Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Гезиттер дагы бир жолу коррупция менен күрөшүү жолун бийликтин эсине салды.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Өлүм жазасын киргизүү керек!” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Дүйнөдөгү эң кубаттуу деген Кытай менен Америкада өлүм жазасы колдонуларын мисалга тарткан автор былтыр май айында Ош шаарынын Заводской көчөсүнөн 6 жашар кыздын сөөгү табылганын, соттук экспертиза, кызды адегенде өлтүрүп анан зордуктаганын аныктап чыкканын, тирүүнү зордуктайт, ал эми өлгөн сөөктү зордуктаган айбандын айбанына эмне деп айтаарыңды да билбейсиң. Мына эми жакында ошол 26 жаштагы аңги болгону 13 жылга кесилип, 6 жылда бошогонун, ушундай гумандуулукту биздин баш-аягы жок өлкөбүз демократиянын терисине жамынып жасап келатканын, өлүм жазасы кирмейин тартип болбой тургандыгын жазып чыкты.

Журналист Эртабылды Аттокуров апрель окуясына байланыштуу созулуп келаткан сот иши тууралуу кеп кылып, “бизде бийлик, сот, прокуратура, милиция жана башка уюмдар криминал менен биригип кеткендигинен кабар бергенсийт. Демек окуянын башкы күнөөкөрү болгон Бакиевдер да, адам канын төккөн башкалар дагы эч качан кармалбайт, эч качан жоопко тартылбайт. Себеби, чиновниктерибиз өзүнүн жолун “бийлик эч качан сотко кысым жасабайт” деген шылтоону энесинин этеги катары пайдаланат, анткени эртең ушундай кырсык өз баштарына түшүп калса, жооп берүүдөн коркушат. Иштин атайылап создуктурулуп келатканы ушундан болууда” деп жазып чыкты.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков депутаттардын цивилизацияланган парламентраизмге камылгасы жоктугун, анын ордуна орунсуз опурулуу, курулай демагогия басымдуу кыларын белгилеп, аны депутат Улукбек Кочкоровдун мисалында баяндоо менен сынга алды.

“Алиби” гезити жаңы санын журналист Бабырбек Жээнбековдун “элита деген ким?” деген суроонун айланасындагы макаласы менен ачты, автор окурмандардын назарын бир катар жүйөөлүү пикирлерге бурду.

Журналист Мирлан Кулбаевдин “Пирамида... Пирамидалар” аттуу макаласында Бишкек шаарында карапайым калктын капчыгына кол салган фирмалардын саны арбып баратканы туурасында сөз болду. Биздин мамлекеттик органдар элди алдап жаткан авантюристтик фирмалар менен күрөшүүдө өтө эле бечара болуп жатканын, анткени көз боёмочулук фактысы менен кармалган адам Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Жаза кодексине ылайык болгону бир жарым миң сом гана айып пул төлөрүн, эгер алдангандардын баары чогулуп апкелип арыз жазса араң 1 жылга кесилерин мисалга тартып, бийликтин көңүлүн ушул куйту иштерди курутууга бурду.

“Биз Мекенди коргойбуз, бизди ким коргойт?” деген аталыштагы ачык кат бийлик башындагыларга багытталды. Кат Баткен коогалаңына катышкан нарындык ардагерлер тарабынан жазылып, Баткен окуясына саясый баа берилбей келатканын белгиледи.

Журналист Тынчтыкбек Алтымышев коррупция менен күрөшүү маселесине токтолуп, кыргыз бийлиги коррупциянын тамырын кыркабыз деген менен анын айбалтасы ташбалтага айланып, мокоп бүткөндүгүн, анткени катуу дымак менен башталган иштин дымып калганын белгилеп, Гонконгду мисалга тартты. Маселен 1974-жылы Гонконгдо мамлекеттик аппараттын 90 проценти коррупцияга баткан болсо, 2000-жылы бийлик өкүлдөрүнун болгону 6 проценти гана паракорлукка илээшкени ачыкка чыкканын, Гонконг бийлиги коррупцияга каршы күрөштү ички иштер министрлигинин алдындагы коррупцияга каршы башкармалыкты жоюп, ордуна улуттук комиссия түзүп, жаңы кызматка жалаң жогорку окуу жайларын эң мыкты бүткөн таза жаштарды алып келип, калкынын саны боюнча биздикиндей 5 миллиондун тегерегин түзгөн Гонконгдон 200дөн ашуун коррупционер бир жылдын ичинде кармалып, сот жообуна тартылганын, алтургай коррупциялык схемалардын куйругу Гонконг полициясынын башчысына жеткен кезде ал куйругун кыпчыган бойдон Лондонго кире качып кеткенин, бирок бийликтин болоттой эрки менен аны Лондондон кармап келип түрмөгө тыкканын жазып чыкты.

Ошентип 30 жылдын ичинде Гонконг биз кинолордон көрүп жүргөн мафиоздор менен наркобарондордун өлкөсү эмес, дүйнөдөгү бирден бир таза мамлекетке айланып, эли бакубат жашап келатканын, аймактагы жаштардын келечеги кең экендигин, алар коррупция деген эмне экендигин билбей калгандыгын баяндоо менен бүгүн коррупция менен күрөшүүдө кыргыз бийлиги таяна турган тажрыйбалар дүйнөдө толтура экендигин, бир гана саясый эрк жетишпей жаткандыгын, элден азырынча ишеним кете электигин, ошол ишеним кеткенге чейин президент чечкиндүү аракет көрүп калуусу керектигин бийликтин кулагына дагы бир жолу куюп өттү.
XS
SM
MD
LG