Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Гезиттер: бирөө кармайт, экинчиси бошотот


Бүгүнкү баяндамабыз “Дело №...” гезитиндеги макалалардан турду.

“Уюшкан кылмыштуу топтун былтыр отургузулган мүчөлөрү кайрадан эркиндикте, милиция буларды экинчи жолу кармап келүүгө аракет кылууда. Уюшкан кылмыштуулукка каршы дуулдаган кампания ушундай бечаралык менен жыйынтыкталууда” деген макала бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезитине басылды.

Кылмыш ишитерин соттук териштирүүнүн жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун 44 мүчөсүнө козголгон кылмыш иши токтотулганын, анткени жабыр тарткан тараптар тигилерге эч кандай дооматыбыз жок деп кат жазып берип, элдешип алганы себеп болгонун, уюшкан кылмыштуу топтун калган 161 мүчөсүнө ар кандай эсеп менен өкүм чыгарылганын жазып чыкты.

Эмне үчүн ушундай болууда?

Бул боюнча кенен түшүндүрмөнү милициянын полковниги Данияр Абдиев айтып берди. Полковниктин айтымында, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин арасында нааразылык чыга баштаганын, анткени алар азап-тозок менен, баштарын канжыгага байлап туруп кармап келген кылмышкерлерди соттор жөн гана бошото баштаганын, алтургай айрым соттор кармалган кылмышкер уюшкан кылмыштуу топтун эсебинде катталып тургандыгын далилдеген справкаларды кылмыш иштеринен атайылап алып салган көрүнүштөрү болуп жатканын, бүгүн соттор бошотуп жаткан кылмышкерлерди эми кайра экинчи жолу кармоого туура келерин кейип кеп кылды.

“Дело №...” гезити андан ары славян улутундагылардын “смотрящийи” болгон, жардыргыч гранаталарды сактап келгендиги үчүн кармалган Игорь Михайловду болгону 3 жыл колония-посолениеге кескенин, уйгур улутундагылардын “смотрящийи”, жакында эле наркотик менен кармалган Садык Ахун оглы 3 жыл алып бошоп чыкканын, Кант шаарынын “смотрящийи” Улан Муфтиев бирөөлөрдөн акча өндүргөндүгү үчүн кармалса, аны да бошотуп жиберип, эми ал кайра камалганын, Бакалай деген абысын аты бар Бакыт Дүйшөнов маңзат менен кармалып шарттуу жазага кесилип, эркиндикке чыгары менен акча өндүрмөй адатына кирип, кайра камакка алынганын, Маевканын “смотрящий” болуп туруп кармалган Яшар Какалов талап-тоногондугу үчүн кармалып келсе, сот актап туруп бошотуп жиберип, бошоору менен изин таптырбай качып жоголгонун, бул кылмышкер 1-СИЗОдо жаткан Айдар Шамурзаевди өлтүрүүгө катышканын, жакында ал Тараз шаарынан кармалып, Кыргызстанга алып келүү иш-чаралары көрүлүп жатканын, ушул эле киши өлтүрүү кылмышына катышкандыгы үчүн 1-СИЗОдо жаткан Малик Макатаев курал катып келгендиги үчүн күнөөлөнгөнүн, сот аны залдан актап чыгарганын, милиция аны кайрадан кармап келгенин, Алманбет Анапияевдин оң колу болгон, ошондой эле Бишкектеги борбордук деп аталган 1-СИЗОнун “смотрящийи” Талант Жайчибеков киши өлтүргөндүгү үчүн 20 жылга кесилип, болгону анын 3 жылын гана өтөгөнүн, аны акырын бул жактан Жалал-Абадга которуп, ал жактан мунапыска тууралап, колония-поселениеге чыгарып туруп, Ошту көздөй жөнөткөнүн, ошол бойдон куйругун үзүп жок болгонун, алынган маалыматтар боюнча азыркы күндө Жайчыбеков Москвада экендигин, ал кайрадан акча өндүрүүчү шайка курап Орусияда жан багып жүргөн жердештеринин маңдай тери менен тапкандарын сыгып алып жатканын жазып чыкты.

Өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен күрөшүү аябай мышык ыйлаарлык абалда. Анткени буларды милиция камакка алары менен бошотуп жиберип жатышат. Соттор бул аймакта кылмышкерлерге жазанын эң эле жеңил-желпи түрлөрүн колдонуу менен койо беришүүдө.

Жакында уюшкан кылмыштуу топтун дагы ондогон лидерлери бошогону турат. Кылмыштуу топторду түзгөнү үчүн 16 жылга кесилген Талас облусунун “смотрящийи” Кыргызбай Култаев мунапыска туураланса, 14 жылга кесилген анын өнөктөшү Эркин Чекиров эркиндикке койо берилгенин жазып чыкты.

“Дело №...” гезити бул кейиштүү макаланын аягында кылмышкерлерди айрым депутаттар баш оту менен колдоп жатканын, анткени алардын айрымдары өз мезгилинде түрмөдө отуруп чыккандар экендигин, алар түрмө деген эмне экендигин жакшы билишерин, коомго коркунуч бар деген кылмышкерлерди бошоттуруу менен мындай депутаттар эртеңки шайлоодо так ошол кылмышкерлердин күчү менен кайрадан депутат болуп шайланып келе беришине шарт түзүлөрүн, ошондой эле эң башкысы өлкөдө кылмышкерлердин күчү менен 3-революция жасоо мүмкүндүгү жок эместигин баса белгиледи.

“Көмүр чатагы мындан ары кандай болушу мүмкүн?” деген аталыш менен энергетика боюнча эксперт, Энергетика министрлигинин байкоочулар кеңешинин мүчөсү Николай Кравцовдун кенен маегин бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити жарыялады.

Кравцов маегинин башында эле 5 миллиндон ашуун сомду жоготууга учураткан деп күнөөлөнүп жаткан Аскарбек Шадиев менен анын орун басары Аман Тентиевдин буга эч кандай күнөөсү жоктугун, азыркы аталган сумма Кыргызстанга ташылып келинген Кулан көмүрүнүн транспорттук чыгымы үчүн кеткен акча экендигин, көмүрдү алып келүү чечимин Шадиев же Тентиев эмес, Кыргызстандын өкмөтү чыгарып аны аткарууну “Электр станциялар” ачык акционердик коомуна милдеттендирерин, өкмөттүн мына ушул тапшырмасын аткаруу үчүн Тентиев казактын “Кулан ТБ” компаниясы менен келишим түзгөнүн айтты.

Ал эми Башкы прокуратура жок жерден таап чыга калган 5 млн. сомду дайынсыз ысырап кылган деп Шадиевге күнөө койгондон кийин “Кулан ТБ” компаниясы келтирген зыяны үчүн алтургай 5 эмес, 7 миллион сом төлөп берди.

-Кыргызстанга мындан ары бул көмүр чатагынын кесепети кандай болушу мүмкүн?

Кабарчынын бул суроосуна Николай Кравцов, ТЭЦ үчүн жыл сайын Казакстандан 800 миң тонна көмүр сатып алып келатканыбызды, эми бул өңдүү чатактан кийин казактардын көмүр казуучу компаниялары да мамилесин өзгөртөрүн, биз анан келечекте ТЭЦке жага турган көмүрсүз калышыбыз мүмкүндүгүн, аны алмаштыра турган күч өзүбүздө жоктугун айтты.

Эксперт ошону менен бирге эле Көмүрдөн чыккан чатактан кийин казактын көмүр компаниялары жакында болуп өткөн тендерге катышпагандыгын, Башкы прокуратуранын бүгүнкү аракеттери анын оюнча компетенттүүлүктү мындай коюңуз, коомчулукту жарып жибере турган мина болуп калганын белилеп, Кравцов энергетика тармагындагы катастрофаны өлкөнүн саясый системасынын түркүгүн бошотууга болгон эң сонун шылтоо экендигин, анткени жарыксыз жана жылуулуксуз калган адамдар саясый жактан өтө активдүү болорун, мындай күчтөр кандай гана бийлик болбосун аласалдырып таштаарын, ал эми Кыргыстандын калкынын эң активдүү бөлүгү Бишкекте жашап турганын жана алардын сунган колу Ак үйдө отургандарга заматта жетип барарын кеп кылды.

“Дело №...” гезити андан ары энергетика министрин Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Төрөбеков, Камила Талиева, Тынчтык Шайназаров колдоп чыгышканын кабарлады. Маслен “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Игорь Гусаревдин айтымында, бул көмүр Кыргызстанга 7 жылдан бери карай эле ташылып келе жаткан көмүр.

Дагы бир көңүлгө ала турган жагдай, чырдын ичинде “Брокөмүрсервис” деген аталыштагы фирма туурасында да сөз болуп, бул фирманын негиздөөчүсү издөөдө жүргөн мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун аялынын тууганы болгондугун, Кыргызстанга чыр-чатагы бүгүн чубалып жаткан уулуу көмүр бизге 2006-жылдан тартып эле же энерготармагында Ширшовдун коррупциялык схемасы гүлдөп турган мезгилден баштап эле ташылып келип турганын кеп кылды “Дело №...” гезити.

Аида Тастанованын макаласы “Өмүрбек Бабановдун 100 күнү” деген аталыш менен жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG