Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

2 жыл мурда...


Гезиттер башкы макалаларын, маектерин 7-апрель ыңкылабына арнады.

“7-апрелдин маанисин, максатын булгагысы келгендер аны түштүктөгү июнь кыргыны менен окшош трагедия кылгысы келет. 7-апрель деген бийликтин талоончулугуна каршы көтөрүлгөн элдик чыныгы революция болгон. Ал эми июндагы кыргын дал ошол 7-апрель революциясына каршы уюштурулган контрреволюция болгон. Аны адегенде Маевкадан башташкан, андан майнап чыкпаганда түштүктү бөлүп кетүүгө аракет кылышкан” деп айтты “Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санындагы “7 жыл мурдагы жети сөз... 7-апрель” аттуу маегинде Кыргыз республикасынын баатыры Бексултан Жакиев.

Коррупция тууралуу кебинде Кыргыз эл жазуучусу Б. Жакиев президент Атамбаев коррупциянын тамырын кыркуу максатында күрөш жарыялаганына калк кубанып атса, күйүт жутуп аткандар бар экенин, мына кечээ эле депутаттар ким экенин көрсөтүп койгонун, кимдир бирөөнүн кылмышы барбы жокпу? - өкүм чыгарышка Жогорку Кеңештин укугу жоктугун, сотко жеткирбей тергөөнүн жолун буугандык даана коррупцияны коргогонго барабар экендигин айтты.

“Фабула” гезити да коррупция тууралуу макаласы менен бүгүнкү санын ачып, Жогорку Кеңеш деген коррупцияга каршы күрөш үстүндө иштеп жаткан Башкы прокуратураны иштетпей атса, Салянованы кетсин деп атса, анда коррупцияга каршы ким күрөшөт? Ташиев менен Келдибеков күрөшөбү? Минте беришсе чыныгы коррупционерлер эртең Рысалиев менен Турганбаевди, бүрсүгүнү Атахановду кетсин деп чыгышарын, анан Кыргызстандагы коррупция менен Акаев менен Бакиев келип күрөшүп берерин айтып жаны кашайды журналист Баратбай Аракеевдин.

“Алиби” гезити Кечээ “westi.kg” сайтына маек курган саясатчы Азимбек Бекназаров Камчыбек Ташиевдин абийирин айрандай төккөнүн, убагында Ташиев өкмөттү жалгыз өзү башкарып турган Максим Бакиевдин көзү менен тең айланып жүргөндүгүн, эгер Камчынын башкы максаты өкмөттү жөндөн жөн эле алмаштыруу болсо, анда алар Максим Бакиевди бийликке кайра алып келгени жатканын билдиргенин жазып чыкты.

Бекназаров аягында “Өкмөт менен президенттин иш баштаганына болгону 3-4 ай гана болду. Мен деле айрым маселелер боюнча алардын ишине канааттанбайм. Бирок биз убагында “Бакиевди “мына эми иштейт” деп жылдар бою күтүп келбедик беле? Анда азыр эмне үчүн буларга убакыт бербейбиз? Учурдагы кырдаал менен ал кездеги кырдаал таптакыр башкача болчу. Жөн эле элди чогулта калып, революция жасайбыз деп ойлоп жатышса керек, бирок чоң жаңылышат. Бүгүн дегеле революция жасаганга эч кандай себеп жок” деп айтты Азимбек Бекназаров деп маалымдады бүгүн жарык көргөн “Алиби” гезити аркылуу.

“Фабула” басылмасы ошону менен бирге эле мурдагы депутат Алишер Мамасалиев “Ош шаарынын мэрлигине Алтынбек Сулайманов даярданууда. Мелис Мырзакматов өкмөткө жаңы кызматка келгени жатат” деп жазып чыкты деп кабар таратты.

Ушул эле санга маек курган депутат Камчыбек Ташиев: “Бабанов менен атайын столго отуруп сүйлөшкөн эмесмин” деген ат менен маек берип, Бабанов менен жолукканы чын экенин, бирок аны менен коомдук жайда гана жолукканын, Бабанов тууралуу көп фактыларды билерин, Жалал-Абадда өтө турган митингге канча киши келерин айталбастыгын, бирок көп эл чогулат деп ойлоорун сөз кылды.

Журналист Мирлан Алымбаев белгилүү журналист, азыркы учурда АКШда жашап турган Бермет Букашева менен маек курду. Маек “Медет Садыркулов Кайрат Назарбаев менен жолукмак...” деген аталыш менен жарык көрдү. Анда Медет Садыркулов, Руслан Шаботоев, Мелис Эшимканов, Жаныш Бакиев жана башкалар жөнүндө сөз болот.

Белгилүү журналист Бөкөнбай Боркеевдин “7-апрель. Манастын урпактары. Чолпонбайлар” деген макаласы да “Фабула” гезитинин ушул санда.

“Алиби” гезити 7-апрелдеги революциянын катышуучусу Асылбек Чолпонбаевдин “Революцияны эл жасады, жемишин бакиевчилер көрүп жатат” деген маеги менен ачты.

7-апрель тууралуу сөз Темирбек Алымбековдун макаласында да баяндалды.

Оппозициянын көмүскө “дирижеру” аталган Үсөн Сыдыковдун кабагы Баткендеги митингден кийин ого бешбетер түнөрүп, ошол бойдон ачылбай жатканын кабарлады.

“Алиби” гезитине саясатчы Эдил Байсаловдун “Атамбаев менен Бабановдун мамилесин бузганга кызыктар күчтөр көп” деген ат менен маеги тартууланды.

Байсалов маегинде парламенттик система, оппозиция жөнүндө сөз кылды. Ал ошондой эле Атамбаев менен Бабанов бирин бири сыйлаарын, Атамбаев Бабановго жакшы иштегин деп талап коюшу мүмкүндугүн, Бабанов чынында эле жакшы иштеп жатканын белгиледи. Ал акырында 7-апрель революциясы тууралуу да сөз кылды.
XS
SM
MD
LG