Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

Бүгүнкү баяндамабыз “Дело №...” гезитиндеги макалалардан болмокчу.

Аталган жумалык бүгүнкү санына “Кыргызстанда мунай бар, мунай согушу да бар...” деген темадагы макаланы жарыялады. Макалада Жогорку Кеңештин тарыхында балким кылмыш жоопкерчилигине кириптер боло турган жалгыз депутат азыркы парламенттин 38 жаштагы депутаты Исках Пирматов болуп калышы мүмкүндүгүн, анткени жакында эле Башкы прокуратура аны депутаттык кол тийбестигинен ажыратып берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жолдогонун, прокуратуранын бул жолдомосун иликтеп чыгуу үчүн ар бир фракциядан экиден депутат кирген комиссия түзүлгөнүн жана ага кимдер киргенин маалымдады.

Гезит андан ары депутаттык комиссия өз сөзүн айталекте эле “Ата Мекен” партиясы өткөн жумада же 16-март күнү өз фракциясында Башкы прокуратуранын өкүлүн чакыртып алып, өз кеңешмесинде депутат Исках Пирматовду кол тийбестигинен ажыратуу үчүн добуш берип салганга шашканын, фракциядагы аксакал депутат Ташболот Балтабаев Пирматовго байланышкан кылмыш ишин эл саясый кампанейщина деп ойлоп жатканын айтты деп жазды.

Гезит андан ары “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун чыр-чатактуу тарыхына кенен токтолду. Ал жөнүндө гезиттеги макаладан толугу менен окуп алсаңыздар болот.

Ушул эле санга “Текебаевдин эзүүсүнөн бошонгондор” деген аталыштагы макала да жарык көрдү. Анда жакында эле “Ата Мекен” партиясынан катарынан чыгарылган Өмүрбек Абдрахманов жана Равшан Жээнбеков тууралуу кеп болот.

“Буларды эмне күнөөсү үчүн партиядан чыгарып салышты?” Журналисттердин бул суроосуна “Ата Мекен” партиясы илгерки коммунисттердин жолоюн эске салган төмөнкүдөй түшүндүрмөнү колго карматышкан. Анда: “Партиянын генералдык линиясы менен макул болбогондуктары жана уюмдун ички турумушуна активдүү катышпагандыктары, ошондой эле партиянын эң жогорку жетекчилигин сындагандыгы үчүн” деп жазылган.

Ал эми партиянын катарынан чыгарылган Равшан Жээнбековдун айтымында, Жогорку Кеңеште азыркы күндө фракциядан тышкары иштеп жүргөн эркин депутаттар бир топ, эми булар биригип, авторитаризмге каршы күрөш жүргүзүп, демократия менен реформаны колдоо үчүн 20 депутат бир блокко кирген уюм түзүүгө барышат. Ал үчүн азыркы тапта сүйлөшүү башталды.

Журналист аталган макаласын аяктап баратып, Кыргызстандын саясатчылары эч качан тынчыбай тургандыгын, сыягы биз мындан кийин да өздөрүнүн партжетекчилерине баш ийгиси келбеген дагы далай бунтарларды көрөт окшойбуз деген жыйынтыкка келди.

“Толтурулган декларациялар аткаминерлердин реалдуу байлыгын көрсөтө алабы? “Эл деген келесоо эмес, баарын билип турат” деген аталыш менен айрым жарандардын ой-пикрлерин ортого салды.

Коомдук ишмер Елена Воронина:- Албетте чиновниктердин толтурган декларациясына дегеле ишенбейм. Шайлоого чыккандагы абалын карасаң көбүнүн иши жок, жумушсуз, жеке бизнеси да жок, бир бечара болуп көрүнүп келет дагы, депутат болору менен квартирасы да, машинасы да, бизнеси да заматта пайда боло калат. Кара жанын жеп калп айтуу, элди каратып туруп алдоо, жаап-жашыруу, каалаганын жасоо - биздин бүгүнкү чиновниктердин чыныгы жүзү. Декларация толтурмай деген биздин өлкөдө фарска айланды, элдин көзүн бойогон мындай алдамчылыкка корогон кайран гана кагаз,-деп,

Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Нурлан Дүйшеев:- Мамлекеттик чиновник декларация толтуруп атканда бир жылдык тапкан финансылык кирешесин толугу менен жазышы керек, антпесе эл адындагы кадырын түшүрүп алат-деп,

Жеке ишкер Эрлан Баетов:- Бул кагаздарга эч ким ишенбейт. Президент менен парламенттин спикери жакыр адамдардан эместигин элдин баары эле билет. Мамлекеттин кадрдык кызматы бардык адамдарды декларация толтурушу керек деп жаткандыгынын өзүн туура эмес деп эсептейм. Бул деген жөн эле кагазды кор кылмай жана кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүн толтурууга кеткен артыкбаш нерсе болуп саналат,-деп,

Студент Никита:- Мындай декларациялардан эч кандай пайда жок. Мисалы, Бабановдун өткөн жылда болгону 18 миң доллар иштеп тапты дегенине ким ишенет. Буга сиз ишенесизби? Мен дегеле ишенбейм,-деп,

Эколог Алмаз Курманкулов: - Өз кирешесин жаап-жашыруу кылмышка жатпайт. Бирок буга карабастан коомчулуктун кысымы астында чиновниктер кирешелерин көрсөткөнгө мажбур болуп жатат. Албетте Өмүрбек Бабановдун өз кирешелерин жашыргандыгы анын беделин көтөрбөйт. Деги эле кирешелерин өзү таппагансып, жакындарына, тууган-туушкандарына жаза салган чиновниктерге мен такыр ишенбейм,-деп,

Менеджер Алла Андреева:- Деклрация деген - элди жана өзүңдү шылдың кылган акмакчылыктын бир түрү. Мындан эмне пайда? Декларацияда көрсөтүлгөндөрдү 10 эсеге көбөйтүп түшүнүү керек. Эмне үчүн баары эле кирешелерин азайтып көсөтүү үчүн жанталашышат? Анткени болгонун болгондой жазсаң эртең эле текшерүүчү органдар каалгаңды каккылап жетип келет,-деп жооп беришти.

Журналист Лейла Саралаева Жаза өтөө кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун айланасындагы кеп дагы эле токтобой келаткандыгын кабарлоо менен генералды жакшы билген досу, полковник Абдумажит Касымов менен маек курду.
XS
SM
MD
LG