Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Кырдаал


Гезиттер өлкө ичиндеги ар түрдүү окуялар тууралуу ар кыл өңүттөгү макалаларды тартуулашты.

“Жаңы агым” гезити, “Эртеңден тартып митинг-пикеттер башталабы?” деген кабарында “Адилеттүү келечек” деп аталган кыймылдын туусу астында бириккен бийлик оппоненттери эртеңден тартып жер-жерлерде митингдерди өткөрөрүн, саясий акция эртең Нарында башталарын, аны оппозициянын атынан кадимки Бекболот Талгарбеков, депутат Нариман Түлеев уюштурат деген сөздөр барын, ал эми 25-апрелде Балыкчыда митинг болуп, анын “алып баруучулары” “Апрель баатырлары” деп аталган коомдук бирикменин лидери Турусбек Сагынаев менен депутат Садыр Жапаров болорун, буларга экс-башкы прокурор Байтемир Ибраев менен ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгемебердиев өңдүү экстер көмүскө жерге көрүнбөй туруп алып көмөк көрсөтөт деген кеп тараганын, бийликтин бул өңдүү “абысындары” митингде өкмөттү кетирүү, конституциялык реформа, 2010-жылдагы апрель, июнь окуяларынын күнөөкөрлөрүн жазага тартуу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушун токтотуу, алтын кен иштеткен ири компаниялардын финасы маселесин карап чыгуу өңдүү талаптарды койо тургандыгын маалымдады.

Ушул эле гезитте белгилүү публицист Алым Токтомушевдин мурдагы санга жарыяланган макаласынын уландысы “Дөңгөлөк-2” деген аталыш менен жарык көрдү.

“Фабула” гезитинин бүгүнкү санындагы журналист Алмазбек Темирбек уулунун жолугушпай калган “жолугушуу” тууралуу макаласында: “20 жылдан бери оппозиция менен бийлик сүйлөшпөй жүрдү беле? Бакиевдин учурунда да жолугушкан. Эки тарап сүйлөшсө эле элдин турмушу оңолуп кеткенин ким көрдү эле? Эки тараптын тең бетине кармаганы эл. Бир гана айтаарыбыз оппозиция жолугушуудан качпай деле койсо болмок, анткени Алманбет Шыкмаматов менен Зарылбек Рысалиевден башкаларынын баары Бакиевдин убагында чоң кызматта турган эски табакташтары болучу. Көз карандысыз эксперттер ансыз деле Кыргызстан 3-революцияны көтөрө албастыгын, эгер дагы чаң-тополоң болсо Кыргызстан мамлекет катары картадан жок болуп кетерин баса белгилеп жатат. Кээ бир бизден көп калкы бар канчалаган эл ушу тапта Ата Мекени жок, көрүнгөн өлкөлөргө көзүн сатып “тентип” жүрөт. Эми баары бүтүп, кыргыз элине ошол мамлекети жок калуу трагедиясы жетпей жатабы?” деп жазды.

Ушул эле “Фабула” гезитине Баратбай Аракеевдин соттор тууралуу, Үсөн Касыбековдун Кыргызстан менен Орусиянын экономикалык алакалары тууралуу, Айбек Шамшыкеевдин “Азамат Арапбаевдин көз бойомочулук ишмердүүлүгү иликтөөгө алынабы же жабылабы?” деген макалалары, депутат Ыргал Кадыралиеванын “Жаныш Бакиевди айтып, “акемдин колу чыканагына чейин кан болуп кетти” деп аталган маеги жана башкалар жарык көрдү.

“Алиби” гезити Болотбек Таштаналиевдин “Президенттин колтугундагы коррупция” аттуу макаласында президенттин иш башкармалыгынын ишмердүүлүгүн талдоого алып, башкармалыктын жетекчилери К. Коеналиев жана Т. Карыбековдордун оозеки көрсөтмөлөрүнүн негизинде кыйла кыңыр иштер жасалып жатканын мисалдар менен далилге тартты. Автор президенттин иш башкармалыгын “мамлекет ичиндеги мамлекет” деп атап, президент А. Атамбаев коррупцияга каршы айосуз күрөш жарыялап жатса, анын колтугунда турган Иш башкармалыгында коррупциялык схема иштеп атканын, мындай иштерге Коеналиев өзү аралашып, финансылык тартипсиз иштерди күч органдарына билгизбей жаап-жашырып келатканын, аны президент балким билбестигин, эгер билсе сөзсүз башкача болмоктугун шардана кылды.

Депутат Чолпон Султанбекова маегинин атын “Атахановдой адамдар улуттун коопсуздугун коргой албайт” деп атап, бир топ маселелерди коюу менен, Кыргызстанда диний экстремизмге, башаламан секталардын кирип алып, Миниюстан каттоодон өтүп алып, жакшынакай жайгашып алып, жаштардын, жарандардын башын айлантып жатканын, ошол эле убакта Шамил Атаханов башында турган Улуттук Коопсуздук комитети буга каршы күрөш жүргүзмөк тургай, ишин баштай электигин белгиледи. Депутат айым андан ары МАИ кызматкери Эшпаевдин белгисиз өлүмүн, апрель, июнь окуяларындагы көзгө атарлар, Бүргөндү тууралуу бир топ сөз айтуу менен Улуттук коопсуздук кызматын катуу сынга алды.

Чолпон Султанбекова парламенттик бшкаруу, коалициялык өкмөт деген да ага жакпай калганын, партиялар иштин көзүн билген-билбегенине карабай эле өз кишилерин кызматка койо берерин, мындан мамлекет гана уттуруп жатканын, айтайын десе тил кыскалыгын, бирдеме десе эле “анда коалициядан чыгып кетебиз” деп коркутушчу болгонун, анан жаңы эле туруктуулук болуп келатса деп унчуга албай калып келаткан учурлар арбын экенин кеп кылды.

Ушул эле “Алиби” гезитине бийлик башындагыларга багышталган “Бир тууганчылыкка, жердешчиликке жана партиялык-кландык башкарууга каршыбыз!” деген аталыштагы кайрылуу кат басылды.
XS
SM
MD
LG