Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин бири митингдердин да өз “обону”, өз “автору” болорун жазса, айрымдарында башка багыттагы макалалар, маектер жарык көрдү.

“Фабула” гезитинде жарык көргөн белгилүү журналист Үсөн Касыбеков кезектеги макаласында Кыргызстанда саясый бизнестин бир түрүнө айланган профессионал митингчилердин “армиясы” пайда болгонун талдоого алды. Моюндарына “Баланчаев Түкүнчө кетсин!” деп жаза койгон тактасы бар плакаттарды илип алып, арты түшкөн аюудай айкырып турган аялдардын албуут кыйкырыктары кадыресе көрүнүшкө айланган. Саясый митинг-пикет дегендердин барган сайын эрөөн-төрөөнү болбой да калды. Нааразылык акциялары биздин өлкөдө күн сайын кезиге турган көнүмүш ишке айланды.

Үсөн Касыбеков андан ары “Апрель байрагы” деп аталган өзүн элдик-патриоттук кыймыл деп эсептеген коомдун билдиргенине шилтеме кылып, баш-аягы болуп апрель революциясынан кийин өлкөдө 1500 митинг өткөнүн да эске салды. Булардын ичинен беш-алтоо гана Кыргызстан үчүн мамлекеттик мааниси болбосо, калгандарынын баары тармактык мүнөзгө ээ, же жеке адамдардын жеке кусаматынан улам көчөгө чыгарылган жалданма митингдер болгон.

Анткен менен өлкө Конституциясы ар бир жаранга нааразылык акцияларын өткөрүүгө кепилдик берет. Мисалы, элди аргасыздан көчөгө чыгарып, жол тосконго чейин баргызган анык нааразылык өкмөттүн энергетикалык тармагындагы шалаакылыгынан улам чыккан. Мындай митингдерди жогорудагы жалданма митингдер менен салыштырууга болбойт.

Автор андан ары канча жылдан бери жаман илдетке айланган, мисалы жогорку кызматта отурган бир аткаминер ишинен сынып түшөрү менен ошол замат, аны кызматка кайрадан койдуруу талабы менен заматта пайда боло калма нааразылык акцияларынын баарын эле демократиянын бир көрүнүшү катары баалоого болбой тургандыгын, мындай митингдердин төркүнү белгилүүлүгүн, анткени андайлардын көшөгөнүн артында туруп алып, өз чөнтөгүнөн акча төлөп коюп тымызын шыкактап турган “заказчиктери” болорун кеп кылды. Булардын башкы максаты - бийликке кысым көргөзүү жолу менен өз максатына жетүү болуп саналарын азыр баары эң сонун түшүнүп калды. Митингдердин көбү бийлик талаштан чыккан арызбаган нерсеге айланып бүттү.

Журналист Үсөн Касыбеков митингчилерге мүнөздөмө берип жатып, алардын аракеттерине имаратка чабуул жасоо, соттолуп жаткандардын адвокаттарын келекелөө, эки тараптын сөз жебей кайым айтышкан ажылдоосу, жол тосуу, дүкөндөн сатып келген жумуртка менен ургулап табасын кандыруу, ОБОНчу катындарды каптатып каршы тарапты жүн тыткандай тытмалатуу акыркы жылдары элдин чындап кыжырына тийип жатканына да токтолду.

Ошентип митингдердин кайсынысы граждандык коомдун таламын чындап талашып, кайсынысы акча төлөө аркылуу саясый чагым салуу үчүн саясый курал катары колодонулуп жатканын айырмалап алууга мезгил жетти. Демек мындан ары акча үчүн адистешкен “дүжүр” митингчилердин уюштуруучуларына катуу чараларды көрүү да артыкбаштык кылбас эле. Анын үстүнө акыркы 10 жылдагы миң түркүн митингдерден бирде түштүктөн, бирде түндүктөн, алкылдап, далкылдап турган бир эле беттерди көрүүгө болот. Бүгүнкү бийлик тарабынан ири алдыда дал ушул ОБОНчуларды кынына киргизип, ээ-жаа бербей электеп кеткен этектерин жакшылап жаап койсо коомчулук да, коомдук пикир да муну мыйзамдуулукту сактоо катары туура кабыл аларын белгиледи.

“Фабула” гезити ошондой эле өз элин итке мингизген бойдон үй-бүлөсү менен эл-жеринен качып кеткен Аскар Акаев Кыргызстандын Улуттук илимдер Академиясынан ай сайын стипендия алып турарын, бирок Акаевдин стипендиясын анын сүйүктүү балдызы Санатгүл Жамакеева ишеним кат аркылуу алып келатканын, Улуттук Академиянын ардактуу академиги болгон Аскар Акаевдин стипендиясы 10 миң сом болсо, салык кармагандан кийин илим дегенден жыты жок балдызынын колуна 8100 сом тийерин академиянын башкы бухгалтери Миргүл Султангазиева билдиргенин кабарлады. Ошентип Акаев куулуп кеткен 2005-жылдын мартынан 2011-жылдын ноябрына чейин 650 миң сом стипендия алып келген.

Түркиянын Анталия шаарындагы “Медикал парк” госпиталында түрк врачтары Кыргызстандан барган 21 жаштагы Абдыкапар уулу Атайга бөйрөгүн алмаштыруу операциясын жасаганын, 48 жаштагы Бүбүсаалай Стамова уулуна өз бөйрөгүн бергенин, азыр Атайдын да, энесинин да абалы түзүк экенин, экөө тең палатанын ичинде басып калганын, Атайга Түркияда окуган, иштеген кыргыз балдар да колунан келген жардамдарын берип жатканын кабарлады.

“Де-фактонун” жаңы санында мындан тышкары УКМКнын абагында каза болгон МАИ кызматкери Айбек Эшбаевдин табышмактуу өлүмүнө байланыштуу жубайынын айтып бергендери, мурдагы депутат Кубанычбек Исабековдун алтын тууралуу айткандары да басылды.

Жарыкка чыккан “Алиби” гезити “Муздак дубалдар” деген макала жарыялады. Анда Бишкектеги Ленин районуна карашатуу Красновдск 1 а көчөсүндөгү үйгө жылуулук берилбей, кышты-кыштай тоңуп чыкканын ошол үйдүн жашоочуларынын арыз-муңун коштогон ой-пикирлери менен кошо тартуу кылды.

Журналист Болотбек Таштаналиев Ташиевдин чууга айланган “таза кандуу кыргыз” издеген жоругун сынга алган макаласында, улут маселеси ойноп сүйлөбөй, ойлоп сүйлөй турган маселе экенин, улут маселесинен упай издегендер өздөрү уйпаланып каларын кеп кылуу менен акыркы кездери Ташиев менен талашка түшкөндөр да пастыкка түшүп алганын, кыргыз эзелтен бери эле өз улутун сакташ үчүн, башка элдер менен карым-катыш кылыш үчүн кимдерге гана кызын берип, кимдерден гана кыз албаганын, эл деген душмандашкан элин да, кегин да өч алуу менен эмес, кыз алышып, кыз беришип, куда-сөөк болуу менен басып келгенин кеп кылды.

Болот Таштаналиев андан ары “башка элден кыз алып, кыз бергенди саясатка айландыруу ары жоктук иш болорун, минтип кимдин энеси татар, кимдин энеси калмак, кимдин энеси кыргыз дей берсек, эзелтен наркы күчтүү, салты күчтүү, калкы күчтүү кыргыздын эл караган бетин жер каратарыбыз чын: сагызган саясатчылар өз элин түндүк-түштүккө бөлгөнү аз келгенсип, эми эртең энесинин, жеңесинин, аялынын ким экендигине карата чабыштырган жатабы?” деген суроону койду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG