Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Ишеним


Бүгүн жарык көргөн гезиттер “элдин биримдиги үчүн эмне кылуу керек?” суроонун айланасында ар кандай ойлордон турган макалаларды басты.

“Де-факто” гезити “Анекдот айтсам, күлөсүңбү?” деген рубриканын алдында “Акмат Бакиевди качырып туруп артынан кылмыш ишин козгоп коюшту” деген макаланы, анын жанына Өмүрбек Текебаевдин пикири жарыялады.

- Бизде кандайдыр бир чоң өзгөрүү боло тургандыгын ал билген болушу мүмкүн. Бир нерсенин четин билбесе ал мындай тобокелдикке бармак эмес. Бийликти өзгөртөбүз, кетиребиз деп кыйкырып аткандардын 3-4 айдан кийин бийликти алмаштыруу аракети ишке ашса, кайра кайрылып келем деп чыгып кетиши мүмкүндүгүн да жокко чыгарууга болбойт. Балким бул аракетти сырткы күчтөр финансылап жаткандыр. Ошондуктан бийлик: “Революция кылабыз, бийликти алмаштырабыз” дегендерге маани бериши керек, - деп айтты Текебаев.

Журналист Кабай Карабеков: Акмат Бакиев бүттү, эми кармалбайт,- деп айтты.

Депутат Туратбек Мадылбеков: Акмат Бакиевди качыруу операциясына 100 миң доллар жумшалыптыр. Биз бул маалыматтын акырына чыгабыз. Бир нерсени айтып коёюн. Ушул операция ишке ашып аткан кезде Шейшенбек Байзаков ооруканада жаткан. Эгер сураса: “мен кайдан билем. Ал учурда дарыланып жаткам” деп орунбасарларына шылтай салат. Байзаковдун ооруканада жатып калышы да ойлонулуп жасалган иш болушу керек десек болот.

Депутат Равшан Жээнбеков маегинде “Атамбаев мурункуларды коё туруп, азыр гүлдөп аткан коррупция менен күрөшсө болмок, Акмат Бакиевдин качып кетүүсү да Бабановдун жоопкерчилигин карай турган маселе”, - деп айтты.

“Мекен чегин коргоп жаткан жоокер уулубузду аткан канкор жана абийрсиз Анипа баш болгон ээнбаштар жазалансын!” деген кайрылуу катты бийлик башындагыларга Баткендин Самаркандек чек арасында каза болгон Дүйшөналиев Канаттын ата-энеси, тууган-туушкандары Нарын шаарынан жазып жөнөтүшкөн.

“Де-факто” гезитинин ушул эле санына белгилүү журналист Эсенбай Нурушевдин “Этниялар кагылышы” деген макаласы жарык көрдү. Автор азыркы бөлүнүп-жарылууну жамынган же этниялар кагылышында эч кандай маданий, диний, лексикалык жүйөөлөр жоктугун, болгону бир гана фактор - бийлик талашмай оорусу тургандыгын, бизде азыр эки гана жол барын, же уюткубузду бекемдеп, кыргыз жергесиндеги жашаган бардык калкты бириктирип, саясий улуттун деңгээлине көтөрүп чыгуу керек, же шайлоо сайын бөлүнүп-жарылып, тоз-тополоңубуз түшкөн ушундай жашоого макул болуп жашашыбыз керектигин, ал эми мындай жашоонун арты опуртал болорун баяндады.

“Алиби” гезити баш макаласын “Кимисинин азуусу курч- Атамбаевдинби же коррупциянынбы?” деп атады.

Саясатчылар элдин тагдыры менен ойногону аз келгенсип, эми Кудайдын табияты менен ойной баштаганын, саясатка кеч келген Арстанбек Абдылдаев деген жигит да туурадан чыга калып, “быйыл кыш болбойт” дей салып, күлбөгөн жерди күлкү кылганын “Дастан аке, жаз кана?” деген кабары аркылуу “кыргыз жайчыларына” кулак кагыш кылды.

Генерал Мирослав Ниязовдун маеги “Коррупционер” деген айып бир кишиге тагылдыбы?” деген суроону койду. Мирослав мырза азыркы бийликтин коррупцияга каршы иш-аракеттерин сынга алды. Кыргызстандын эли канча жылдан бери мителик менен жашап келатканын, өзүбүз эч нерсе өндүрбөй эле баарын сырттан ташып келе баштаган калкка айланганыбызды далилдер менен айтты. Ниязов башынан айтып келаткан оюн дагы бир жолу бекемдеп, Кыргызстан парламенттик системага даяр эместигин да белгилеп өттү.

Журналист Болотбек Таштаналиевдин макаласы “№69 гимназия - мамлекет ичиндеги мамлекет” деп аталып, мектептеги финасылык тартип бузуулар тууралуу кенен кеп кылды.

“Фабула” гезити Катар мамлекетине кыргыз делегациясы менен кошо барып келген журналисттердин ойлорун ортого салды.

Баратбай Аракеевдин макаласы “Жакшы турмушка ушул бийлик тушунда жетебизби?” деген ат менен жарык көрүп, бийликте баягылар эле келатканын, акаевчилер менен бакиевчилерден баш адашарын, эми бакиевчилер толугу менен биригип алып, Атамбаев менен Бабановго чабуулга өткөнүн, так ушундай болорун, революциядан кийин эл канча жолу какшап, аларды бийликке жолотпоо керек деп айтканын, Бакиевден кийин коңулга кире качып, качан соттолом деп тургандар, соттолмок тургай, күндөн күнгө катуулап, бул бийлигиңди уруп койбойбуз деп жатканын, мунун бир-эки эле мисалы катары Акмат Бакиевдин, Малеваная сыяктуу камалымыш болгондордун качып баса беришин мисал кылды.

Автор дал ушундай кырдаалда Конституцияны оңдоп, президентке кадимкидей бийлик берилиши керек деген оюн билдирди.

Журналист Үсөн Касыбековдун макаласы “Мырзакматов Мадумаров менен Ташиевге ишенбейби?” деп аталды. Автор Ош шаарында болуп өткөн шайлоону талдоого алуу менен “Ата-Журттун” лидерлеринин бийликти аёосуз сынга алып жатышы жеке максаттарга баш ийдирилгенин, элдин кызыкчылыгын бетке кармап алганын, оппозициянын иш-аракетинде сепаратисттик маанай турганы жергиликтүү түштүк элитасын кооптондурбай койбогондугу аныктыгын, түштүк элитасын ротациялоо муктаждыгы пайда болгонун, К. Ташиев, А. Мадумаров, А. Келдибековдордун ордуна жаңы муундагы саясатчылар келиши керек экендигин Мырзакматов баамдап турганын, ошон үчүн ал бүгүн “Ата-Журт” менен “Бүтүн Кыргызстандан” боюн качырып, өз алдынча партия түзгөнүн белгиледи.

Ушул эле гезит “Укук коргоочулар террорчулардын укугун коргойбу?” деген суроо алдында Милан Алыбаевдин макаласын жарыялады.

Фин өлкөсүндө жашап жаткан журналист Асран Айдаралиев менен маекти электрондук байланыш аркылуу гезит кабарчысы Эрнис Балбаков жүргүзгөн.

Маек “Абийир соту менен арбак эч качан кечирбейт” деген ат менен тартууланды.

Асран Айдаралиев Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши аягына чыгарына Акмат Бакиевди качырып жибергенден кийин ишенбей калганын, Бакиевдер жазаланмайынча жүздөгөн курман болгондордун, миңдеп жабыр тарткандардын жана элдин көксөөсү эч качан суубай тургандыгын айтты.

Бүгүн ошону менен бирге эле “Тай-Цзи” деп аталган жаңы гезит жарыкка чыкты.
XS
SM
MD
LG