Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Суроо


Гезиттер өлкөнүн ички турмушундагы окуяларды окурмандардын ой элегине салды.

“Асман преss” гезити депутат Туратбек Мадылбековдун “Салянованы кетирип коюу менен иш бүтүп калбайт” деген маегин окурмандарга тартуулады. Пирматов жөнүндө сөз кылган депутат Башкы прокуратуранын айтып атканы тууралыгын, тергөөдө далилдүү материалдар барын, бир гана Пирматов эмес, бардык жеп-ичкен чиновниктер, мейли бир канча жыл өтсө дагы жооп берет деген талап коюлганда гана коррупционерлер коркоорун кеп кылды.

Ушул эле гезиттеги К. Болотбековдун макаласы “Оппозициянын көмүскөдөгү “баштыгы” Ширшовбу?” деп аталып, “Кыргызстандын жаңы күчтөрү” деп аталган кыймылдын башчысы команданы Бекмурзаев Доскулдан алганын, ал эми Доскул деген адам убагында чуулгандуу энергобарон Ширшовдун оң колу, Максим Бакиевдин табакташы болгонун, ошол эле маалда канчалык жер чапчып, карганганы менен Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаровдардын Таластагы митингге катыштыгы бардыгын Талас эли өзү айтканын белгилеп: “Демек Камчыбек менен Адахан эптеп эле бийликке жетиш үчүн Кыргызстанды мамлекет катары талап-тоноп кете бергендердин көч башында турган Алексей Ширшовго күнү түшүп, анын арам акчаларына азгырылып жатса, анда иштин бүткөнү экен да, анан ушундай оппозицияга ишеним артууга болобу?” деп суроо койду.

“Шор” деген макала менен жаңы санын ачкан “Де-факто” гезити коррупцияга каршы күрөш жөнүндө сөз кылып, бийлик аны катуу пиар кылган менен Салянованы жаакка чапкандай кылып, парламент ынтымактуу түрдө коррупционерди сактап калды, эми “катуу оору” деп соттолгону жаткан Мурат Суталинов ооруканага жаткырылып, бирок журналисттер аны ал жерден таппай жатканын, бийлик буга да үн катпай олтурганын белгилеп: “муну да качырып жиберип, шору калың элдин шорун ого бетер кайнатпагыла!” деп эскертти.

Ошто өзүн өзү өрттөгөн адам тууралуу жазды. Адахандын артисттик өнөрү күч алганын, депутат Камчыбек Ташиев: “Эгер резиденциядагы жолугушуу түз эфирден көрсөтүлсө бармакпыз. Сүйлөшүүнү алдын ала жаздырабыз деп чыкканынан барган жокпуз, КТРКда түз эфирге чыкса качан болсо жолугушууга даярбыз. Муну Өмүрбек Бабанов кандай чечсе ошого жараша болот”, - деп айтканын кабарлады.

“Ширшовдор азыркыга чейин Кыргызстанды миллиондогон сомго отургузуп атат” деген сөздү маегинде депутат Райкан Төлөгөнов айтты.

Садыркуловдун үй-бүлөсүнүн адвокаты Леонид Лужанский маегинде "Актоочулар айрым айыпталуучуларды бошотуп алууну көздөп атышат” деп айтып, буга карата өз далилдерин келтирди.

“Айат” гезити маданият министри Ибрагим Жунусовго Москвада “Звезды содружество” сыйлыгы ыйгарылып, 70 миң доллар алып келгенин, кечээ “Манас” аэропортунан депутат Ахматбек Келдибековдун тапанчасын жанына салып жүргөн жаран кармалганын, Келдибеков бул окуяга капаланып, болгон күчүн, таанышын салып жатканын, демек бул жерде бир балаа бар экенин жазып чыкты.

Депутат Камчыбек Ташиев маек берип:”Биз бийликке саясый жол менен келебиз, айрыкча түштүк жергесиндеги элдин көбү митингдерди колдоп, өкмөттүн остставкасын талап кылууда” деп айтты.

Экс-депутат Бегалы Наргозуев маегин “Баары Бакиев менен иштешкен, кызматтан куулгандар дароо оппозицияга жүгүргөн” деген ат менен жарык көрдү.

“Параграф” гезитиндеги макаласын Жума Асанбеков “Бакиевчилерди бакырткан демократияңа баракелде!” деп атап, оппозициянын бүгүнкү жүзүн, деңгээлин, баягы эле элге тааныш ырын ырдап жатканын сынга алды.

Ушул эле гезиттеги экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин маеги экономикалык билим жөнүндө болду.

“Учур” гезити “Дасмия” этнографиялык комплексинде буга чейин мындай чоң боз үйдүн түндүгүн көтөрүү боло элегин, анан ушул ишембиде түндүк көтөрүү болорун, түндүктүн салмагы эле 40 тонна экендигин, Бабановдун “териси” талашка түшүп жатканын, наристе кыздарды зордуктаган аңгилер арбыганын, бирок бийлик буга дале унчукпай жатканын, Аламдүн районундагы 8 жашар наристени “шоколад” берем деп алдап барып зордоого аракет кылган Н. Ялама деген ошол райондун тургуну мурда 25 жыл түрмөдө олтуруп чыккан адам экендигин маалымдады.

“Учурдун” ушул эле санына айтылуу ишкер Сазыкбай Турдумалиевдин демөөрчүлүгү менен коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун “Бийлик эл менен эсептешпесе, элдик ыңкылаптар боло берет” деген аталыш менен бир беттен турган ачык каты жарык көрдү. Кат президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңешке, бийликти колдогон жана колдобогон саясатчыларга багышталган.

Улуттук ат оюндар федерациясынын президенти Соотбек Токтогазиевдин “Манаска шек келтирген окумуштууларды жоопко тартуу шарт!” деген ат менен бийлик башчыларына кайрылуусу жарыяланып, анда автор “салттуу жана салтсыз “Манас” деген сөзгө жаны кашайып, буга чейинки окумуштуулардын жарык көрүп келаткан макалаларын сынга алды.
XS
SM
MD
LG