Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Бүгүнкү баяндама “Дело №...” гезитине жарыяланган макалалардан турмакчы.

“Митинг митинги менен, бирок мындан ары Кыргызстанда төңкөрүш болбойт” деп журналисттер менен жолугушууда айткан президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүн шилтеме кылуу менен “Дело №...” гезити бүгүнкү жаңы санын ачты.

Гезит президенттин “Бийликти каалап тургандарга айтаарым, азыр жергиликтүү бийликтерге шайлоо болуп жатат, 3 жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөт, 5 жылдан кийин президенттик шайлоо болот. Ошондуктан бийликти кааласаңар бир азга чыдай тургула дээр элем” деген сөзүн мисалга келтирди.

“Эмне үчүн Бишкектин жолдорунун тамтыгы чыккан?” деген теманын алдында аты-жөнүн Алмаз деп атаган жол куруу инженеринин маеги жарыяланды.

Гезит муну менен бирге Бишкек шаарынын 19 трассасын куруу жана кайра калыбына келтирүү үчүн казынадан 419 миллиондон ашуун сом жумшалганын, бирок бул акчага курулду деген жолдун жарымынан көбү бир жылга жетпей талкаланып аң-чөнөккө айланганын, жолдор баягыдай эле эптеп-септеп эле курулуп келатканын, Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун отставкасын талап кылгандар барган сайын арбый баштаганын кабарлады.

“Укук коргоочулар кимге эле мынча чуу салып жатышат?” деген маалыматты басты. Кыргызстанда адам укугу бузулуп атат деп чуулдашкан укук коргоочулардын көңүлү көп учурда өтө оор кылмыш кылган, талап-тоногондугу же киши өлтүргөндүгү үчүн кесилген адамдардын кызыкчылыгын коргоого бурулаарын, мисалы “Эркиндиктин үнү” деп аталган укук коргоочу коомдук фонд жакында Бишкектин СИЗОсунда жаткан Абдрахман Мамаяров деген адамды тергөө учурунда инсульт алды, ошондуктан ал врачтын көзөмөлүндө болуш керек деп колдоого алып, алтургай ага адвокат жалдап берегенин кабарлады.

Ошентип укук коргоочулар адам укугу деп коюп, чындап укугу бузулуп жаткан карапайым адамдарды эмес, так ошол күнөөсүз адамдарды талап-тоноп, алтургай өлтүрүп салып түрмөгө түшкөндөрдүн укугун коргомойду адат кылып алышканын жазды. Мунун бир далили катары 56 жаштагы Абдрахман Мамаяров деген адамдын камалышын мисалдады. Бул адам маңзат сактагандыгы үчүн камакка алынганын, тергөө учурунда ал Сокулукта жашаган Сергей Славский аттуу бизнесмендин үйүнө талап-тоногондугу аныкталгандыгын, Мамаяров убагында Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна кирип, бүтүндөй уйгур диаспорасынын “смотрящийи” болгондугун жазып чыкты.

“Дело №...” гезитинин бүгүнкү санына өкмөттүн аппарат башчысы Төрөгул Беков менен маек басылды.

Беков “Мекен шейиттеринин” жетекчиси айткандай ал Бакиевдин жакын да, алыс да тууган эместигин, болгону Сузактын Көгартынан болорун, Бакиевдин көп сандаган жардамчыларынын бир катары 2 ай гана иштегенин, ага чейин Акаевдин президенттик админстрациясында 3 жыл иштегенин кеп кылды.

Оппозициянын түштүктөгү митинги тууралуу сөзүндө Төрөгул Беков оппозиция дароо эле өкмөттүн отставкасын талап кылып атканын, бир өлкөнүн жаңы эле түзүлгөн өкмөтү тургай бойго бүткөн бала да эненин курсагында 9 ай жатарын, демек ай сайын өкмөттү алмаштыра бергендин зыянынан бөлөк эч кимге пайда жок экенин айтты.

“Дело №...” гезити бүгүнкү санына ошону менен бирге эле “Качып жүргөн Алманбет Анапияев өлкөгө келгиси келет, бирок түрмөгө отуруш үчүн эмес, дүйнөлүк чемпионатты өткөрүш үчүн” деген темадагы макаласын жарыялады.

Дал ушундай жаңылык өткөн жумадагы бир басма сөз жыйынында айтылганын, анткени Эл аралык “Алыш” деп аталган күрөш федерациясынын президенти ушул кезге чейин Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Алманбет Анапияев болуп саналарын белгилеп: “Анапияевдин издөөдө жүргөнүн кантип эле билишпесин? Алтургай басма сөз жыйынын өткөрүп жаткандардын бири, Эл аралык “Алыш” күрөш федерациясынын генералдык катчысы Владимир Гришенков “Анапияев азыр Дубай шаарында өзүнүн офисинде отурат. Эл аралык бул мелдештин аброюн көтөрүү үчүн өзүнүн айланасына жакын санаалаштарын жана сүрөөнчүлөрдү топтоо менен өз каражатын да кошуп жатат” деп айтканын шилтеме кылды.

Чет өлкөлүк спорт ишмерлеринин жогорудагы айткандарына түшүндүрмө берген ички иштер министринин орун басары Мелис Тургунабаев “Каяктагы чемпионат?! Анапияев өлкөгө баш багары менен камакка алынат” деп айтты.

Генерал Мелис Турганбаев андан аркы сөзүндө: “Мен “Алыш” аттуу эл аралык күрөш федерациясы деген бар экенин билбейм, бирок мени таң калтырганы өмүр бою түрмөдө отура турган адамдын мына ушундай дүйнөлүк маанидеги мелдешти өткөрөм дегени болууда. Анын финансылык жолу эбак буулуп ташталган, мүмкүн ушундай жол менен Анапияев өзүнүн кадырын көтөргүсү келип жатса керек” деп маалымдады.
XS
SM
MD
LG