Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Жакшысы сенсиң жакшынын!


Бүгүнкү гезиттердин бардыгы аялзатын Жаз Майрамы менен куттуктады

“Жүз бурсаң кантип ачмакпыз,
Жүрөккө түшпөйт башка ачкыч.
Жүгүрсөк дагы дүйнөдөн,
Жүз жылда сендей таппаспыз!

Жаз менен келчү бактынын,
Жаркытып турган жаштыгың.
Жанды жеп жалган айтпайлы,
Жакшысы сенсиң жакшынын!”


“Айат” гезити Чүй облустук ички иштер башкармасынын жетекчиси, милициянын полковниги Бактыбек Жусубалиевдин бүтүндөй аялзатына арнап жазган мына ушундай арноо ыры менен энелер менен эжелерибизди, айжаркын жеңелерибиз менен асылзат кыздарыбызды куттуктады. Бул куттуктоого “Азаттыктын” эмгек жамааты биз да чын жүрөктөн кошулуп, аялзатына бардык жакшылыктарды каалап кетмекчибиз. Алардын баарына эч качан оорубагыла деп айтмакчыбыз.

Эми баяндамабызга өтөлү.

Ушул эле “Айат” гезитинде аялзатына арналган мындан башка да куттуктоолор арбын. Коомдук ишмерлер Айгүл Рыскулованын, депутат Чолпон Султанбекованын, парапсихолог Лариса Асанбекованын суроолорго берген жооптору бар.

“93-жылдагы Конституцияны кайрадан алып келүү бийлик талашуу” деген теманын алдында бир катар жарандардын пикирлери жарыяланды. Гезиттин калган бети жалаң аялзатына арналды.

“Де-факто” гезити 8-март күнкү санын “Мун сектасына кыргыздын аттуу-баштуулары да кирип алган, жаштар аларды ыйманга чакырууда” деген макаланы сүрөттөрү менен коштоп басты. Анда аттуу-баштуу кыргыздардан кимдер бар экенин өзүңүздөр көрүп, окуп алсаңыздар болот.

“Акмат Бакиев качып кетти. Буга жол берген азыркы бийлик революция жасагандардын бетине түкүрдү” деген ат менен журналист Семетей Талас уулунун макаласын жана ага карата ой-пикирлердин топтомун жарыя кылды.

Акмат Бакиевге каршы күрөшүп келаткан Касым Исмановдун адвокаты Икрамидин Айткулов: Бирөөдөн алдамчылык менен 10 миң сом алган бир аялга адвокат болгом, ошондо ал 6 жылга кесилип, күчөтүлгөн колонияга олтурган. Ал эми Акмат Бакиев Касым Исмановдун 700 миң долларлык мүлкүн тартып алып, 8 жылга түрмөгө кестирүүнү уюштурган, анан ушунусу жана башкалары үчүн болгону 7 жылга кесилип, андан түрмөгө олтурбай ээн-эркин коё берилген, демек ал прокуратура жана сот органдары менен сүйлөшүп алган, - деп айтты.

Андана ары карай Акмат Бакиевдин ага-инилүү Бакиевдер бийликте турганда жасаган кылыктарын бир башынан санап келген гезит, “Акмат Бакиевге тагылган айыптарды жеңилдеткен, көрмөксөн-билмексенге салган прокуратура менен сот органдарынын, ошол эле Байболов менен Салянова жана Акүйдөгү акча дегенде апасын саткан төбөлдөрдүн күнөөсү чоң экенин баса белгилеп: “Интернетте болсо Акмат Бакиевди Алматыда балдары тосуп алгандыгы тууралуу маалымат жүрөт. Демек Акмат агаларын көздөй сызган. Азыр Акматтын биринчи никесинен туулган улуу балдары Арстан менен Курсандын да телефондору өчүрүлгөн. Балким алар дагы атасы менен кошо кеткен. Ошентип Атамбаев башында турган бийлик революция жасаган элдин бетине түкүрдү”, - деп жаны ооруп жазды.

Ушуга улай эле аталган басылма ички иштер министринин орунбасары Мелис Турганбаевдин “Биз кармайбыз, башкалар качырат” деп “Азаттык” радиосуна берген маегин көчүрүп жарыялады. Анын алдына айрым жарандардын буга карата ойлорун ортого салды.

Чекист Мирослав Ниязов: Акмат Бакиевдин качып кетиши эң биринчиден азыркы бийликтин ишине доо кетирет. Кармалган кишини качырып атканы эмне деген шумдук!

Депутат Токон Мамытов: Акмат Бакиев №47-абактан жатак колонияга кандай себептен чыгарылган? Чыгаруу сунушун ким жазган? Ким бекиткен? Ден соолугу жакшы экенине карабай менчик оруканага эмне үчүн жаткырылган?

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев: Бул Акмат Бакиев камалгандан тартып эле ойлонуп жасалган иш экени көрүнүп калды. Аны качырууга бийлик өзү кызыкдар. Болбосо курал чогултуп, террорчулук аракеттерди колдогон деген берене менен кылмыш иши козголгон адамга мунапыс берилбеши керек эле. Ал эми Акмат Бакиевдин ишин мунапыс менен кыскартып олтуруп колония-поселенияга чыгарып жиберишти. Анан ооруп атат деген шылтоо менен документтерин качууга даярдашты. Ал түрмөнүн гана ооруканасында дарыланышы керек болчу. Менчик ооруканада дарыланганга ким уруксат берди?

Саясый серепчи Марс Сариев: Башынан эле Акмат Бакиевди түрмөгө отургузуунун кереги жок болчу. Анткени ал башка бир туугандары сыяктуу саясатка аралашпаган карапайым адам болчу. Экинчиден, бул жерде бийликтин күнөөсү жок. Чыгарып коёлу деп Атамбаев чечкен эмес. Бул соттун чечими.

Айтылуу укукчу Топчубек Туругналиев: Акмат Бакиев Жалал-Абадды жалгыз бийлеп хан болуп турганда да: “Элди эзгениңерди, зордук-зомбулугуңарды токтоткула, арты жамандык менен бүтөт” деп айткамын. Кийин ал камалганджа жолусам: “Мен 18 оору менен ооруп атам, мени үй камагына чыгаргыла” деп айткан. Ошондо мен “Акмат, сени үй камагына чыгарса качып кетесиң” дегемин. Бул жерде акча ойноп кетти. Ушунун баары ыплас бийликтин шалаакылыгынын айнынан болду.

“Мекен шейиттери” коомдук кыймылынын башчысы Осунбек Жамансариев: Акмат Бакиевге каршы тергөө иши башында эле туура эмес башталган, - деп жооп берди.

“Арена” гезити мурдагы депутат Улугбек Ормоновдун “Креслодон тартып түшмөйүн эч ким кызматынан кетпейт” деген маегин жарыялады. Улугбек мырза “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын башында Адахан Мадумаров турган үчүн түштүктүн партиясы деп аталып жүргөнүн, ал жерде Сооронбаев деген нарындык азамат да барын, эгерде бийлик тарабынан Мелис Мырзакматовду кызматынан алуу аракети болбогондо мындай чоң митинг болмок эместигин, бирок митингдин шарапаты менен бириккен оппозиция кандай чоң күч болорун көрсөтүп койду деп айтты. Ормонов андан ары Мырзакматов Мелисти Бакиевден калган кадр деп кодулай бере турган болсок, анда азыркы бийликти да кетириш керек болорун, бирок ал өзү Кыргызстанда бийликтин күч менен алмашуусуна каршы экенин, эгер бул сапар да революцияга жол берилсе анда Кыргызстан мамлекет катары жок болуп кетерин белгиледи.

“Асман преss” гезитинин негизги өзөгүн аялзатына арналган макалалар түздү. Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырованын “Эне тилеги - элим тынч болсо экен дейт экен” деген маеги тартууланды. Кыргызстандын жалпы аялзатын Жаз майрамы менен куттуктаган Бөдөш айым маегинин калган бөлүгүн саясатка арнады. 93-жылкы Конституцияны кайрып келүү маселесин митингде Акматбек Келдибеков же Ташиев көтөрүп чыкпаганын, ушул Конституцияга кайтып келиш керек деген ой-пикирлер көптөн бери эле айтылып келатканын, албетте азыркы Башмыйзам референдум жолу менен 2020-жылга чейин өзгөрүлбөйт деп жазылып калганын, бирок ошол эле учурда коомдук пикирден да алыс кете албай тургандыгыбызды белгиледи.

Депутат Бөдөш Мамырова ошондой эле парламенттик башкарууга өткөндөн кийин жаңы башталыштар көп болуп жаткандыгын, жаңы нерседе жаңылыштык, аны түшүнбөстүк да көп болорун, ага эл эле эмес, элдин алдыңкы сабында жүргөн маасалык маалымат каражаттары да көнө албай келатканын кошумчалады.

“Учур” гезити президенттин айланасындагы Жантөрө Сатыбалдиев, Аалы Карашев, Шамил Атаханов, Тайырбек Сарпашев сыяктуу аткаминерлердин дарамети Оштогу шайлоодо сыналганына, эми мындай таасирсиз фигуралар менен президент Атамбаев эстептешпестигине, булардын ордуна түштүктөн чыккан саясый элиталар менен алака түзүшү мүмкүндүгү келгенине, маселен Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана башкаларды бийликке тартуу аракети жасалышы ыктымалдыгына божомол жасады.

Журналист Турат Акимовдун ушул эле “Учур” гезитиндеги маеги “Текебаев мамлекетке чыккынчылык жасады” деген ат менен тартууланды.

Турат мырза 93-жылдагы Башмыйзамга кайтуу маселесин көптөн бери көтөрүп келаткан атуулдарыбыздын бири катары, дегеле Башмыйзам деген эмне деген суроолорго кенен жооп берди. Мыйзмадардын башка өлкөлөрдөгү тарыхына токтолду. Бир Конституцядан экинчисине кайтып келүү иши далай ирет боло келгенин мисалдар менен келтирди. Ошону менен бирге эле 93-жылдагы Конституциянын мыкты жактарын санап берди.

-Текебаев дүйнөлүк практикада жок “Конституционный совещания” дегенди чыгарып, мамлекетке чыккынчылык жасады,- деп айтуу менен Турат Акимов партиялык система бизге ылайык келбестигин, ал система завод, фабрикалары, чоң профсоюздары бар Батыш өлкөлөрүнө ылайыкташканын, бизде болсо эң чоң ишкана деген “Кумтөрдө” араң 1200 киши иштээрин жана “Дордой” базарынын профсюзун мисалга тартты.

Турат Акимов аягында: Азыркы оппозициянын 93-жылдагы Конституцияга кайтып келебиз деген максатын колдойбуз, бирок анын башка лозунгдарына кошулбайбыз. Мындай мамлекеттин келечеги жок, мурда Айдар, Максим каалагандай тоноп, сатып келсе азыр Бабанов “майкандап” жатат,- деп айтты.
XS
SM
MD
LG