Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Гезиттер өлкөнүн саясий, социалдык турмуш тууралуу макалаларга басым жасады.

Жаңы жарык көргөн “Жаңы агым” гезити “Кайрадан митинг” деген кабарында келаткан шейшемби күнү борбордук аянтта митинг өтөт деген кабар алганын, нааразылык акциясына 93-жылкы Конституцияны алып келүү, “Манас” транзиттик борборун чыгаруу маселелери коюлат деп атканын, митингдин уюштуруучусу “Кыргызстандын жаңы күчтөрү” деп аталган кыймылдын көшөгө артындагы кожоюну Акматбек Келдибеков экен деген кеп чыкканын, ошону менен бирге эле Бишкектин көчөлөрүндө “Кыргызстандын жаңы күчтөрүнүн” коррупцияга каршы айоосуз күрөш жарыялаган жазуулары илине баштаганын кеп кылып: “Башка бирөө айтса да унчукпайт элек, Келдибековдун коррупциянын өпкө-жүрөгүн жулам дегени кичине чындыкка коошпой, борбор шаардагы ага караштуу деген сауналар, кабат-кабат имараттар, бизнес булактары кантип пайда болгону түмөн ойду жаратууда” деп жазды.

Журналист Алым Токтомушев “Кайда?” деп аталган макаласында буга чейинки Акаев менен Бакиев бийлигинин “кайда” барып, “кайдан бүткөнүн”, тагыраак айтканда бизди “чеңгелдеп” турган кудуреттүү державалар менен алака-мамилесин талдоого алды. Канча жолу “чыгат-чыкпайт” оюнунда келаткан АКШнын аскер базасы жагдайына токтолду. Эч нерсе төлөбөй, бирок бардык турган турмушунан бери Кыргызстан багып келаткан Орусиянын төрт аскер базасына караганда АКШнын аскер базасы Кыргызстан үчүн инвестиция коопсуздугунун гаранты болуп келатканын, база ачылган күндөн бери эле турган акысы үчүн Кыргызстанга 1,4 млрд. доллар төлөгөнүн биздей “кычкыл патриоттор” менен кыргызбай саясатчыларга кулак кагыш кылды.

2011-жылдын 9 айында эле таза кирешеси 109 миллион пайда берген “Мегакомду” 108 млн. долларга сатам деген абийрсиздик болорун, эгер аны сатып жиберсек тарых кечирбей турганын депутат Каныбек Иманалиев айтып чыкканын бүгүн жарыкка чыккан “Фабула” гезити маалымдады.

Ушул эле “Фабула” гезити “Окулбай калган докладдан” деген рубриканын алдында “Коррупция өлбөспү?” деген ат менен депутат Исхак Пирматовдун кол тийбестигин алып салуу боюнча маселе каралып жатканда окулбай калган депутат Өмүрбек Текебаевдин докладын басып чыкты.

Тарых илимдеринин доктору Айнура Арзыматова “Фабула” гезитиндеги маегин “Тестирлөөдө өзбек тилинин колдонулушу Кадыржан Батыровдун аракетинин жыйынтыгы” деп атап, биз бүгүн Акаев менен Бакиевдин “өзүм билем” деген мыйзамдарынан арылышыбыз керектигин, айрыкча улутка таандык жагдайларда жаңы көз караш, жаңы консепция иштелип чыгуу зарылдыгын, Кыргызстандагы бардык улуттар өзү каалаган жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн конституциялык эки тилди билүүгө милдеттүү экендигин айтты.

“Алиби” гезити башкы редактор Бабырбек Жээнбековдун “Сотторду тандоо кеңешинин күн тартибине” деген рубриканын алдында “Мыйзамды оюнчук көргөн судья” деген ат менен макаласы тартууланды. Макалада судья Г. Сатарованын ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болду.

БГУнун ректору, профессор Абдылда Мусаевдин сандан-санга жарыяланып келаткан “Миң жыл жашаган” Түгөлбай Сыдыкбеков” аттуу кызыктуу баянынын соңку бөлүгүн ушул эле гезиттен окуй аласыздар.

Жазуучу Канболот Бердикеевдин Жумгалдан жазган каты “Эсирген Эсенгулов, какшаткан Касмамбетов” деген ат менен жарыяланды. Катта Жумгал районунун акими Талантбек Касмамбетов жана жазуучу Шакин Эсенгулов тууралуу сөз болот.

“Алиби” гезити ошондой эле Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырованын “Бизнесмендерди саясатка жолотпош керек” деген маегин окурмандарга тартуулады. Бөдөш айым бир эмес эки революция жасаган менен экөөнөн тең сабак албаганыбызды, маселен кечээ эле Атамбаевди колдоп келгендер, ошол кездеги оппозициянын жүгүн тартып күрөшкөндөр, ошол кездеги бийликтен көрбөгөн азаптарды көргөндөрдүн айрымдары бүгүн Ак үй менен Көк үйгө кире албай калышканын айтты.

Мамырова Грузияда болуп келгендиктен Грузияны, айрыкча президент Саакашвилинин: “Ишкерлерге бийликти бербеш керек, көп акча кармап, аны айлантып, ири киреше таап калгандын кыныгын алып калган адамдар эч качан андан аз айлык алып иштеген жерде мамлекетке жарытылуу иш жасап бербейт. Ишкерлер өз ишкерлиги менен иштеп, мамлекетти башка адамдар башкарышы керек” деп айткан сөзү жакканын кеп кылды.

Кыргыз эл артисти, айтылуу музыка иликтөөчү Балбай Алагушевдин өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановго ачык каты улуу комузчу Карамолдо Орозов тууралуу көкүрөктөгү көйгөйдү баяндады.
XS
SM
MD
LG