушуп кетет, - деп жооп берди.

Аталган гезиттен ошондой эле “Араб өлкөсү десе эле диндешкен сакалчандар көзгө тартылат” деген, “Көп аял алгандардын никесин кыйган молдолор жазаланат” деген чакан макала, маектерди, айрым депутаттардын кандай машина минип жүргөндөрүн сүрөттөрү менен көрө аласыздар.

“Де-факто” гезитинен сиздер булардан тышкары тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин “Бабанов менен достугум жоопкерчиликти гана арттырат” деген маегин жана Айгүл Бакееванын “Биринчи леди” деген макаласын окуйсуздар.

Сиздер мындан сырткары белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен маекти, ырчы Малик Аликеевдин илбирс чаап атагы чыккан апасы Калемкаш тууралуу кызыктуу баяндарды окуй аласыздар. Гезитте ошондой эле Түркияга келип бөйрөк салдырган кыргыздар тууралуу Түркияда иштеп жаткан профессор Талант Батыралиев кеп салып берген.
XS
SM
MD
LG