Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Карыздын тарыхы


Жарык көргөн гезиттер өлкөнүн ички жана тышкы турмушу тууралуу жазды.

“Жаңы агым" гезитиндеги журналист Алым Токтомушевдин сандан санга жарыяланып келаткан макаласы бул жолу “Дөңгөлөк-2” деген ат менен тартууланып, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы алакалардын тамыры иликтөөгө алынды.

Автор Кыргызстандын Орусияга кантип 185 млн. доллар бересе болгондугунун сырын ачты. Алым Токтомушев аталган макаласында биздикиндей эле аскер базасы бар Тажикстанды мисалдап, орустар Тажикстандагы эки аскер базасы үчүн тажиктердин мойнунда келаткан мурдатан берки миллиондогон доллар карызын кечкенин, Тажикстан эки база үчүн орустардан дагы 300 млн. доллар сурап турганын, бирок Орусия ошентип башка өлкөлөрдөгү миллиарддаган аласаларын кечкен менен, Кыргызстанга келгенде антпей келатканын, Орусия 93-жылы кыргыз бийлиги кол коюп берген бул аласасын советтик акчанын курсуна ылайык атайын жасалма жол менен жогорулатып отуруп 100 миллион долларга жеткиргенин, бүгүн ал 185 млн. долларга чыкканын, мындай догу домоктуу доодон кутулуш үчүн кыргыз бийлиги орус бийлигине сунуш кылбаган ишканасы калбаганын кеп кылды.

Автор ушул жерден Беларус президенти Александр Лукашенконун элине кайрылып: “Мен силерге биринчи жолу ачык айтайын. Орусия 90-жылдын ортосунда бизди алааматтан аман алып калган МАЗ, БелАЗ өңдүү ишканаларыбызды приватташтырса да мейли эле, прихватташтырып алгысы келип жатат” деп айтканын, ошондой эле Орусияга миллиарддаган карызын Украина да бербей койгонун шилтеме кылды.

Нурканбек Керимбаевдин “Жаңы агымдын” жаңы санындагы макаласы “Тырыңдамыш эткен коалиция, бакылдаган Бабанов” деген аталыш менен жарыяланды. Алдында курама өкмөттүн 100 күндүгү жөнүндө ой-пикирлердин топтому бар.

Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусовдун гезит кабарчысы менен маеги “Наам сурагандар, юбилейимди өткөр дегендер тажатты” деген ат менен жарыяланды.

Министр мырза кабарчынын алгачкы суроосуна жооп берип, “Шериктештик жылдызы” сыйлыгын “Эламан” деген ыры үчүн алганын, достукту, биримдикти чыңдоого кошкон салымы үчүн берилген мындай сыйлыкты Азербайжандын президенти Илхам Алиев да алганын айтты. Ошондой эле “Манас” үчилтиги ЮНЕСКОго жөнөтүлгөнүн, концерттердин сапатын жакшыртуу боюнча эксперттик комиссия түзүлгөнүн, анын башында эл артисти Түгөлбай Казаков баштаган маданият ишмерлери турарын, маданият жаатында байланыш күчөп, биздин өлкөдө Орусиянын, Ирандын, Грузиянын, Азербайжан менен Түркиянын маданият күндөрү өтөрүн айтып берди.

Ушул эле санда “Батыровдун белгилүү-белгисиз барактары” деген макала да бар.

“Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити “Өкмөт убада кылган 100 күндөн майнап чыктыбы?” деген макаласы менен жаңы санын ачып, Бабановдун 100 күн ичинде аткарылат деген убдаларынын көбү кагаз жүзүндө калганын, өкмөт айрыкча коррупция менен күрөшүүдө алсыздык кылганын жана башка кемчиликтерине кенен токтолду.

Президенттик аппараттын өнүгүүгө стратегиялык талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиев “Фабуланын” суроолоруна жооп берип, “Ганси” авиабазасын кеп кылды. Бул маселеде Орусия менен АКШнын кызыкчылыгы барын, чын-чынына келгенде Орусия, АКШ, Кытай үчөө тең эле Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлобостугун, бирок кандай болгон күндө дагы АКШнын базасын чыгарууда терең ойлонуп иш кылуу керектигин айтты.

Президенттин коррупция менен күрөшүү маселесине кайрылган Орозбек Молдалиев коррупционерлерди депутаттар актап жатканын, Исках Пирматовду көз көрүнөө актагандын ордуна “бар актанып кел” деп прокуратурга жиберсе болмогун, былтыр “Ата Мекен” партиясы өкмөт башчысы Бабановду күнөөлүү дегенде президент Атамбаев “бар актанып кел” деп парламентке жибергенине токтолду. Атамбаевдин тышкы саясаттагы Орусия башчылары менен тең ат сүйлөшкөнүн эрдик деп баалады.

Ушул эле санга “Муфтияттын антикоррупциялык реформасы президенттик жана парламенттик коргоого муктаж” деген ат менен муслман аксакалдарынын, дин өкүлдөрүнүн, ажылардын кайрылуу каты басылды.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев менен жолугушууга келбей койгон ички иштер тармагынын мурдагы жетекчилерине байланыштуу макала да жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG