Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Түрмөлөрдөгү тополоңдун артында ким турат?


Бүгүн жарык көргөн “Дело №....” гезитинин башкы темасы түрмөдөгү тополоңго арналды.

“Бийлик жана кылмыш: Ким кимди сындырат?” деген баш теманын алдында жарык көргөн “Дело №...” гезити түрмөдөгү болуп өткөн бунт тууралуу жазып чыкты. “Блатхата” деп аталган чакан кабарда кокус Эмираттан келип калса деп Камчы Көлбаев үчүн даярдалган 1-СИЗОдогу бөлмөнүн сүрөтү кошо жарыяланды. Анын ачкычы “положенец” Дамир Сапарбаевда болгон. Түрмөдөгү 352-бөлмө эң жогорку разряд менен евроремонт жасалып, жумшак мебель, акыркы үлгүдөгү жалпак телевизор, эки камералуу муздаткыч, кондиционер коюлуп, дубалга Камчы Көлбаевдин портрети илинип коюлган. Түрмөдөгү бунттан кийин мунун баары складга өткөрүлгөн. Эми мына ушул “бейиштин төрүндөгүдөй” жасалгалаган бөлмө үчүн эки кылмыш иши козголгон СИЗОнун мурдагы башчысы Ильмир Алляров жооп берүүгө тийиш.

Бир кызыгы эч-эчтеке бололекте эле, же тагыраак айтканда “Эркиндиктин үнү” деп аталган укук коргоочулардан түрмөдөгүлөрдүн тууган-туушкандарына абактагыларды спецназ сабап жатат деген кабар спецназ кирмек тургай али СИЗОдо текшерүү башталалекте эле берилген.

Ал эми тополоң болуп өткөндөн кийин, же 17-январда көз жумган, мурда үч жолу соттолгон Нурбек Алымбаевдин өлүмүнүн себеби бир нече байкоочулардын, эл аралык медициналык эксперттин, Акыйкатчы институтунун өкүлүнүн, “Коррупцияга каршы жарандык” укук коргоо коомунун жана өлгөн адамдын жакындарынын катышуусу менен текшерилгенде денесинен уруп-сабаган эч кандай белги чыккан эмес. Алымбаевдин денесинен кесилип алынган бир нече үзүм эттери түрдүү лабораторияларга жөнөтүлдү. Жыйынтыгы бир айдан кийин чыкмакчы. Ал эми алдын ала болжолдоолор боюнча Алымбаев наркозатты ашкере колдонуудан өлгөн болушу ыктымал дешүүдө.

Дагы бир кызыгы, баарысы түгөп калгансып, эми абактагылардын туугандары бийликтен түрмөдөгү жабыр тарткандар үчүн компенсация төлөп берүүнү талап кылышууда.

Мындан да өткөн шартты түрмөчүлөр коюп жаткан кербези. Тагыраак айтканда 1-СИЗОдогулар “общактардын” 3-кабатынан жок дегенде бир бөлмөнүн эшигин бекитпей ачып коюуну талап кылып жатканын кабаралап, “Эмне үчүн? Же бул жерде ээн-эркин кирип-чыгып, абакта олтургандардан акча өндүрүп туруш үчүнбү?” деп суроо койду.

“Дело №...” гезити андан ары түрмөдөгүлөрдүн тууган-туушкандарынан кийин Жаза өтөө башкармалыгынын башчысына чабуулду бир добуштан парламенттин депутаттары баштаганын, бирдемке боло калса эле каалаган чиновнигин “килемге” чакырып алып суракка алмайды айрым депутаттар адатка айлантып алганын белгиледи.

Генерал Байзаков өлкөдө кылмыш дүйнөсү мыйзамга каршы активдүү чабуулга өтүп алганын, эгер биз бүгүн кылмыш дүйнөсүнө каршы туралбасак эртең анда мыйзам менен эмес дал ошол кылмышкерлердин айткан-дегени менен жашаган өлкөгө айланып каларыбызды, бүгүн Кыргызстандын бардык шаарларында, айыл-кыштактарында, мектептерде же бала бакчадан башка жерлердин баарында “смотрящий” дегендер бар экенин, биз 20 жылдын ичинде жинди бөтөлкөдөн чыгарып жиберип эми аны кайра бөтөлкөгө киргизалбай азабыбызды тартып атканыбызды, ага каршы чыккан “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешовго, Мамытов, Шайназаров, Мадылбеков өңдүү депутаттардан кечирим сурасын деп талап койгон “атажуртчу” депутат Жылдызкан Жолдошевага кечирим сурабай турганын, кечирим сурай тургандай эч нерсе кылбагандыгын айтып бергенин жазып чыкты.

Сыягы Акүйдүн ичинде жүргөндүктөнбү, депутаттар кылмыш дүйнөсү деген маселе өтө кооптуу маселе болорун дагы эле түшүнө элек болушса керек. А тургай депутаттар 2005-2006-жылдары кылмыш дүйнөсү автоматтарын жеңине катып алып, Өкмөт үйүнүн так маңдайына боз үйүн тигип алып, парламенттин терезелеринин алдында митингде турганын да унутуп салышты. Кылмыш дүйнөсү ошондо да бүгүнкү талаптарын коюп чыккан. Айрым депутаттарга Байзаков жагабы же жакпайбы, Жаза өтөө башкармалыгынын башчысы генерал Байзаковду алып түшүү деген кылмыш дүйнөсүн колдоо деген эле нерсе экенин, генералды кызматынан жыга чабуу менен депуттар кылмыш дүйнөсүнүн ээн-эркин чардашына жардам бере тургандыгын түшүнбөгөнүн белгиледи “Дело №....” гезити.

“Дело №....” гезити муну менен бирге эле “Зектер ким үчүн бунт кылышты же ачкачылык менен ызы-чууга от койгон Дамир Сапарбаевдин бейнесине штрихтер” деген макаланы басты.

Гезит ошондой эле Бишкектин 1-СИЗОсунда ачкачылык жарыялагандардын 385и оозун тигип алса ага эми Петровка колониясынан 61и кошулганын, Шейшенбек Байзаков абактагылар 1-СИЗОдогу “общактардын” камерасын бекитпей, ачык коюуну талап кылып жатканын, эгер мурдагыдай ачык турса, алар кабаттан-кабатка ээн-эркин чыгып-түшүп, түрмөдөгүлөрдөн мурдагыдай эле акча өндүрүп, түрмөнүн кызматкерлерин шылдыңдап турганды каалап жатканын, бирок түрмөдөгүлөрдүн бири калбай ооздорун тигип алса да алардын бул талабы аткарылбай тургандыгын кечээки басма сөз жыйынында билдирди.

Мына ушундан кийин оозун тигип алгандардын сабына дагы бир катар түрмөдөгүлөр кошулду. Кечээ түштөн кийин абактагылардын 100дөн ашууну Байзаковдун кызматтан кетүүсүн талап кылган арызга кол коюшканын, эми алар саясый талап менен чыга баштаганын, булардын артында айрым адамдардын кызыкчылыгы турганын, азырынча алардын аты-жөнүн атабай тургандыгын жазып чыкты.

Чын эле булардын артында кимдер, кайсыл күчтөр турат?

Депутат Галина Скрипкина: Кимдер турарын айтуу кыйын. Байзаков түрмөдө мурдатан көндүм болгон адатка каршы чабуулга өттү. Түрмөнүн коррупцияга малынган кызматкерлерин иштен айдай баштады. Бунтту баштагандардын артында чоң акча ойноп жатат. Мунун артында өтө оор күрөш турат. Алтургай биздин палатада да көз караштар ар түркүн. Айрым коллегаларым келгиле Байзаковду алып ыргыталы дегенге чейин барууда. Бирок антүүгө таптакыр карышымын. Эгер биз чын эле өлкөдөгү коррупцияга каршы туралы десек анда Байзаковду ар тараптан колдошубуз керек.

Саясат иликтөөчү Кадыр Маликов: Түрмөдөгү бунт Кыргызстанда башталган кадрдык жүрүштөргө каршы глобалдык согуштун бир формасы. Мындан башка нерсени мен көрбөй турам. Алтургай эң эле демкоратиялуу деген өлкөлөрдө дагы түрмөдөгү тартипти бузам дегендерди мыйзамга ылайык катуу жазалашат. Бүгүн Байзаковду алып түшүп, анын ордуна барсам деген 2-3 топ бар. Алардын артында криминалитет турганын да жашырууга болбойт. Мындай күчтөр генерал Байзаковду эле эмес бара-бара азыркы бийликти да алып түшүүнү каалайт. Ошондуктан бийлик өзүнүн көзүнө түшкөн чөптү да жакшылап карап чыгышы керек.

Саясат иликтөөчү Марс Сариев: Ким турарын айтуу кыйын. Анткени кылмыш дүйнөсү Кыргызстандын кан тамырына чейин кирип алган. Ошондуктан бүгүн куурчак ким, куурчакты ойнотуп жаткандар ким экенин ажыратуу да кыйын болуп калды. Ал эми түрмөдөгү бул бунт өлкөдөгү саясый жүрүштөр менен байланыштуу деп ойлойм. Президент Атамбаев менен премьер-министр Бабановдун командасы өлкөнү жаңылоого, чынжырлап кеткен коррупцияга каршы күрөшкө аттанды. Бирок бул команданын тышкы ресурстары жок. Тыштан убада кылынган кредиттер келбей жатат. Демек Атамбаев менен Бабановдун акчаны өлкөнүн ичинен издеп, кыскартууларга баргандан, айрым бир кландар жем жеп келген коррупциялык акырды талкалоодон башка аргалары калбай турат. Ички күрөш ички элитанын ичинде жүрүп жатат. Кылмыш дүйнөсү бул үчүн эң оңтойлуу курал болуп берүүдө. Түпкү максаты - өлкөнү туруксуздукка алып келүү менен бийликти алмаштыруу болуп саналат, - деп айтты.
XS
SM
MD
LG