Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:55

Бүгүнкү гезиттер сандарында өлкөнүн саясый-экономикалык турмушуна, Акмат Бакиевдин качышына, кыргыз интеллигенциясынын кайдыгерлигине көңүл бурду.

"Фабула"

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити депутат Өмүрбек Абдрахмановдун “Эгер депутаттар өзүбүз мыйзамды бузуп атсак, башкалар жөнүндө сүйлөбөй эле коёлу...” деген,

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын “Каптагаев “Майрамкан кантип баатыр болсун” деп кагаздарымды ыргытып ийиптир. Ыргытса ыргытсын, Кудай тизмеден ыргытпаса болду” деген,

Сүрөтчү Асан Турсункуловдун “Профессионал “народный академиктер” мен силерди эл алдында “ачык өнөр” көрсөтүүгө чакырам” деген,

“Акмат Бакиев Жалал-Абад аркылуу Өзбекстанга качып...” деген баштемалар менен жаңы санын ачты.

Гезит журналист Алмазбек Темирбек уулунун “Бабановдун жардылыгы жанды кейитет экен...” деген макаласын жарыялады. Анда өкмөт башчысынын декларациясында үрүп чыгарга ити да, машинасы да, жадагалса жашарга үйү да жоктугу, аябай жакырлыгы жанды кейиткенин, анан ушундай адам кантип мамлекетти оңдой аларын сынга алган.

Акмат Бакиевдин качып кетиши майда кызматкерлер эмес, кызмат абалы күчтүү топ уюштурган “операция” болуп саналары журналист Эртабылды Аттокуровдун “Акматтын кармалышы арсар” деген макаласында кеп болду.

Журналист Үсөн Касыбеков бул жолку шайлоо таймашы номиналдуу эмес, реалдуу бийликке ээ болуш үчүн жүргөнүн, жөн эле аткаминерлик орунду ээлебестен финансылык ресурстарга ээ болуу үчүн атаандаштык болгону жергиликтүү шайлоонун мурдагылардан өзгөчөлүгүн аныктагандыгын, эми мындан ары жергиликтүү бийлик борбордун көзүнүн агы менен чарк айланган жармач бийлик болуудан калды деп айтууга болорун белгиледи.

Ички иштер министринин орунбасары Мелис Турганбаев “Фабула” гезитинин бүгүнкү санына курган маегинде, Ошто митинг тынч өткөнүн, өзү болсо улуттар арасында мамилелер дагы эле кооптуу экендигине байланыштуу эл ичин аралап, карапайым эл менен, айрыкча өзбектер арбын жашаган жайларды кыдырып, пикир алышканын айтты. Кайсыл жерге милициянын толук өздүк курамдарын түзүү керектигин иликтөөгө алганын, мисалы Он-Адыр кичи районунда 65 миң адамдын дээрлик бардыгы өзбек улутундагылар болорун, бул жерде болгону 5 гана милиция иштээрин, эл болсо толук жарамдуу милиция бөлүмүн ачып берүүнү суранганын белгиледи. Ошто улуттар аралык ынтымакты чыңдоо маселелери менен жергиликтүү бийлик тынбай иш алып барышы зарылдыгын, маселен кичинекей Дагестанда 102 улуттун өкүлү жашап, жашаганда да бир улуттун өкүлүндөй ынтымак менен жашарын мисалга тартты.

Кабарчынын "Оштогу митингде Ташиевдин “тизгинди коё берсек чатак болот” деген сөзүнө тартип сакчысы катары кандай баа бересиз?"- деген суроосуна генерал Мелис Турганбаев: - Ташиев айткандай чатак болсо кимге биринчи чатак болот? Алар ошол жерге карапайым адамдарды алып чыгышкан. Демек чатак чыкса, биринчи кезекте карапайым элдин башына түшкөн чатак болот. Дагы бир жолу айтайын, айрыкча элге төбөсү көрүнгөн адам болобу, саясатчы болобу, сөздү сүйлөрдө сөз деп эле сүйлөй бербей, анын артындагы боло турган маанисин терең түшүнүп туруп айтса жакшы болот эле, - деп жооп берди.

“Алиби”

Гезит кинорежиссер Тилек Мураталиевдин “агама кат” деген рубриканын алдында “Тообоңуз кабыл болсун, агай” деген макаласын тартуулады. Макалада белгилүү публицист, окумуштуу Советбек Байгазиевдин “Абийир соту” деген ырын окуп ыраазы болгонун, ырында окумуштуу өзүн-өзү сынга алганын белгилеп келип, коом ирип, чирип баратканда, батыш бузукулукту жайылтып жатканда “өз сөзүн айтпай “дүжүргө” айланып олтуруп алган интеллигенцияны сынга алды.

Журналист Мирлан Кулбаевдин “Алибидеги” макаласы “Акмат Бакиевди кимдер качырган?” деп аталып автор төмөнкүдөй 3 версияга окурман көңүлүн бурду. “1-версия, Акмат Бакиевди бир туугандары чыгарып кетиши мүмкүн. Аны кандай качыруу планы эбак эле иштелип чыгып, ага бажы, чек ара кызматкерлери тартылып, кызылдай акчанын күчү менен ишке ашышы ыктымал. Балким парламенттен сокку жеген Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков “тойдум байдын кызына” деп Бакиевдерден ири суммадагы акчаны алып Акматты качырып салышы да мүмкүн деген ойлор да жок эмес.

“2-версия: Акматтан мурда ыдык көрүп, ага өчөшүп калган майда крим топтор уурдай качып, анын башы үчүн Бакиевдерден миллиондогон сомдорду талап кылып олжо табуунун аракетин көздөгөн,

3-версия, азыр өлкөдө саясый туруксуздукту көздөгөн күчтөр толтура. Оппозициябыз дегендер ар кандай жашыруун да, ачык да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен коомчулук алдында азыркы бийликтин ар бир кадамын кетмендеп келатат. Жумуртканын кырын таппай жаткан оппозиция аны Акматтан таап чыгып, элдин бийликке нааразылыгын ойготуш үчүн Акматты “качып кетти” кылып жашырып алышы да мүмкүн. Эгер ушундай боло турган болсо анда булар Акматты бербейт. Себеби күч органдары оппозициянын үйлөрүн текшерүүгө ала алышпайт, короосуна жакындасаң эле “мага кол салуу уюштурушту” деп бакырып тура калышы мүмкүн”.

Автор мына ушул үч версияны алдыга тартуу менен: “Кандай болгон күндө да Акмат Бакиевдин качышы азыркы бийликтин айланып келип өз башына тийип жаткан ашкере гумандуу саясатынын шалаакылыгы, болбосо кантип ушундай кайдыгер мамиле болсун?! Демек, Акматка окшоп дагы канчалаган коркунучтуу кылмышкерелр күндүзү ооруканаларда, түнкүсүн сауналарда ойноп жүрөт болду экен?” деп суроо койду.

“Жаңы агым”

Гезит кабарчысы Аскер Сакыбаеванын өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун Катар мамлекетиндеги расмий иш сапарын кошо барып жазып келгенин кыскача баяндап, эки өлкөдө аба каттамы, элчилик ачылмай болгонун, капчыгында 100 млн. доллары бар атайын инвестфонд түзүү ниети бар экенин, арабдар айрыкча Кыргызстандын тоо кенине кызыкканын, дагы бир жагдай Батыш Европа менен Американын мыкты деген жогорку окуу жайларынын филиалдары Доха шаарында бар экенин, эгер кыргызстандыктар окугусу келсе шарт түзүп беребиз деп айткандарын жазып чыкты.

“Катар өлкөсү Кыргызстандан 20 эсеге кичине, болгону 1 жарым млн. эл жашаса анын 150 миңи гана катарлыктар, калгандар Пакистан, Бангладеш, Филиппин, Вьетнамдан барган мигранттар. Жылдык бюджети 200 млн. доллар. Ички дүң продукциясы киши башына 170 миң долларды түзөт. Ак сөөк арабдар 37 млрд. долларга эс ала турган жасалма арал курган” деген маалыматты да бүгүнкү “Жаңы Агым” гезитинен окуй аласыздар.

19-мартта Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев кайрадан Москвага барып Россиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путин менен жолугарын кабарлады.

Гезитте мындан тышкары журналист Мелис Совет уулунун “Путин жеңди. Евразия биримдигине киребиз” деген макаласы бар.

Гезиттин өз кабарчысы Алишер Токсонбаевдин Оштон жазган макаласы “Мырзакматовдун партиясы жеңди” деген ат менен жарык көрүп, анда шайлоо кандай өткөндүгү баяндалып, Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги партиясы” жеңишке жеткенин, кайсыл партия кандай добуш алганы маалымдалды.

“Байлыкты табуу кыйын, аны сактап калыш андан да кыйын” деген ат менен Кыргызстандагы дасыккан ишкерлердин бири Райкан Алканов маек берди.

Швед саясат иликтегич Йохан Энгвалль аттуу адам жакында Кыргызстандагы коррупция боюнча докторлук диссертация жазып, анысында “Кыргызстандагы коррупция мамлекеттин көйгөйлөрүнүн бири эмес, коррупция мамлекеттин өзү, башкача айтканда, мамлекетти башкаруунун жолу” деп жазып чыкканын мисалга алды.

Швед жараны Кыргызстандагы кырдаалды алты жыл иликтеген. Окумуштуунун айтымында, Акаев убагында министрдин баасы - 100 миңден 200 миң доллар, губернатор болуш үчүн 40 миң доллар, аким болуш үчүн 20 миң доллар болсо, эки жолку революциядан кийин деле мындай пара берүү токтой электигине назар салган.
XS
SM
MD
LG