Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

Таш


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов
Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов

Кыргыз гезиттери өкмөттүн 100 күндүгүн сынга алган макалаларга басым жасады.

“Айат” гезити күндөлүк тирчиликтин арабасын тартып, кыйналганына кайыл болуп, жакшылык менен, үмүт менен жашап жаткан калк чарчабай, капчыгы калың Бабанов чарчап отпуске алганын, балким аны “Мегаком”, ФОС, “Кыргызнефть”, Текебаев, Шадиев, Пирматов, коррупция чарчатты көрүнбөйбү, кетип баратып ММКны ооздукташ керек!” деп бакырып алды деп какшыктады.

Ушул эле гезит менен маектешкен саясат талдоочу Табылды Акеров депутаттар парламентти добуш сатып бизнес кылуучу базарга айландырышканын, эл бүгүн парламентке, оппозицияга караганда Атамбаевге, Текебаевге көбүрөөк ишенерин, ошол эле учурда өкмөткө ишенбестигин, себеби өкмөттө эски бийликтин өкүлдөрү арбын болгондуктан эл өкмөттүн курамына ичи чыкпай калганын айтты. Оппозиционерлер тууралуу сөзүндө Табылды Акеров, Ташиев, Келдибеков, Мадумаровдор эски бийлик учурунда калыптанган саясатчылар болгондуктан ошол системаны жактырарын белгиледи.

“Де-факто” гезити “Бакиев чапкан жол менен “Кыргызтелеком” сатылып кетеби?” деген жалпы теманын алдында макала жарыялады. Мамлекеттик мүл фонддун жетекчиси Марат Иманкулов менен депутат Дамира Ниязалиева “Кыргызтелекомду” сатпаш керек деп чыкты.

Депутат Ахматбек Келдибеков маегин “Бабановду жоопкерчиликке тартыш керек” деп атап, быйыл коммерциялык банктар баалуу кагаздардын процентинен 800 млн. сом пайда көрсө, мунун ичинен Бабанов АКБ “Кыргызстан” банкы аркылуу 104 млн. сомго баалуу кагаз алып пайдасын көргөнүн шардана кылды.

Депутат Исмаил Исаков маегинде “Атамбаевди кошоматчылар курчап алды” деп айтса, акыйкатчы Турсунбек Акун Анвар Артыковду сотко бергенин билдирди.

“Де-факто” гезити декларацияларында жадагалса үйү, эчтекеси жок, ооздорун куу чөп менен аарчыганга маш кыргыз атка минерлерлери эми миң доллардан сайып, ат чаап чөнтөктөрүн кампайта баштаганын, ат чабышка сала турган аты бар, бирок миң доллары жоктор оюнга катыша албай калганы тууралуу “Бабановдун байталы....” деген сүрөттүү макалада баяндалды.

“Учур” гезитине депутат Каныбек Иманалиевдин “Экономика популисттерди сүйбөйт, Бабанов жаңылышат” деген аталыштагы маеги жарык көрдү. Быйыл акыркы 20 жылдын ичинде Кыргызстандын ички карызы 12 млрд. 800 миң сомго өскөнүн, бул карызды өкмөт кантип жабары белгисиз бойдон калып келатканын, инфляция 116 процентке жеткенин, бул деген КМШ өлкөлөрү боюнча эң чоң көрсөткүч экендигин ачыкка чыгарган Каныбек Иманалиев Бабанов өзүнүн 100 күндүк отчетунда экс-президент Роза Отунбаеванын Улуттук китепканага берген жардамын киргизип алганына таң калганын, муну мамлекетти сыйлабаган гана киши жасарын, өкмөттүн программасында дүйнөдөгү эң керектүү деген суу боюнча долбоордун жоктугун сынга алды. Каныбек мырзанын айтымында, акыркы 50 жылда бензин 10 эсе кымбаттаса суу 1000 эсе кымбаттаган, ошол эле коңшулаш жашаган Тажикстан суу долбоорун түзүп, сууну араб өлкөлөрүнө түтүк менен жеткирүүгө аракеттенип жатканын, а бизде эмдигиче ал тууралуу ой да жоктугун, Бабанов көбүнчө популизм менен алек болуп жатканын сынга алды.

“Параграф” гезити жаңы санын журналист Азизбек Келдибековдун беш министрге мүнөздөмө берген “Беш ырайы” менен ачты.

Данияр Шабдановдун көлөмдүү макаласы “Манас” - Кыргыз элинин тарыхый улуу мурасы” деп аталды.

Ушул эле “Параграф” гезитине жарыяланган журналист Жума Мамбетовдун макаласы “Мамлекеттик маанидеги маараке өтөбү?” деген ат менен жарык көрүп, анда быйыл 100 жашка толгон улуу жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу кеп кылды. Журналист Жогорку Кеңештин токтомунда белгиленген жазуучунун эстелигин Эркиндик гүлбагына тургузуу, борбордун бир көчөсүнө атын ыйгаруу, үй-музейин уюштуруу, китептерин кайрадан чыгаруу маселесине окурмандардын көңүлүн буруу менен Түгөлбай Сыдыкбековдун мааракесин мамлекеттик деңгээлде өтөт деген иш-чаралардан азырынча дайын жоктугун, Түкөмө тең келбеген адамдардын деле мааркелери мамлекеттик деңгээлде өтүп келатканын айтып кейиди.

Журналист ошондой эле азырынча президентке караштуу тил комиссиясы тарабынан 14-майда Бишкекте улуу жазуучунун 100 жылдыгына байланыштуу чоң иш-чара өткөрүлөт деген жакшы кабар бар экенин да кошумчалап кетти.

Ушул эле “Параграф” гезити “Кыраандар” деп аталган жаштар кыймылынын президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго багышталган кайрылуусу “Улуттун генефондун урология борбору сактайт” дегн ат менен тартууланды.
XS
SM
MD
LG