Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Көзүр карталар


Бүгүн жарыкка чыккан “Кереге” гезити жаңы санын “Америка үлгүсү коррупция очогубу?” деген макала менен ачты.

Журналист Элизат Турсунова билим берүү тармагындагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жүрүшүн баяндап, бул программа аркылуу калктын кайсы бир катмары билим алууга жолдомо алганы менен көпчүлүгү ортомчу табалбай, тапса ага берер акчасын табалбай отурганын, кыскасы акчасы барлар окуп, акчасы жоктор көчө шыпырып калган заман келгенин, ушинтип отурса Кыргызстан качан өзүнүн чыныгы таланттуу уулдарын окута турган мезгилге жетери белгисиздигине тынчсызданды.

“Бабановчо башкаруу” деген рубриканын алдындагы Айдар Сарматовдун макаласы “Өкмөт өзү өнүгүү жолунда, элде үмүт жок” деген ат менен жарык көрдү.

“Дело №...” гезити бүгүнкү санын “Эмне үчүн Кыргызстандан качып чыккандарды дүйнө баса калып кабыл алууда” деген баштема менен ачты.

Гезитке Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулунун “Малеванаяны аэропортко түшөрү менен түз эле АКШнын элчилигине алып кетишкен” деген аталыштагы маеги жарык көрдү.

Турсунбай Бакир уулу жакында Грузияга барганда Саакашвилиге 7-апрелдеги революциянын учурунда 80 баланын каны төгүлгөнүн, качып кеткен президент Бакиевдин секретариатынын башчысы Оксана Малеваная экендигин, эми аны Грузия канатына калкалап калгандыгын айтканда грузин президенти: "мамлекет башчысы катары анын биздин өлкөгө кандайча келип калгандыгын мен эмне үчүн билбейм?” деп таң калганын эске салуу менен анын маалыматы боюнча Малеванаянын жашырынышына үч өлкөнүн - Кыргызстандын, Украинанын, Грузиянын акыйкатчылары жардамчы болгонун шардана кылды.

Ушул эле качып кеткендер боюнча көз карашын билдирген саясат талдоочу Марс Сариев Максим Бакиев эл аралык финансы мафиясы менен байланышы бар үчүн Лондондо баш калкалап тургандыгын, бул мафия акыры Кыргызстанды арам акчаны “адалдап” алуунун дүйнөлүк “кир тазалоочу” жайына айландырууну көздөгөнүн, бирок 7-апрель алардын далайды каалаган максатын ишке ашыртпай калганын, мафия менен бекем чырмалган Максим көптү билерин, аны Лондон дагы керекке жарап калбасын деп кармап тургандыгын, бүгүн Лондондо жатып алып Орусияны “чаңдатып” жаткан Борис Березовский, Жаңы-Өзөндү тополоңго салды деп айтып жүрүшкөн казак оппозиционер-күркүлү Мухтар Авлязов бар экенин эстетти.

Марс Сариев ошону менен бирге эле уулу Максимди Лондондо кармап турса, атасы Курманбек Бакиевди баласы өтө эле активдешип кетпесин деп Минскиде кармап турганын, Лондон Борбор Азия менен Жакынкы Чыгыш тынчыбай, ар дайым чаң-тополоң, башаламандык болуп турушун кааласа, тескерисинче Орусия бул аймактардагы туруктуулуктун болушун каалай тургандыгын айтуу менен бирге Акаев менен Бакиев өз өлкөсүнө эми кайра кайрылып келбей тургандыгын, анын үстүнө батыштын чен-өлчөмү менен алганда Акаев да, Бакиев да саясатчылар деп эсептелбестигин, алар болгону уруу башчылары болуп саналарын айтты.

Кабарчынын: -Биздин элита дегенибизге эми ошол Акаев менен Бакиевдин кылган кылыктары сабак болуп жатабы?-деген суроосуна саясат талдоочу:

- Сабак болууда. Албетте коррупция менен күрөшүү оңой болбой жатат. Кыргызстандагы коррупцияны түзгөндөрдүн атасы болгон Акаев аны бийликтин бардык катмарына чейин киргизип жиберген. Акаев менен Бакиевдин тагдыры айрымдар ойлогондой адам суктанарлык эмес. Албетте европалыктар үчүн дүйнөнүн кайсы жеринде жылуу, ыңгайлуу болсо ошол жерде жашаган жакшы. Ал эми кыргыздар үчүн киндик кан тамган жерсиз, тууган-туушкандарсыз жашоо дегендин өзү тозок! Азыр Кыргызстандан качып кетип башка өлкөлөрдө баш калкалап жүргөндөрдү саясаттын картасы менен ойноочулар балким кайсыл бир “оюнда” кереги тийип калабы деп көзүр катары кармап турушат, болбосо алардын биринин да алар үчүн бир тыйынчалык пайда-батасы жок, көзүр карта катары зарылдыгын жоготору менен таштандыга ыргытып таштайт,-деп жооп берди.

“Дело №...” гезити муну менен бирге эле Мурат Суталиновдун күтүүсүз пайда болушу жана Ахмат Бакиевдин күтүүсүз качып жок болушунун сыры бир “түйүнгө” чырмалганын аты-жыты белгисиз бойдон калуусун каалаган эксперт айтып бергенин, анын оюнча Суталинов өтө манилүү деген маалыматтарды билерин, ошондуктан ал Бакиевдер менен атайын кызматтын ортосундагы отто калганын, анан ал баарын таразалап чыгып, кыргыз бийлиги тарапка өткөнүн, анын кайрылып келиши бул жерде жатып алып аракет кылгысы келген Бакиевдердин кландары үчүн оңбогондой сигнал болгонун, мына ушундан кийин Бакиевдерди тынчытуу, аларга келип жаткан акчанын жолун бууш үчүн операциялар жүргүзүлгөнүн, мына ошондон улам Бакиевдер тынчып калганын жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG