Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Кыргыз гезиттери өлкө турмушунун ар кыл жагдайларын чагылдырган макалаларга басым жасады.

“Де-факто” гезити бүгүн жарык көргөн санында “Казакстандын Орто Азия энергошакегинен чыгуусу кыргызды карайлатат” деген макаланы жана журналист Семетей Талас уулунун “СИЗО №1 кылмыш дүйнөсүнүн “Ак үйү” деген иликтөөсүн, саясатчы Азимбек Бекназаровдун “Алмаз досум бул парламентти таратпаса, эл таратарын эскерттим” деген маегин жана маданият темасындагы кызыктуу материалдарды жарыялады.

Отун-энергетика комплекси боюнча эксперт Расул Үмөталиев Казакстан энергошакектен чыкса, Кыргызстанда күнүнө 10 сааттан ашык электр жарыгы өчүрүлө баштаарын, бирок кыргыз бийлиги Казакстан шакекчеден чыккан жатат деп электр тармагындагы көйгөйлөрдү элди коркутуу менен жаап кеткени жатат болушу керек деген оюн билдирсе, эмгек сиңирген энергетик Райымбек Мамыров “Датка Кемин” подстанцияларын ишке киргизмейин абал оор боло берерин, Казакстан энергетикалык алкактан чыгып кетсе, калкты жарык менен камсыз кылуу 40-50 пайызга азаярын, бирок кандай болгон күндө да энергошакек бузулса, мындан үч өлкө тең жыргап кете койбостугун, бул маселе азыр көбүрөөк саясый өңүткө өтүп алганын айтты.

Чын эле Бишкектеги 1-СИЗО кылмыш дүйнөсүнүн “Ак үйүбү?”. “Де-факто” гезитинин кабарчысы Семетей Талас уулунун ушундай темада жарык көргөн макаласында 1-СИЗО деген эмне деген жай экендиги, анын табият-таржымалы, түрмөчүлөрдүн өз “мыйзамына” ылайык жашап келген “эреже-тартиптери” сүрөттөлгөн.

Түрмөдөгү ачкачылык кармап, ар кандай талаптарды койгон камералар “блат хата” деп аталарын, анткени бул камераларга “блатнойлор” же “положенецтер” кармаларын, башка камералардан айырмасы ичи евроремонттолуп, тамагы түрмөнүкү эмес, үйдүкү болорун, эшиги ар-дайым ачык турарын, ошондуктан каалагандай акча топтоп алууга шарт түзүлөрүн, айрыкча бийликтин заказы менен камалгандардан көп акча талап кылып сындырышарын, кезинде Ишенбай Кадырбековдон, Эркин Булекбаевден, Уран Рыскуловдон 50 миң доллардан көп акча талап кылышканын жазды.

Бакиевдин бийлиги тушунда Камчы Көлбаев жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун сандаган мүчөлөрү кудайын тааныбай көпкөн. Баса Камчы Көлбаев Түштүк магистраль менен Манас проспектисинин кесилишиндеги көп кабаттуу заманбап үйдө Жаныш Бакиев менен кошуна туруп достошкон. Көкбөрү оюнун беттерине кармашкан. “Кабылан” командасын Камчы Көлбаев, "Бөрүлүү" командасын ал кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жөлөп-таяп келген. Министр менен кылмыш дүйнөсүнүн мыкчыгери жүз граммдашып, мунун натыйжасында бандиттер менен киллерлер сот залынан бошотулуп, бүтүндөй Кыргызстан Камчы Көлбаевге “отметка” кылып турган.

Жаңы бийлик Көлбаевдин кримтопторуна каршы катуу күрөш жарыялап, анын ОПГсына таандык 170 адамды темир торго тыкты. Азыр Араб Эмираттарында Камчынын 20га чукул гана жигити калды. Ал эми Дубайда төртөө - алар Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана алардын жансакчылары Адилет Касенов менен Имаш Бакиров. Ушунун өзү эле Камчынын Кыргызстандан келчү акча булагына бүгүнкү бийлик тарабынан “крест” коюлганын белгилейт.

Атамбаев бийлигинин криминалдар менен күрөшүнүн бирден бир натыйжасы кылмыш дүйнөсүндө авторитети жана чуулгандуу киши өлтүрүүгө катыштыгы бар, өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди өзүнчө абакта кармоосу болду. Бүгүн мындай жайдын кызматын №50 СИЗО аткарууда. Анын өзгөчөлүгү бул түрмөдө чөнтөк телефондор тартпайт. Демек бул кылмышкерлердин кримдүйнө менен байланышы кесилет, таасири жоголот.

Бул жерде Рысбек Акматбаевдин атынан Бишкекке “смотрящий” катары дайындалган Абыл Тилеберди уулу, Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу айыпталган Замир Молдошев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековду кайтарган Абдыкалык Жапаров башында турган СГОнун жигиттери, ошондой эле Камчы Көлбаевдин 27 адамы отурат. Булардын катарына 18-январь күнү СИЗО-1деги козголоңго күнөөлүү делген “положенец” Дамир Сапарбеков 17 жан-жөкөрү менен келип кошулду.

Дамир Сапарбеков деген ким? Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү. Талас облусунун Манас районунун тургуну. Буга чейин 6 жолу тоноо, ири суммадагы акча өндүрүү, уурулук кылмыштары үчүн көп жылдарга соттолуп, бирок бат эле бошоп кетип турган. Дамир Сапарбеков СИЗО-1де табышмактуу өлтүрүлгөн Айбек Шамурзаевдин өлүмүнө күнөөлөнүүдө.

Ушул эле "Де-факто" гезити аркылуу “Парламент таркасынбы?” деген суроого акыйкатчы Турсунбек Акун: Жогорку Кеңештин депутаттарын таркаталы деп мени 17 жолу кетиребиз деп комиссияга салган мен айтсам жарашмак. Мен таркатууга каршымын. Ал эми Азимбек Бекназаровго кызмат бериш керек эле,-деп,

Саясатчы Мамбетжунус Абылов: Таратуу керек дегенге кошулам,-деп,

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: Кайра-кайра эле шайлоо өткөрө бермек белек? Конституциялык реформа жүргүзүп, мамлекеттин түзүлүшүн, өзөгүн аныктап алмайын иш алга жылбайт,-деп,

Саясатчы Зайнидин Курманов: Тараса деле ушундай адамдар келет. Андан көрө парламентаризмди өнүктүрүү керек,-деп,

Депутат Равшан Жээнбеков: Таратуудан мурда парламентке иштөөгө мүмкүндүк берүү керек,-деп жооп берди.

“Фабула” гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Ыйык уй” жана сөз эркиндигинин алкагы” аттуу макаласын тартуулады. Автор сөзүндө прессанын үстүнөн көзөмөл орнотобуз дегенде депутаттардын эки көзү төрт экенин белгилеп, Жогорку Кеңештин депутаттары Абдумиталип Кочкорбаев менен Анарбек Калматовдун айрым аракеттерин сынга алды.

Журналист Эртабылды Аттокуров геосаясий багыттагы макаласын “Араб жазы” окуялары эмнеге алып барат?” деп атап, Борбор Азия аймагында туруктуулукту сактоо үчүн болгон аракеттерди жасоо өзгөчө мааниге ээ экендигине, сыртынан тынч көрүнгөн өлкөлөрдү заматта аңтар-теңтер кылган апрель окуясындай тополоңду кыргыз эли өз башынан бир далай ирет өткөргөн менен мындай нерселер коңшу өлкөлөрдү каптай турган болсо, анын кесепети бизге да тие тургандыгын эскертти.

“Алиби” гезити Темирбек Алымбековдун макаласын тартуулады. Автор өкмөттү кызыл кулак деп сындап, дыйкандарды үрөн, техника менен камсыз кыла албай жатканын кеп кылды. Өкмөт быйылкы жылга айыл чарбасына 7 пайыз үстөгү менен 1 млрд. сом бөлдү деп телеканалдар аркылуу тынбай какшаганы менен мунун 560 миллиону гана элге жетип, калган 440 миллион сомунун дайыны чыкпай калганын, анысы бөлүнгөнбү же жокпу эч кимге белгисиз бойдон калганын жазды.

Белгилүү болгондой, ошол дыйкандарга деген 560 млн. сомго да жеткендер жетип, жетпегендер алаканын ушалап кала берди. Тилекке каршы бизде каерде акча болсо, так ошол жерге барып коррупция тумшугун тыга калат экен. “РСК” деген банк “сен дыйкан экенсиң айланайын, келе гой?” деп баарын эле кучак жайып тосуп алган жок. Көбүнчө мурдатан тааныш кардарларына берди. Бул жолу да ушундай болуп кетпестигине эч ким кепилдик бере албайт. Депутат Камчыбек Ташиев дыйканчылыкка бөлүнө турган 500 миллионду жалпы жарандарга бөлө келгенде 2500 киши же ар бир дубандан 250 гана дыйкан кредит ала алат экен. Ушундай жол менен айыл чарбасын көтөрүүгө болобу?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG